Нью-Йорктогу "Подиум" журналынын ханышасы, модада эмне болорун бир жыл мурун аныктай алган, күчтүү Миранда Пристлини билесизби? Ооба, "Prada" кийген азезил" тасмасы тууралуу айтып жатам. Ошол Миранданын ролун жараткан Мерил Стрип чыныгы жашоодо «Prada» маркасынын кийимдерин кийбейт экен. Эмесе, легендага айланган Голливуд жылдызы тууралуу баянга назар салыңыз.
ГОЛЛИВУД ЖЫЛДЫЗЫ ЖӨНҮНДӨ КЫЗЫКТАР
САЯСАТТА ДА ӨЗ ПОЗИЦИЯСЫ БАР
Көптөгөн тасмалардын көркүн ачкан Мерил Стрип Лос-Анжелесте "Алтын глобус-2017" сыйлыгын тапшыруу салтанатында сөз сүйлөп жатып, АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген журналист Сержа Ковалевскиди тамашага салганын туура эмес деп белгилеп өтөт. Эл назарындагы адам болгондон кийин бул айткандары социалдык тармакта кызуу талкууну жаратат. Четте карап турбаган Трамп дагы Твиттер баракчасына "Голливуддагы өзүн жогору баалаган жылдыз" деп жооп жазат. Алардын кайым айтышуусу эмнеге алып келерин убакыт көргөзөт. Ал эми айрым эксперттер муну саясий оюн дешүүдө.
АЛТЫН СТАТУЭТКАЛАРДЫ КОЛЛЕКЦИЯ КЫЛГАН АКТРИСААйрымдар жетпей жүрсө, учурдун легендарлуу актрисасы Мерил Стрип "Оскар" наамынын 3 статуэткасынын ээси. Ал бул наамга 19 ирет көрсөтүлүп, "Крамер Крамерге каршы" ("Экинчи пландагы эң мыкты актриса"), "Софинин тандеми" ("Эң мыкты актриса") жана "Темир айым" ("Эң мыкты
актриса") деген тасмаларда жараткан образдары үчүн алган. Баса, эң биринчи алган сыйлыгын актриса жуунуучу бөлмөдө унутуп кеткен. Мындан тышкары Мерил "Алтын глобус" наамына 29 жолу көрсөтүлүп, 10 жолу алып, рекорд жараткан. Британиялык Кино жана телеискусство академиясынын (BAFTA) "Эң мыкты айымдын ролу" наамынын 2 жолку лауреаты. 1995-жылы түптөлгөн АКШнын Киноактёрлер гильдиясынын сыйлыгын 2 ирет алган, ошондой эле ардактуу "Сезар" жана "Эмми" наамдарын багындырган. Канн жана Берлин кинофестивалынын ардактуу сыйлыгы «Алтын аюу» статуэткасы менен актриса көп жылдык
карьерасындагы жетишкендиктери үчүн сыйланган.
АТА-ЭНЕСИ ОПЕРА ЫРЧЫСЫ БОЛОТ ДЕП...
Мерил Стрип жашоо шарты жөнөкөй үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Атасы фармацевтикалык компанияда менеджер, апасы сүрөтчү болгон. Кичинекей кыздын ырдоого жөндөмдүү экенин байкаган ата-энеси вокал боюнча билим алышына жол ачып, келечекте кызы опера ырчысы болот деп күткөн. Бирок бул тилектер орундалбай калса дагы,
актрисанын музыкага болгон сүйүүсү дале күчүндө.
Мектепте окуп жүргөн күндөрүн "менин чачым кара түстө эле, ага кошумча көз айнек тагынгандыктан, өзүмдү аябай түрү суук сезчүмүн" деп эскерет. Мектепти аяктагандан кийин Вассар колледжинин англис адабияты жана драмалык искусство жаатында билим алат. Андан кийин Йель университетинин алдындагы драма мектебинде билим алуусун уланткан.
КАРЬЕРАГА КАДАМ
Актриса болуудан мурда 1971-жылы Мерил театрда иштеген. Ал эми кинодебюту 1977-жылы "Жулия" мелодрамасынан башталган. 2 жылдан кийин "Крамер Крамерге каршы" тасмасына тартылуу менен бирге "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүсү болгон. Мерил ХХ кылымдын 70-80-жылдары атактуулуктун туу чокусуна жеткен. Жалпысынан алганда ал 60тан ашуун роль жараткан жана мындан ары да жаратат. Дегеним, ушул жылы Мерил Стрип Том Хэнкс менен бирге Стивен Спилбергдин "Пост" тасмасында баш каармандын ролун аткарат экен.
АЛГАЧКЫ МАХАБАТ
Атактуу болом деп ойлобогон Мерил өзүнөн 13 жаш улуу Жон Казале аттуу үй-бүлөсү бар мырзага ашык болуп калат. "Сүйүүнүн көзү сокур" дегендей, Мерил үчүн Жондун аялы, ийгиликсиз
карьерасы бир тыйын эмес болчу. Чакан батирде жашап, кечкисин чогуу китеп окушуп, күндүн кызыктуу темаларын талкуулашчу. Алар үчүн бакыт ушул эле. Бирок бактылуу күндөрдүн чеги бар тура. Жон айыкпас рак илдетине кабылып, Мерилди бирде үйдөн кууса, бирде урушчу. Кантсе да Мерил сүйгөн адамын таштап кете албай, акыркы мүнөттөргө чейин жанында болууга сөз берет. 1978-жылы Лос-Анжелесте "Эмми" сыйлыгын тапшыруу аземине катыша албагандыктан, Мерилге сырттан сыйлык тапшырышкан. Мунун себеби ошол мезгилде актриса өлүм менен күрөшүп жаткан Жон Казаленин жанында болчу. Жон көз жумгандан кийин маркумдун биринчи никедеги аялы Мерилди батирден кууп чыгат. Ошентип биринчи сүйүүсү аянычтуу окуялар менен коштолот.
"КӨП БАЛАЛУУ ЭНЕ" СТАТУСУН АЛЫП ЖҮРӨТ
Нью-Йорк. Баш калкалоочу жайы жок, туруктуу иши да жок. Кыйын кезде колдоочуң ата-энең, бир тууганың болот эмеспи. Бир тууган агасы карындашынын абалына кайдигер карап тура албай, досунун ишканасына алып келип, убактылуу жашап туруусун айтат. Ал адам Дон Гаммер аттуу скульптор эле. Жаралуу жүрөк даба тапкан өңдөнөт. Мерил Дон менен бат тил табышып, баш кошуу чечимине келишет. 1978-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин бирге болуп, үлгүлүү үй-бүлө экенин далилдеп келишет. Бир уул, үч кызды татыктуу тарбиялап, тууруна кондурушкан. "Үйдө мен эч кандай жылдыз эмесмин. Ашпозчу, үй тазалоочу, айдоочу жана энемин. Жылдыз болуу – бул Голливуд үчүн. Карьерасыз жашай алам, бирок үй-бүлөсүз жашай албайм",- дейт актриса.
Мерил тасмада роль жараткан мырзалар менен мамиледе деген кептер желдей тараган. Бирок, алардын үй-бүлөлүк пайдубалын эч ким жана эч нерсе буза албады. Мисалы, америкалык актёр Жек Николсон менен Мерил тууралуу ушактар чындыкка дал келбейт. Болгону ал адам актрисанын тасма талаасындагы идеалдуу өнөктөшү болгон.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg