СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

КАЛЫ СУЛАЙМАНОВ ТҮРКИЯДАН АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢДИ


Кыргыз өлкөсүнүн грек-рим күрөшү боюнча балбандары Түркияда 4-5-март аралыгында өткөн "Vehbi Emre & Hamit Kaplan" эл аралык мелдешине катышты. Анда 59 килограммга чейинки салмакта мелдештин финалында Каныбек Жолчубеков менен Калы Сулайманов кезикти. Жыйынтыгында Калы Сулайманов мелдештин жеңүүчүсү аталса, Каныбек Жолчубеков күмүш медалга татыды. 66 килограмм салмакта Нурбек Абдуганиев коло байгеге жетти. Жалпы командалык эсепте Кыргыз өлкөсү 3-орунда жазылды.

ЛЕГЕНДАРЛУУ ДАРБАЗАЧЫ БИШКЕКТЕ


4-март күнү Бишкекте Орусия Хоккей федерациясынын президенти, Олимпиада оюндарынын 3 жолку чемпиону, айтылуу хоккей дарбазачысы Владислав Третьяк менен Кыргыз өлкөсүнүн Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жолугуп, кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.
"Орусия Кыргыз өлкөсүндө хоккей оюнунун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүп, өз тажрыйбасы менен бөлүшөт",- деп билдирди Третьяк.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Tyty1990
2017-03-14 14:41:20
Мм
+1
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан