«Заман» тобу: «СҮЙҮҮНҮ УБАКТЫЛУУ ЖЫЙЫШТЫРЫП КОЙГОНБУЗ»

Белгилүү продюсер Канат Култаев жалаң жигиттерден турган "Заман" деген топ түзгөн. Бул топтун жигиттери менен биз алгачкы жолу маектештик.

– Балдар, кандайсыңар? Баарыңарды бириктирген "Заман" тобунун түзүлгөнүнө канча болду? Атыңар эмне үчүн "Заман"?
Токтогул:
– Алгач топтун аты "Мурас" эле. Солисттери ич ара келишпей тарап кетишти. Балким, атыбызды көтөрө албадыкпы деп да ойлойбуз. Топто Калыйнур экөөбүз эле калган болчубуз. Канат байке кастинг өткөрүп, калган жигиттерди чогултуп, топту "Заман" деп атады. Топтун аталышы заман менен бирге канатташ болуп, азыркы замандын жаштарына ылайыктуу ырдап, аларга үлгү болуу дегенди түшүндүрөт.
Кубаныч: –Топтун түзүлгөнүнө 5-майда 1 жыл болот. Ушул күнү расмий келишим түзүп иштеп баштаганбыз.
Аслан: – Биздин башыбызды бириктирген Инстаграмга алкыш айтабыз. Анткени кастинг болорун биз ушул баракчадан окуп, анан келгенбиз.

– Иштеп жатканыңарга 1 жыл болуп калыптыр, хит ырлар качан жаралат?
Баяман:
– Учурда окууларыбызды да убактылуу токтото туруп, чыгармачылыкка басым жасап жатабыз. Ырчылык оңой деп ойлочу элем, көрсө, түйшүгү оор турбайбы.
Калыйнур: – Ал аралыкта 3 ыр жаздырдык. "Карындаш" деген ырыбызга клип тарттырдык. Бул ырдын автору Баяман. Клипке ырчы Айымжан Айылчиеваны тарттык. Эмнеге Айымжанды деп таң калгандар болсо керек. Жөн гана бул ырчы бизге жагат жана да карындаш дегенге ылайыктуу кыз.
Кубаныч: – Мисалы, мен келгенде вокал жагынан жакшы эмес элем. Азыр жакшы ырдап калдым. Адам тажрыйба менен өсөт эмеспи.

– Башка топтордон айырмаланган өзгөчөлүктөрүңөр барбы?
Токтогул:
– Ооба, бар. Мисалы, Калыйнур кичинекей бала экенине карабай тойдо тамададан микрофон талашып чоңойгон. Тилеги ырчы болуу болгондуктан жадакалса окуу жайга тапшырып, бир кесиптин ээси болом деп ойлонбоптур. Ал эми топтун өзгөчөлүгү катары ырдап эле тим болбой, бийлегенибизди айтсак болот. Бий, ыр, рэп, анан бешөөбүздүн кебетебиз, үнүбүздүн тембри, табитибиз беш башка. Мунун баары бириккенде эч кимге окшобогон топ пайда болду.
Калыйнур: – Мен Баяман тууралуу айтсам, ал мектепте гитара ойноп көптөгөн кыздардын жүрөгүн багындырган. Азыр деле эргүүсү келсе түнкү саат 3тө туруп алып ыр, обон жаратат.
Баяман: – Биздин Асланда тартынуу деген жок. "Аслан" десең эле рэп айтып кирет. Келечекте музыкалык билим алсак, билимибизди жогорулатсак деген максатыбыз бар.
Аслан: – Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков, Батырхан Шукеновду кумир туткан Кубаныч ырчы болом дегенде ак эткенден так этип турат. Негизинен баарыбыз чыгармачылыкты сүйгөн, баалаган жигиттербиз. Биз башка топтордон ар тараптуу болуп, заманбап, батыш стилинде ырдаганыбыз менен айырмаланабыз.
Кубаныч: – Майкл Жексонду кумир туткан Токтогул өзү нарындык. Апасы Токтогулга конокко барса жан талашып "Токтогул атадай ырчы болуп калсам" деп ырымдап төрөлүп алган да. Ыр эле эмес, бийге да жакын. Бизге келгенге чейин музыканы катуу коюп бийлеп кошуналарын тажатчу экен. Бизге бий үйрөтүп, ар бир кыймылыбызды көзөмөлдөп турат.

– Жакшы экен. 5 жигит бир үйдө жашаса абдан эле кызыктуу болсо керек. Кимиңер тамак жасап, кимиңер үй жыйнайсыңар?
Аслан:
– Ким үй жыйнайт деген суроого жооп бере кетсем. Биз күн тартибин түзүп койгонбуз. Кезек менен тамак жасап, идиш жууйбуз. Ал эми үйдү чогуу жыйнайбыз. Мен апамдын жалгыз баласы болгондуктан бул жакта жашай турганымды билгенде бир аз кыйылып жатып макулдугун берди. Бир жумада бир жолу апама барып турам.
Токтогул: – Башында биз особнякта жашачубуз. Короого чыгып Аслан экөөбүз жаа жасап, анан эшикти аткылап ойноп жаңы эшикти тешкилеп салып, продюсерибизден тил укканбыз. Топтун кичүүсү, анан эң көп сүйлөгөнү Аслан. Кечке сүйлөп бизди күлдүрөт да, кечинде чарчап көзүн ачкан боюнча уктап калат. Башка ырчылар чыгармачылыгына алгач акча жумшайт эмеспи. Биз 1 сом коротпостон ырчы болуп жатабыз. Жашаган жерибиз, кийим-кечебиз, тамак-ашыбыз, ырларыбыз, айтор, бардык тараптан бизди продюсерибиз камсыздайт. Канат байке менен иштешүү сыймык жана биз эмгекти актайбыз деп сөз беребиз. Бир ачуу чындыкты айта кетейин, биз туура эмес иш кылсак продюсерибиз штраф менен жазалайт.
Баяман: – 5 жылга келишим түзгөнбүз. Келишимде кыздар менен сүйлөшпөш керек деген пункт бар. Анткени кыз убакытты, оюңду, жүрөгүңдү ээлеп алат эмеспи. Ошондуктан биз убактылуу сүйүүнү да жыйыштырып салганбыз. Азырынча чыгармачылыкты сүйүп туралы.
Калыйнур: – Бош убактыбызда китеп окуп, интеллектуалдык оюндарды ойноп аң-сезимибизди өстүрөбүз. Шоу-бизнесте дагы башты иштетиш керек. Продюсерибиз келип текшерип, тапшырмаларды берип кетет. Менеджерибиз азык-түлүктөрүбүздү жеткирип берип турат.
Кубаныч: – Бизде баары кызыктуу, спорт залга барып машыгабыз. Мирбек Атабеков, Гүлжигит Калыков бизге конокко келип кызыктуу маек куруп, тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. Сезон сайын каникул бергенде Көлгө ата-энеме барып сагынычымды таратып келем.

– Канча киши болсо, ошончо ой болот да, араңарда талашуу-тартышууу болобу? Өзүңөр тууралуу кандай сын-пикирлерди угасыңар?
Баяман:
– Ооба, талаш-тартыштар болуп турат. Баарыбыз идеяларыбызды айтабыз, акыркы чечимди Канат байке чыгарат.
Токтогул:
– Мен старостамын, менин жумушум бир аз жоопкерчиликтүү, жигиттер менен продюсердин ортосунда көпүрөмүн десем болот. Сын-пикирлерди угуп, кемчиликтерди оңдогонго даярбыз. Көбүнчө бизди корей жигиттерин туурайсыңар деп сындашат. Биз аларды туурабайбыз жана аларга тиешебиз жок. Кийинүү стилибизди жүдөгөн тооктой деп айтышат экен. Эми "табит менен талашпа" деген сөз бар эмеспи.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Заман" тобу: "Канат Култаевдин жини келсе, бизди жазалайт"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
admin_superstan
2017-03-15 09:51:01
Ronaldo.99, Mahabat97, саламатсыздарбы? Сунушуңуздарга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
-1
Tatyna.
2017-03-15 10:45:40
admin_superstan, Нурзададан да интервью алсаныздар. Аны да жакындан таанысак жакшы болмокпу
+4
milaya_
2017-03-15 11:21:33
Tatyna.,ал ким? Продюсери Култаевби? Неге анда чыгарбайт???
-2
admin_superstan
2017-03-15 12:13:17
Tatyna., саламатсыздарбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарланды.
-2
Tatyna.
2017-03-15 10:41:00
же ун жок, же стиль жок, же артистичность жок! Эптемей эле болуптур. Клипи да кыйрабаптыр. Айыманы калп эле пиарга тарткан го. Негизи Канат мырзанын иши журушпой жаткандай. Инстаграммдан Нурзада деген ырчы кыздын продюсери экенин билгем, ал кыз жакшынакай экен косметикасыз эле. Клибин таппадым. Даниель мн ырдаганын коргом. Жагымдуу анан жылдыздуу экен. Бул балдардан копту умуттонуп кереги жок. Жогорудагы комменттерди окуп оз оюмду жазып коюуну чечтим.
+9
Bakyt-nuru
2017-03-15 12:29:42
Жаш балдар го. Интервью да ошого жараша болуптур.
+2
Arsenal2
2017-03-15 16:56:45
Болбойт ко булар
+1
aitieva00
2017-03-16 01:29:10
Калыйнур эн эле жылдыздуусу,мага ошол жагат,а так ырларын укпайм,бирок бийлегендери сонун,катып эле тура беришпей жакшы бийлешет,стили современный эле го,мое личное мнение)))
0
aitieva00
2017-03-16 01:33:32
Популярность "суф" дегенде эле келбейт го,искренне желаю,кыргыздын корунуктуу,эл сыймыктанган топторунан,жигиттеринен болгула
0
Aisuluusha
2017-03-16 01:51:24
Мага жакпады... Баяманы Туштук жергесинен болгонуна уялат окшойт сыр тутуп, калган балдар айтыптыр, уялбай эле жон эле айтып койсо болмок...
+2
ayjan_90
2017-03-16 04:22:38
Aisuluusha,мага да жакпады туулган жерин жашырып эмне пайда табат
+3
Alibay
2017-03-16 17:03:56
ayjan_90,Ошону мен да айттым.Бажырайтып айтып мактанбайбы.Тош кагып...Баланча жердин кулунумун деп...
+2
shirinai
2017-03-16 21:50:45
Тообо кандай адам озунун туулган жерин жашырат. Мисалы мен Лейлектенмин. Орукзарлуу Лейлегимди сагындым.
+4
aitieva00
2017-03-16 22:01:48
Мбэндке жетишинерге коооп бар али
+2
Aichyrai
2017-03-17 08:20:11
Баары алдыда. Ийгилик. Бардык нерсе башталганда эле боло койбойт. Ошол у.н эмгек к.к. Канатынар кайрылбай оркундоп осо бергиле.
0
JanEka
2017-03-17 10:44:53
Таң гөрүү, бул балдарды 90-92 жылкы экен деп жүрсө жаш эле балдар турбайбы)
0
AKCHA
2017-03-17 17:20:19
Коройлерди дуурабай озубуздун улуттук кийим менен чыкса сонун болмок
+1
alina.nasiridinova
2017-03-18 13:58:51
Баяманы жакпады,туулган жерин кантип сыр тутат ай,андан коро айтса боло сыймыктанып
+1
arbuz
2017-03-19 16:28:53
оозу бардын баары эле ырчы болуп кеттиго аттин
0
Ishenalieva
2017-03-19 20:29:57
Калинур мектепте окуп жүргөндө аябай популярный болуп Орловкадан башка жерге да таанылган баары Калинур дешип анан мектепти бүткөндөн кийин баягы Калинур бой көтөрүп башкача болуп калыптыр
-2
pe5ha_life
2017-04-19 15:45:48
Ishenalieva,Калыйнур мурун кандай болсо,ошол бойдон эле....
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан