ЖЕҢИШ МАЙРАМБЕК УУЛУ АТА БОЛДУ

Ким менен сүйлөшпөсүн ал адамдын эсинде сүйлөгөнү, тамашакөйлүгү, жүрүм-туруму менен калган Жеңиш Майрамбек уулунун турмушунда чоң жаңылык орун алды. Тагыраак айтсак, ал 9-мартта ата статусуна ээ болду. Байланышканыбызда толкунданганынан үнү дирилдеген Жеңиш: "Эртең менен 8 жарымда үйдөгүлөр мени ойготуп "кеттик, кеттик" деп калышты. Уулум 9 жарымда жарыкка келди. Апасы менен баламдын абалы жакшы. Ата болгонума ишенбей, бир башкача сезимдердин кучагында жүрөм",- деди. Биз да тамашоучуга бешик боосу бек болушун каалайбыз.



star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
aku0005
2017-03-14 20:16:34
Куттуктайм!
+3
Mahabat84
2017-03-15 03:41:58
Ата болушун менен куттуктайбыз
+3
Aruu_2010
2017-03-15 03:57:59
Бешик боо бек болсун, омурлуу болсун!!!
+2
erkekizmin
2017-03-15 13:37:00
Ай ий ушу да ата болуп калдыбы. Арык го ....
-6
Nazikbaigazy
2017-03-15 14:35:11
Эмиль Кубаныч Жениш балалуу болушту, билишимче булардан биринчи Самат уйлонду беле, алар тынчго, аллахым берерин унутпасын
-4
Boldukan86
2017-03-15 14:57:08
без прабел толтура жазылыптыр ар бир темада кезигет. эмне болду эле
0
ozgeldi
2017-03-15 15:19:03
Е терлеп кетиптир деп гой
0
Biyke4
2017-03-15 19:13:55
Кеттик- кеттик дегени жакшы экен))
+2
Kairat.96
2017-03-16 02:56:32
Ооо бешик боо бекем болсун Кыргыздын керегине жараган эр азаматтардан болсун
+1
mirana9395
2017-03-16 09:26:12
омурун берсииииин ылайым
+1
Duulat
2017-03-16 13:52:22
Куттуктайм! Дени сак бала болуп чонойсун! Уулунун торолгон убактысы да тамашоуский жазылыптыр го, "9 жарым" деп.
+1
Kroxa
2017-03-17 14:05:06
Арыктар ата боло албайт деп кайдан уктун эле???Бешик боонор бек болсун иним,,куттуктайм!!!
0
admin_superstan
2017-03-17 14:05:13
erkekizmin, кимдир бирөөнү кемсинтип, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Берилген эскертүүлөргө маани берилбегени үчүн 3 күнгө БАН!
0
AKCHA
2017-03-17 16:17:17
Бешик боосу бек болсун
0
tah.min22
2017-03-17 18:30:17
Омурлуу бала болсун
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан