– Ош жергесинде жашап, чыгармачылыгыңызды ошол жакта улантып жатасыз. Бойдок кезиңизде Бишкекте жүрүп таанылдыңыз. Сизге кайсы шаарда иштеген жеңил?
– Бишкек борбор болгондуктан, чыгармачылыкты улантуу жеңил. Себеби радио, телевидение, жакшы музыканттар бул жакта. Жашаганга келгенде Ош шаары өзүнүн арзандыгы менен бааланат. Ош Өзбекстан, Тажикстан менен чектеш болгондуктан, көп делегация келет. Ошондой иш-чараларга бизге окшогон бычакка сап ырчылар турса жакшы да.
– Чыгармачылык үчүн Бишкекте иштөө жеңил болсо, борбор калаадан үй алдыңыз беле?
– "Үй алып койгондо эмне кылам, ким жашайт?" дечүмүн. Алгандан кийин ээси өзү эле чыгат экен. Кыйналган үй-бүлөлөр болот да. Бир бала жардам сурап келгенде "макул, мен бир айда 2-3 жолу келем. Концерттен түнкү саат 2-3тө келсем, келинчегиң былтыйбай эшикти ачып берсе болду" деп жашатып койгом.
– "Туулган жер" деген ырыңыз менен атактуу болдуңуз. Аз убакытта эл оозуна алынып кетем деп ойлодуңуз беле?
– Бул ыр түштүк жергесинде 2004-жылы белгилүү болгон, бир гана борборду багынта элек болчу. 2005-жылы Канат байке менен таанышып, бул жакка "Бишкек мага багынып береби, менин ырым ушул жакка өтөбү?" деген ой менен келгем. 1 жыл өткөндөн кийин афишалардан сүрөтүмдү көрүп, тынбай газета-журналдарга чыгып калганда, демек, багынтса болот экен деп дем-күч алгам. Ошол сезимдерди элестетсем, бир жагынан жакшы күндөр өтүптүр, бир жагынан өтө кыйналгам. Себеби чачым күнүгө лак, бетим 5 катмар грим. Эсимде, 1 жылдан кийин чачым түшө баштаган. Бир күндө 3 облусту кыдырып ырдаган күндөр болгон. Азыр "эмнеге жоголуп кеттиң?" деп сурашат. Ошол мезгилде 10 жылдык энергияны мен бир жарым жылда иштетип койгом. Эч нерсе кылбай эле коёюнчу, жөн эле жашайынчы деп үй-бүлөлүк ынтымакты, тынч уяны каалап калганым ошондон.
– Акыркы клиптен көргөндөн бир топ арыктап калыптырсыз...
– Жакында Спорт Ордосунда болгон концертке катыштым. Ошол концерттен элдин сагынганын байкадым, сагынтып чыккан да өзүнчө фишка. Кээ бир ырчылар Инстаграмдан күйөрман топтоп алса, кээ бири бат-баттан концерт коюп тажатып алышты. Биздин мезгилде социалдык тармактар жок эле, сүрөткө да түшпөйт болчубуз. Ыйлаган күйөрмандардын көңүлүн карап эле сүрөткө түшүп койбосок. Бул нерсе да өзүнүн таасирин берет. Кол жеткис болсо кызыктуураак болосуң. Жылдыз деген ыры, клиби менен белгилүү болуп, жеке жашоосу жабык болуш керек деген ойдомун. Ошондуктан жашап жаткан жеримди, жеген ашымды көрсөткүм келбейт.
Акыркы клибимде 93 килограмм болчумун. Семирип, орустар айтмакчы, "качок" болуп кеткем. Бир жылы Гүлнур Сатылганова, Каныкей, Атай Өмүрзаков болуп Москвадагы Лужники стадионунда концерт бергенбиз. Кафеге кирип баратканда Гүлнур эжени алдыга өткөрсөм бир жигит "Гүлнурдун жан сакчысы өзүнчө эле "качокмун" дейт го" деп мени тааныбай өзүнчө сүйлөнүп өтүп кетти. Жанындагы бала "жиндисиңби, бул Темир Назаров да" десе, келип кечирим сураган. Ошондо арыкташ керек деген ой келди. Андан бери 2 жыл өттү. Жаңы жылда жашоомду жаңы барактан башташ үчүн өзүмдү колума алдым. Январдан баштап белок диетасына отурдум, жумасына 3 жолу спорт залга, 3 жолу бийге барам. Ошентип 2 айдын ичинде 11 килограмм арыктадым. Адамдын эрки күчтүү болсо, баары колунан келет экен. Дагы 3-4 килограмм таштап, жаңы форма менен чыгам. Мурункудай секирип бийлебесем да, ордумда туруп ырдабайм (күлүп).
– Микрофонду ыргытып ырдачу элеңиз. Бир жолу микрофонуңуз колуңуздан түшүп кетип ыңгайсыз абалга кириптер болгонуңуз эсимде...
– Мен жашоомдо бир жолу микрофонду колумдан түшүрүп алгам. Ал концерт Спорт Ордосунда болгон. Ошол күнү чыйрыгып ооруп жаткам. Төшөктө жатсам Канат байкеге Динара Эсенгулова чалды "концерт болуп жатат, балаң келип ырдап берсин" деп. Трубканы коюп, Канат байке "Темир, эми айла жок, мунун да учурунда жардамы тийген. Ооруп жатсаң да 4 мүнөт чыдап кой" деди. Арга жок ооруп жатсам да жасанып алып Спорт Ордосуна бардым. Фонограмма менен ырдап жаттым. Мен микрофонду кармаганда салмагын билем, ыргытсам канчада түшөрүн. Элге аркамды салып басып баратканда өзүмдү жаман сезе баштадым. "Азыр акыркы кайырма калды, ырдап койсом кетем" дедим да, бурулуп кайырмага 3 секунд калганда микрофонду ыргытсам, ошол маалда өйдөдө турган прожектор көзүмө чагылып, ориентирди жоготуп алдым. Микрофон колумдан тайып түшкөндө эле кайырма башталды. Микрофон жерде жатат, анысы аз келгенсип алайын деп эңкейсем тайып кетип дагы ары жакка учуп кетти. Жашоомдо биринчи жолу нес болуп, эмне кылышымды билбей калдым. Акырында "агайын-туугандар, чыгармачылык ушунусу менен кызык тура. Бүгүнкү концерт "Темир Назаровдун колунан микрофон түшүп кетти" деп эсте калат, сиздерден кечирим сурайм" деп элди күлдүрүп чыгып кеттим. Сахнанын артына келип алып аябай калтырагам. Балалык баёо сезимим менен катуу стресс болгом. 1 ай микрофон кармагандан, ыргыткандан коркуп жүрүп өзүмө келгем. Ошол учур бир жагынан карьерама так калтырса, бир жагынан дүң дедирген эле.
– Сизди унута элек күйөрман кыздар азыр да барбы?
– Турмушка чыгып, 2 балалуу болуп калган күйөрман кыздар бар. Бир жолу Орусияга барып калсам, чоң эле киши "менин үйүмө конок болуп кетпесең болбойт, аялым сени жакшы көрөт" деп келиптир. Бул мен үчүн таң калычтуу нерсе, себеби менин аялым башканы жакшы көрсө катуу тиймек. "Байке, жөн эле койбойсузбу" десем, "жок, ал кечинде менден суранган, жүрү" деп алып барып, тамагын берип, аялын чакырып "бул деген сени жаштыгында сүйгөн да" деп жатпайбы. Аялы кызарып "сиз ырдап жаткан мезгилде 9-класс болчумун. Саман ташып жаткан кезде сиздин үнүңүз радиодон жаңырса, трактордун прицебинен секирип түшүп тырмоокту кармап алып ырдачубуз" дейт. Досторумдун айтымында, Таш-Көмүрдө банкта иштеген бир кыз бар экен, турмушка чыга элек. "Жетекчи болуп калса да сени күтөт, үмүт кылат, кабинетине сенин сүрөтүңдү илип алган" дешет. Барып калсам жолугуп, "рахмат албетте, бирок турмушка чыгыш керек" деп айтып келбесемби (күлүп).
– Рахмат маегиңизге. Чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин.
Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg