Ушул жылдын 16-февраль күнү Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылынын Асел Сантасова аттуу тургуну ай-күнү жетип толготуп, Ананьево айылдык ооруканасынын төрөт бөлүмүнө барган. Дарыгерлер эне менен 4-5 саат алышып, төрөтө албаган соң баланын башы чыккан калыбында Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жөнөтүп жиберишкен. Эненин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгону менен, тилекке каршы, ымыркай чарчап калган.
"ТӨРТТҮ ТӨРӨГӨН, БЕШИНЧИСИН ОҢОЙ ЭЛЕ ТӨРӨЙТ ДЕШКЕН"Окуяга баштан-аяк күбө болгон жабырлануучунун абысыны Асел Узбекова буларды айтып берди:
– 16-февраль күнү эртең мененки саат ондордо келиним Аселдин толгоосу башталып, саат 11де Ананьевонун төрөт үйүнө өзүм алып бардым. Доктурлар кабыл алып, бизди "эшикте күтө тургула" дешти. Келиним катуу кыйналды, кыйкырган үнү бизге чейин угулуп жатты. Биз барганда дарыгерлерге "бала чоң, балким, Чолпон-Атанын төрөт үйүнө алып барабыз" десек, "төрттү төрөгөн, бешинчисин оңой эле төрөйт" деп болбой коюшкан. 4 сааттан ашык убакыт өткөн соң чыдабай төрөт залына өзүм кирип бардым. Кирсем алар ымыркайдын башын вакуум менен сордурганы жатышыптыр, сордурганда наристе ошол жерден эле жан берди.
Аселди төрөт залынан жуурканга баласынын башы чыккан боюнча ороп, өзүнүн жолдошу, кайнагам болуп өзүбүздүн машинага көтөрүп келип салышты. Келиним ал учурда өзүн жоготуп, кайра эсине келип, аябай кыйналып жатты. Биз ошону менен Чолпон-Атанын төрөт үйүнө жөнөдүк. Жаныбызга 2 врачты салып кетирип жиберди да, акушер өзү калып калды.
Келиним өлүп калам деп ойлоду окшойт, "жеңе, балдарымды жакшы караңыз, кор кылбай багып алыңыз" деп айтып жатып эсин жоготуп койду. Чолпон-Атанын ооруканасындагы дарыгерлерге кабар жеткен окшойт, алар операция жасаганга даярданып турушуптур. Барарыбыз менен алып кирип кетишти. Дарыгерлер операцияда баланын башын өзүнчө кесип алып, анан денесин өзүнчө алышты.
"БАЛКАНАКТАЙ НАРИСТЕБИЗДИ ӨЛТҮРГӨН ВРАЧТАР КАТУУ ЖАЗА АЛЫШСЫН"
– Сыртта турсам, Ананьеводон биз менен келген врачтардын бири мени чакырып, "коробка таап кел, баланы ошого салабыз" деп кайра кирип кетти. Коробка таап келсем, ал мени ээрчитип алып ымыркайдын денесин ошол коробкага салып, кесилген башын үстүнө ыргытып койду. "Ушундай абалда бересиңерби?" десем, "Ананьеводон башы менен денесин тигип беребиз" деп басып кетти. Аны кармаган боюнча эмне кыларымды билбей туруп калдым. Айла жок, аны машинага салайын деп келе жатсам, врачтар баланын сөөгүн бизди уурдап алды деп издеп жүрүшүптүр. Аларга дарыгер мага карматып койгонун айтсам, "акмактар" деп баланын денесин алдырып, өздөрү башы менен денени тигип, анан бизге беришти.
Үйгө алып келип наристени кепиндеп жерге бердик. Келиним эртеси күнү араң эсине келди. Ага чейин жүрөгү сокпой, дем алдыруучу аппаратта жатты. Чолпон-Атадагы врачтар болгон күчүн жумшап жатышты. Келинимди аман алып калган врачтарга рахмат айтам, ал эми балканактай болгон наристебизди өлтүрүп, шалаакылык кылган врачтар катуу жаза алышсын дейм.
"БАЛДАРЫН КӨТӨРҮП ЖҮРГӨН ЭНЕЛЕРДИ КӨРҮП, ЧЫДАЙ АЛБАЙ ҮЙҮМӨ ЧЫГЫП КЕТТИМ"
Жабырлануучу Асел Сантасова эсинде калганын төмөнкүчө айтып берди:
– 4 балам бар, төрөлбөй жатып чарчап калганы бешинчиси болчу. Башка балдарыма караганда муну аябай чоң көтөрдүм. Врачтардын карамагында болуп, айткандарын кылып эле жаттым. Толготуп барганда дарыгерлерден "Чолпон-Атага жибергилечи" деп сурансам, башкы врач "жок, бул жактан эле өзүң төрөйсүң" дегенинен анын айтканына ишенгем. Баланын салмагы 5,5 килограмм, бою 60 сантиметр экен, кесарево кылса аман калат эле да. Өзүм кыйналып жатсам, баланын башын чыгарыш үчүн ичимди сыгышты, колдорун салып, вакуум менен сордуруп жатышты. "Баланын башы чыгып, денеси чыкпай жатат..." деп ызы-чуу түшүп жаткандарын билем, андан аркысында алым кетип, кыйналып эмне болуп жатканын деле эстей албай калдым. Эртеси гана эсиме келдим.
Кичүү балам аябай бөбөктүү болгусу келип жаткан, эми ага эмне деп жооп берем деген ой башымдан кетпей койду. Ооруканадан балдарын көтөрүп жүргөн энелерди көрүп, чыдай албай үйүмө чыгып кеттим. Эми абалым жакшы болуп калды, бирок кечкисин уктай албай, кан басымым көтөрүлүп жатат.
Асел Сантасованын жолдошу Майрамбек Ормонбеков Ананьево айылынын дарыгерлери андан кийин басып келип жубайынын абалын бир сурап койбогондугун, качан гана бул окуя интернетке тарап, журналисттер кабар ала баштаганда алар тызылдап үйгө чейин келип кечирим сурашып, бул иш жабык боюнча калышын суранып жатышкандыгын кошумчалады.
"70 ЖАШТАГЫ АКУШЕР-ГИНЕКОЛОГДОН БАШКА ВРАЧЫБЫЗ ЖОК"
Ананьево айылдык ооруканасынын башчысы Курманбек Усупов окуя боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул иш атайын болгон жок. 70 жаштагы акушер-гинеколог төрөттү кабыл алыптыр. Ал баланын салмагы чоң экенин билгенден кийин тийиштүү чара көрүп, кесарево жолу менен төрөткөнгө жөнөтүшү керек эле. Тилекке каршы, ал анткен эмес. Ушул окуядан кийин акушер-гинеколог кызматтан алынды. Башка акушерибиз жок болгондуктан, бул акушерди биз кетирбей кармап жүргөнбүз.
"БУЛ БИРИНЧИ ОКУЯ ЭМЕС"
Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Сарбагыш Иманалиев буларга токтолду:
– Бизге Асел Сантасова оор абалда келген. Ошол замат ага операция жасалды. Эгер 10 мүнөт эле кечигип келсе, өмүрүн сактай албай калмакпыз. Ананьево айылындагы ооруканада операция жасоого мүмкүнчүлүк да, аны жасай турган врач да жок. Бул биринчи эле окуя эмес. Буга чейин деле ал жактан канча оорулууларды ичтери ачылган бойдон, жаракаттарынын оордугуна карабай бизди көздөй айдап жиберишчү. Ананьевонун башкы дарыгери уюштуруу иштерин жүргүзүп, тийиштүү жерлерге кайрылбайбы?! Менин оюмча, башкы дарыгердин шалаакылыгы.
Ал эми кадр маселеси барып эле акчага такалат. Өкмөт айлык акыны айыл жергесинде көбөйтпөсө, абал ушул эле бойдон кала берет. Бул окуя боюнча өз оюмду билдиргеним үчүн жогору жактан эскертүүлөр келип, куугунтукка ала башташты.
Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы бул окуя боюнча Ысык-Көл РИИБи Кылмыш жана жаза кодексинин 119-беренеси (медициналык кызматкердин өзүнүн кесиптик милдеттерин талапка ылайык аткарбашы) менен кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg