Антонина Шевченко: «МЕНИ МЕНЕН БЕТТЕШҮҮДӨН ҮЧҮНЧҮ АТААНДАШЫМ БАШ ТАРТТЫ»

Кыргыз спортун дүйнө жүзүнө тааныткандардын арасында эже-сиңди Шевченколор алдыңкы саптан орун табат. Валентина UFC уюмунун беттештерине чыгып, көпчүлүктүн назарын буруп келет. Бирок анын эжеси Антонина да жөнөкөй спортчу эмес. Антонина тай боксу боюнча учурдагы Дүйнө чемпиону болуп саналат.

 

Аты-жөнү – Антонина Анатольевна Шевченко
Каймана аты – ­­The Panther (Кабылан)
Туулган жылы, айы – 1984-жыл, 20-ноябрь
Туулган жери – Бишкек шаары, учурда Перуда жашайт
Жетишкендиктери – 2 жолку тай боксу боюнча Дүйнө чемпиону, тай боксу боюнча Түштүк Америка жана Кыргыз өлкөсүнүн бир канча жолку чемпиону. "Lion Fight" версиясында тай боксу боюнча учурдагы Дүйнө чемпиону.

– Саламатсызбы, Антонина? 3-март күнү үчүнчү ирет чемпиондук курду коргоо иретинде беттешке чыкмаксыз. Эмне үчүн беттеш болбой калды?
– "Lion Fight 35" версиясында тай боксу боюнча чемпиондук наамды коргоо иретинде франциялык мушкер Магали Фарони менен беттешмекмин. Бирок ал мушкер медициналык кароодон өтпөй калыптыр. Ошондуктан бул беттеш болбой калды. Муну менен үчүнчү атаандашым мени менен беттешүүдөн баш тартууга мажбур болуп жатат. Алгач Аннабэль Жэли аттуу англиялык спортчу менен беттеш болбой калган. Кийинчерээк голландиялык Алиди Лавант беттеш алдында жаракат алып калган. Эми Фарони менен беттеш болбой калды.

– Беттештерге сиңдиңиз Валентина менен машыгып, даярдык көрөсүзбү?
– Машыгууларда жана спарринг беттештерде ар дайым Валентина экөөбүз машыгабыз. Аталган беттешке катуу даярдык көрүлгөн. Ал болбой калганда бир чети нааразы, бир чети жиним келди. Анткени канчалаган машыгуу, спарринг беттештер жана салмакты ылайыкка келтирүүгө убакыт кетти да. Көпчүлүк "эже-сиңди Шевченколорду рингден көргүбүз келет" дешет, бирок биз бир дагы мелдеште бири-бирибиз менен беттешкен эмеспиз. Биринчиден, салмак ченибиз эки башка, экинчиден, эже-сиңдибиз.

– Дегеле спорт менен качантан бери машыгып баштадыңыз эле?
– 1990-жылдардын башында Павел Федотов ММА, кулатуу боюнча машыктырып баштаган. Ошол кезде Кыргыз өлкөсүндөгү кулатуу боюнча мелдештерге катышып, жеңип баштагам. Ошондо спорт менен аралашып жүргөнүмө жалпы 24 жыл болуптур. Бул убакытта канчалаган беттештер, жеңилүү, утулуп калгандагы ызалар болду. Ар кайсы өлкөлөрдө мелдештерге катыштым. Алардын ар бири өзүнүн тарыхы, унутулгус сезимдери менен коштолду.

– Сиздин тай бокс чебери экендигиңизди билебиз. Эрежесиз урушка чыгып көрдүңүз беле?
– 2003-жылдары ММА эрежесиз уруш боюнча Түштүк Кореяда өткөн мелдештерге катышканбыз. Сеул шаарында болгон мелдешке эки жолу катышып, Валентина экөөбүз жеңүүчү аталганбыз. Мен 65 килограмм салмак ченинде утсам, Валентина 55 килограмм салмакта жеңүүчү аталган.

– Башка мелдештердин арасынан сиз үчүн эсте калганы кайсылар?
– Эң биринчи тай боксу боюнча 2003-жылы Дүйнө биринчилигин багынтканым эстен кетпейт. Алгачкы ири мелдеш болгондуктан, өзгөчө сезимдер болгон. Ошондой эле 2012-жылы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн бокс боюнча мелдешке катышкам. Анда жакшы даярданбай калгандыктан, жарым чейрек финалда утулуп калгам. Эми тай боксу 2020-жылдагы Олимпиада оюндарына кирип калса, өзүм машыккан спортумдан катышууга мүмкүнчүлүк болот.

– Спорт менен көпчүлүк өлкөлөрдү кыдырууга жетиштиңиз. Мындан тышкары ок атуу, бий менен да алектенериңизди билебиз.
– 2008-жылы Перуга келгенден тарта тапанчадан ок атуу боюнча мелдештерге катышып баштадым. Мында адамдын өзүн башкаруудан тарта физикалык даярдыгына чейин маанилүү. Спортчунун туруп, отуруп, жатып жана кыймылда болуп жатканда бутага атуусу керектелет. Ок атуу боюнча 2014-жылы Перунун чемпиону аталууга жетишкем. Ал эми бий боюнча профессионалдуу түрдө Валентина бийлеп келет. Ал эми мен ушул жылдын башында мушкерлер жөнүндө реалити-шоуго катыштым. Учурда биз АКШнын Техас штаты менен Таиланддын ортосунда болуудабыз. АКШда UFC беттештерине Валентина чыгып жүргөнү белгилүү. Беттештерге Таиландда машыгып, даярдык көрөбүз.

Антонина рингде чабуулга ыктаган спортчу катары айырмаланат.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
kara-koz
2017-03-14 10:58:54
Молодцы
+3
Tyty1990
2017-03-14 14:41:02
Молодесссстер
+3
ulchana
2017-03-14 19:49:05
Азаматтар.Ийгилик жана Ийгилик.
+2
Hatali
2017-03-15 14:34:22
Интересно семтясы бар болду бекен?
+2
Beka.kaba
2017-03-15 16:46:21
Hatali,уйлонгоно кыз издеп жаттын беле
+3
AKCHA
2017-03-17 16:22:33
Beka.kaba,Уйлонгонго коргоочу издеп десен )))
0
Alibay
2017-03-16 16:33:57
Синдисине окшобойт экен
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан