ЖИЙДЕШ МЕНЕН КАЙРАТ КАЧАН БААЛАНАТ?

6-мартта Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында 100дөн ашуун коомдук жана маданий ишмерлер II жана III даражадагы "Манас" ордендери, "Данакер" жана "Даңк" медалдары, Кыргыз Республикасынын Эл акыны, Эл артисти, Эмгек сиңирген артисти сыяктуу мамлекеттик наамдарды алышты. Бирок Кыргызстандын атынан чет элдик сынактарга катышып, жеңип, өлкөнү жакшы жагынан тааныткан айрым таланттуу ырчыларыбыздын бул наамдардын бирине да көрсөтүлбөй калышы коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Нааразы болгондордун бири "Тумар" радиосунун жетекчиси Алексей Сидоров: "Биздин эл аралык сынактарга катышып, жеңиш менен кайткан ырчыларыбыз унутта калды. Бийлик өкүлдөрү наамдарды тапшыруудан мурун бул суроонун үстүндө катуу иштеш керек. Баарыбыз билгендей эле "Turkvision" сынагынын жеңүүчүсү Жийдеш Идирисова, "Голос" долбоорунун финалчысы Кайрат Примбердиев сыяктуу ырчыларыбыз өз өлкөсүндө бааланбай жатат. Эл аралык сынакка катышуу үчүн кандай гана эмгек, күч жана каражат кеткенин жеңүүчүлөр гана билет",- деп нааразычылык билдирип чыкты. Инстаграмдагы баракчасына жазылган бул пикир колдоого алынууда.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
ilana
2017-03-15 14:08:21
Мирбек менен Юлия эжекебиз кайсы кыйраткан эмгеги учун алышканын дагы деле тушунбойм. негизи Кайрат туура айткан бизде таланттар бааланбайт деп ошол учун чет элдик сынактарга катышам деп. 30-40 жылдан бери сахнага оз омурун арнаган татыктуу инсандарга бербей кечээги эле жаандан кийинки козу карындарга бере берсе ырчылардын "авторитети " да тушуп калат го))
+2
Kroxa
2017-03-17 14:11:00
ilana,самара гулзада мирбекиер алдыго бир эки ыры менен..ю
0
Nazikbaigazy
2017-03-15 14:41:33
Баарынарга тушунуктуу да, эмгек эмес акча тааныш чон рол ойноп жатпайбы, беттери кызарбай барып алышты $ тологондон кийин албетте алышат, бирок элден уялышса, админ ошол сыйлык алгандардан интервью алгылачы эмне дейт болду экен
+4
admin_superstan
2017-03-15 17:04:40
Nazikbaigazy, саламатсызбы? Суранычыңыз тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
0
aruuke9292
2017-03-15 18:24:53
Наам беруу акыркы айлардын чуулгандуу темасына айланды го,анан да аябай баркы кетти ээлеринен адашып
+1
aksy.koi-tash
2017-03-15 21:40:58
Экобу тең жакпайт ХХХ секире берет
-1
admin_superstan
2017-03-16 10:47:06
aksy.koi-tash, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз.
0
Muslim_KGstana.
2017-03-16 00:42:31
Оа силердин ойунар туура эле/мен деле быйылкы эл артист наам алгандарды коруп аябай жаным кайнады акыры Гулжигит Калыковдун инста баракчасына оло жаздым акыры очуруп тынды мени))
Мен быйылкы эл артисттердин эч бирин эл артист катары тааныбайм жана тааныгым да келбейт ошол эле Юлияны,Гулзаданы жана башка ырчыларды
+2
mahabat.
2017-03-16 01:16:28
юля мирбек гулзада окуучу кызды ырдаган бала гулжигит нервимди козгодунар.эстеген сайын тутоп кетем.Абдылда агайга жалко
+2
aitieva00
2017-03-16 02:03:52
Кайрат Примбердиев татыктуу,кыргыздын ырчылары баспаган,чыкпаган сахналарга чыгып келди и чыгып атат,эмгегин устудогулор баалабай жатышат.Эл артисти же Эмгек синирген артисти 15-20-30 жыл сахнада жургондорго,чындап эмгек синиргендерше беришсе болот,азыркылардын 3 ырына эле берип жатат,аман эле болушсунчу
+4
ayjan_90
2017-03-16 04:14:58
Кайратка берип коюшса болмок чынында соонун ырдайт таланты бар
+2
Muslim_KGstana.
2017-03-16 10:38:34
СУПЕР ИНФО билесинерби мен нени айткым келет: коп адамдардын кыжырын козгоп качан бааланат деп эле кечеги ырчыларды жарнама кылбай(булар жаш али коп ийгиликтерди жаратат)андан коро ошол сахнанын ыссык-суугуна чыдап жургон,ошол наамдарга жетпей жургон кыргыздын мыкты азаматтары жонундо Качан Бааланат?-деп катта суроону коюп анан элге алып чыксанар болмок.
Мисалы:Абдылда,Рахман,Тынар ырчылардан да таап эмгеги бааланбай жургондорду!
+2
gulaza
2017-03-16 19:27:55
Наам алган артистердин жолдо келе жатып оздорун тарткан видиосун корсонор оздорунон оздору уялганын коросунор уят эле болушту бул ичи тар коро албастык эмес чындык бизде маданият министири гууглдан наам -деген эмне деп окуп корсо болмок
0
gulaza
2017-03-16 19:33:59
Эрмек Нурбаевдин тамашоудо чыгарган чочолору чонойду эмгеги бааланган жок Юля гулжигит омарлар дагы бироо бар сакалы бар жашираак атын билбейм ошолорду коруп тутоп тамак да отбой калды
0
Adhambek
2017-03-16 21:53:13
Комент жазгандар сыйланбаган звездаларбы дейм))
0
AKCHA
2017-03-17 16:18:14
Экоосу дует ырдаса сонун болот эле
0
manaskgkb
2017-03-18 00:07:21
Кайрат таттуктуу
0
jaskaaa
2017-03-18 18:51:30
Эх. Кыргызстаным! Качан таза бийлик келет экен!
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан