АЙГЕРИМ АКЫЛБЕКОВА ОРДУН БОШОТТУ

Ар апта сайын эфирге чыгуучу "Азаттык +" жаштар телеберүүсүнүн бото көз алып баруучусу Айгерим Акылбекова жаңы алып баруучуга ордун бошотту. Бул маалыматты тапан тилдүү Айгерим интернеттеги социалдык баракчасы аркылуу бөлүшкөн. Анда аялзатын майрамы менен куттуктап, мындан ары "Азаттык +" жаштар берүүсүн жаңы, жаш, таланттуу алып баруучу кызга өткөрүп бергендигин жазып, ага ийгилик каалаган билдирүү калтырды. Аны менен байланышканыбызда:
– Бул долбоордо 3 жылдай иштедим. Алып баруучулардын ордун бошотуусу, кадрдын алмашуусу биздеги мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жаштар берүүсү болгондугуна байланыштуу алардын оюн, тилин билген, ой-чабыты күчтүү, ар тараптуу журналист керек. Алып баруучуну көп убакыт издедик. Кастинг жарым жылга созулду. Жаңы алып баруучу Аида Бекмуратова Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин студенти. Ушул аптадан баштап эфирде алып баруучулук кызматты аткарат. Ал эми мен ошол эле "Азаттыктын" "Данисте" телеберүүсүнө репортаждарды даярдайм,- деди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Benazir08
2017-03-14 09:07:59
Кыйын келин экенсин. Кантсе да артка жол жок алдыга гана умтула бер
+6
barsa30
2017-03-14 10:52:22
мага жагат ушул кыз өллө тын .тфу көз тийбесин!
+8
Nazikbaigazy
2017-03-15 10:03:14
Азаттык корбоймунда ошого тааныбайт экенмин
0
Alibay
2017-03-15 10:42:18
Дагы иштесен болмок...
+1
bolotbeck1983
2017-03-16 10:02:21
Азаттыкты таптакыр жоюу керек өлкөдөн. Анткени бул, англичандардын тээ мурда эле түзүлгөн шпиондук уюму. Жашылынан таштап коюшат, а биздин азиаттар болсо таманынан чаң чыгарып иштеп жүрүшөт. Мунун акыры этникалык элдерди жоюп жоготуу.
-2
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан