ТЫНАЙ АЛЫБАЕВ МАС АБАЛЫНДА МАИчилерге КАРМАЛДЫ

"Инсан" тобунун солисти Тынай Алыбаев жол эрежесин бузгандыгы үчүн патрулдук милиция кызматкерлеринин кайырмагына түштү. Окуя 4-март күнү Бишкек шаарындагы Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Патрулдук милиция кызматкерлери рейд жүргүзүү маалында жол эрежесин бузуп каршы тилкеге чыгып кеткен унааны токтотушкан. Рулдагы айдоочу белгилүү ырчы Тынай Алыбаев болуп чыккан. Андан соң МАИ кызматкерлери тиешелүү документтерин көрсөтпөй жаткан ырчыны текшерүүдөн өткөрүү үчүн наркологиялык борборго алып барышкан. Ал жактан тартылган видеотасма интернетке чыкты. Наркологиялык борбордун кызматкерлеринин "эмне ичтиң, канча ичтиң?" деген суроосуна ырчы "арак ичтим, канча ичкенимдин айырмасы барбы, бир чака ичтим" деп тамаша аралаш жооп узаткан. Андан соң видеокамерага кайрылып, "мен мыйзамды аткарам, мыйзам баарына бирдей. Бардык кыргыз элине кайрылам, мыйзамды аткарышыбыз керек" дегенин көрүүгө болот. Жыйынтыгында ырчынын ичимдик ичкени такталып, унаасы айып аянтчасына токтотулду.
Шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматчысы Таалай Бугубаев: "Бул ишти Октябрь райондук соту карап жатат. Анын негизинде жол эрежесин бузган жаран 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт. Мындай сумманы төлөй албаса 5 суткага камакка алынат",- деген маалымат берди.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Mers124
2017-03-14 12:52:22
Беш суткага камалат деген жок. Айдоочулук күбөлүгү жок болсо 5 сутка камалат. НС 10мин сом штраф же 1жыл айдоо укугунан ажыратат сот. Мен деле бир бокал шампан үчүн 10 миң төлөп чыктым.
0
Asyl10
2017-03-15 16:49:16
Mers124,жол эрежесин бузган жаран 10 миң сом өлчөмүндөгү айып пул төлөйт. Мындай сумманы төлөй албаса 5 суткага камакка алынат", Толой албаса 5 сутка деп турат го анан. Эмне жанылыштыкпы?
+2
rejepova
2017-03-14 23:57:58
Видео корунбой жататко?
-4
Chupakabra
2017-03-15 10:18:11
rejepova,макалада видео жок.
+2
aizirek...
2017-03-15 08:53:29
Айгерим Расул кызынча жок экенсинер. Бир чаап эле качып кетпейсинерби
+8
Nazikbaigazy
2017-03-15 10:19:49
Ичкилик жакшылыка алып келбейт
+4
gulmira12345
2017-03-15 12:09:11
эми бул бироону олтуро сузсо не болот эле ичип алып машина айдаганы мен гезиттен окугам бироо ичип алып айдап омур бою правасын лишить этип койду анан ырчыларга боло береви
+2
Asyl10
2017-03-15 16:48:21
Тынай бир кружка пиво ичкендир балким. Ошого ушунча "тревогабы" бир кружка пивого 10 мин сом толойт эми. Тынардан эмне сураган жоксунар,урматтуу журналисттер,каерде,ким менен,канча грамм ичтин эле деп.Озу айтып бермек да. 10 мин сом толобой эле 5 сутка чыдап койсо болот эми.
+3
ICHOMTAY
2017-03-15 18:49:31
Аттин ай кыргыз элим ой жугуртуунор деле эскиче болуп баратат.мыйзам деген эмне ? Ал эмне жылдыздарга башкача жупуну адамдарга башкача баи адамдарга башкача жазылмак беле? Баары мыйзам алдында жооп беруусу керекда ! Анан тартат да журналист болгондон кийин укканын жазып тартат ИИМ ден маалымат бар болгондон кийин суперчилер неге жазбасын?! Силерди окусун билсин деп жазатжа ! Эмне созсуз жонокой адамдарды жазмакбеле?! Же бир адамды сузуп олтургучо кутмок беле кылдыбы тартсында моину менен жоопту!
+4
ICHOMTAY
2017-03-15 18:55:37
Дагы жакшыкен биздин мыйзам женилирак болуп 10 мин сом деп! Оруссия элинде ичип тушсон эле болду лишение прав деп праваны алып салат отурасын азабын тартып! Туура кылган бир ичтинби такси чакыр оозуна алын жетпеиби машинеге отурба ал сенин эле омурун эмес ал буткул элибиздин омуруно кооптуу болот сенин мастыгындан...бир шампан учун он мин дедин бирин,а ичпе ошо шампанды зарулем болсон уйдо ич кечинде! Не сенин шампанын учун коз жумуп коио бермек беле баары бирдеи жооп бериш керек!Ошондо онолобуз
+2
Zireshka248
2017-03-16 02:20:36
Кыргыздар койгулачы, мыйзамды эч ким тоготпойт Ош базарына барганда мен чынында унутчумун эрежени.... Азыр Германиядамын мына ушул жакта мыйзамды мыйзам деп айтканга эки эсе болот...
-1
mikoo
2017-03-16 15:31:34
Ырчылар жол эрежесин бузбайт деген жашоонун закону бар бекен эмне? Без толк эле жанылык.
-3
aizulya
2017-03-16 22:35:32
Жакшы да чекесин жара теппептир эч кимдин)))
0
Badu88
2017-03-16 22:48:25
Манастан Чубак кем бекен байке ошончо түшкөн экенсиз милициянын мурдун жара теппептирсиз бир аз да болсо дүн дей түшмөксүз кыргызстанга баары бир кутулуп кетмексиз 10000 дин үстүнө 20000 кошуп атыныз таанылмак и бир милицияны байытмаксыз
-1
Arlenchik
2017-03-17 11:11:41
Кээ бирлер жазат деселе жаза беришет, сразу бул жака жарыялап деп алардын жумушу ошол,ошон учун газета, ошон учун журналист да, ар кандай жанылык болгон окуяларды иликтеп элге жеткируу.
Мыйзам буздубу жазасын алсын, эл козундогу адам болгондон кийин улгу болуп туз журбойбу, ичкен адам рульга отурбаш керек, ушу ичкендерди айдоочулук укуктан ажыратып салган мыйзам кабыл алынса жакшы болмок.
0
Kroxa
2017-03-17 14:08:54
Азыр тойдон тараган ырчылардын баарын текшерсе баарынан чыгат,бир чака дегени туура эле..биз ырчылар менен отурганбыз бир столдо аттуу баштуу эле ырчылар оло ичип кетип калышты..
+1
duyshon.kg
2017-03-17 14:16:43
Тынай эркек экенсин!
+1
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан