ФУРШЕТТИН КӨРКҮН АЧКАН ДААМДАР

Фуршет – чогулуп тамактануу. Көбүнчө баарлашуу үчүн чогулган кечелерде, майрамдарда уюштурулат. Чакырылган коноктор өзүн-өзү тейлеп, столго коюлган даамдардан каалаганын тандап салып жешет. Фуршеттин эң негизги даамдары – бутерброд, канапе, тарталеткалар, муздак, ысык закускелер. Булар менен суусундуктар, чай, кофе берилет.

ТАРТАЛЕТКАЛАР


Тарталетка – бул көлөмү 10 сантиметрге чейинки камырдан бышырылган себет. Анын ичин салаттын түрлөрү менен толтуруп закуске катары, мөмө-жемиш, кыям, быштак менен толтуруп десерт катары берүүгө болот.

Тарталетканы бышыруу

  • Каймак майды эритип, ага кумшекерди, суу, аш содасын кошуп жакшылап чалабыз. Ага ундан аз-аздан кошуп камыр жууруп, тыныктырабыз.
  • Эми камырды калыңдыгын 3-5 миллиметрдей кылып жайып, тарталетканын калыбын үстүнө бастыруу менен тегерекчелерди кесип алабыз.
  • Андан соң калыптардын ичин каймак май (же өсүмдүк майы) менен майлап, ичине кесилген камырларды салып, кол менен бастырып формага келтиребиз. Ортосун айры менен сайып-сайып коёбуз. Эми буларды 250 градуста ысып турган электр мешине салып кызартып бышырабыз.

Жемиш тарталеткасы

Керектелүүчү азыктар:

  • Каймак
  • Кумшекер упасы
  • Кулпунай

Даярдоо ыкмасы:

  • Каймакка татымына жараша кумшекер упасын кошуп аябай чалабыз.
  • Эми муну тарталеткага салып, үстүн кулпунай менен кооздоп, үстүнө бир аз кумшекер упасын себелейбиз. Каймактын ордуна быштакты колдонууга болот.

КАНАПЕ


Салмагы 10-30 граммды түзгөн, бийиктиги 1-7 сантиметр болгон кичинекей, атайын таякчалар (шпажки, атле) сайылган бутерброддор. Эки түрү бар: негизи (эң астыңкы катмары) нандан, анан жашылчадан (бадыраң, картошка, сабиз) жасалат.

Козу карын канапеси

Керектелүүчү азыктар:

  • Бөдөнө жумурткасы
  • Черри помидору
  • Майонез же каймак
  • Петрушка
  • Жыгач таякча

Даярдоо ыкмасы:

  • Помидорду тең ортосунан кесип, ичиндеги маңызын акырын алып салабыз.
  • Эми сууга бышырылган бөдөнөнүн жумурткасын тазалап, таякчага сайып, үстүнө помидорду кийгизебиз.
  • Помидордун үстүнө майонез менен козу карындын темгилдерин жасап, петрушка менен кооздоп, дасторконго коё берсек болот.

БУТЕРБРОДДОР


Нанга каймак май, майонез, соус сүйкөлүп, үстүнө эт азыктары, балык, сыр, жашылча коюлган даам. Ошондой эле кумшекер, бал, кыям, мөмө-жемиштерди колдонуу менен таттуу бутерброддорду жасоого да болот. Канапеден көлөмү чоң.

Роза бутерброду

Керектелүүчү азыктар:

  • Бөлкө нан
  • Ышталган балык
  • Эритилген сыр
  • Петрушка же укроп

Даярдоо ыкмасы:

  • Бөлкө нанды туурасынан 0,5 сантиметр калыңдыкта кесип алабыз. Бул кесимдерди кайра 4х4 өлчөмүндө, төрт бурчтук формасында кесебиз.
  • Кесимдердин үстүнө эритилген сырдан сүйкөйбүз. Эми ичке кесилген балыкты роза гүлүнүн формасындай кылып ороп, петрушка менен кооздоп коёбуз.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
deva
2017-03-14 09:20:16
Жакшы кеңештер экен. Бирок рецепттерди көбүрөөк берсеңер мындан да сонун болмок, канапе,бутерброддун түрлөрү көп го
+1
admin_superstan
2017-03-14 10:43:58
deva, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
tah.min22
2017-03-17 18:48:50
Торттордун да рецептерин берсениздер соонун болмок!
0
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан