"ЖАРЫШЫП КЕЛЕ ЖАТКАН УНААНЫН БИРИ БИЗДИ СҮЗДҮ"2016-жылдын 12-июлунда Каракол-Балыкчы трассасында жол кырсыгы катталып, анда жаш өмүрлөр кыйылган. Ошол кырсыкта унаанын ичинде Айсана Асанбаева да болгон. Айсана айым окуяны мындайча эскерет:
– Былтыр 12-июлда түшкө маал 5 жаштагы баламды алып Балыкчы шаарына такси менен жолго чыкканбыз. Ауди үлгүсүндөгү жеңил машинага отурган элек. Тамчы айылына жеткенде жол кырсыгына учурадык. Унаанын ичинде эки кичинекей бала, калгандары чоңураактар эле. Бизди сүзгөн унаанын так маңдайыбыздан чыкканын көргөн элем, азыркыга чейин коркуу сезими менен жашайм. Көрсө, тиги унаанын айдоочусу туугандары менен көлгө эс алабыз деп жарышып келе жатышыптыр. Келе жаткан жолдо оюлуп калган жери бар экен. Жарышкандардын алдыдагысы өтүп кетет, артындагысы ашып кеткен машинага жетишем деген ойдо чыга калып, ушундай окуя болуп жатат.
Ошол кырсыктан 21 жаштагы жигит, 23 жаштагы кош бойлуу келин, 2 жарым жаштагы бала кайтыш болду. Ал эми баламдын баш сөөгү, менин жамбашым сынып, ушул убакка чейин ооруканадан башыбыз чыкпай келет. Чынында берки унаадагылар аман-эсен, эч нерсе болушпаптыр. Уулумдун башынын оң жагына доо кетип, сүйлөгөнүн дегеле түшүнбөйбүз. Башында таптакыр кыймыл-аракети жок болчу, азыр кичине басып жүрөт. Өзүм балдакты таштап өз алдымча басканыма аз эле болду. Тун уулум 1-класста окуйт, экинчи балам беште, ал эми кырсыкка учураган кезде 3 айлык боюмда бар эле. Ал чарчап калды. Райондук сот эки тарапты тең күнөөлүү деп тапкан. Бирок Мерседес астыбыздан чыга калып, кырсыкка учуратып жатпайбы. Каза болгондордун жакындары менен бирге Жогорку сотко чейин кайрылдык. Алардан «каралып жатат» дегенден башка жооп уга алган жокпуз.
Тургунбек Асыранкулов бул кырсыкта уулунан айрылган:
– Каза болгондордун ичинде менин эң кичүү 21 жаштагы уулум бар болчу. Өзү Агрардык университетти аяктап, дипломун колуна алгандан кийин «ата, эс алып келейин, кийин кол бошобой калат» деген эле. Ошону менен бир жолу эс алып түбөлүк уйкуга кете берди. Ал күнү мага бирөөлөр чалып, «ушундай кырсык болуптур» дешти. Баламды "Тез жардам" алып кетти экен десем, уулум эчак жан бериптир.
Сүзгөн унаанын ээлери сот менен сүйлөшүп, ишти өз пайдасына чечтирип алышты. Бул жерде адилетсиздик болуп жатпайбы! Биз сыздап кала бердик. Азыр ошол унаанын айдоочусун көргөндө канга кан кылып жибергим келет. Апасы мени карап ыйлайт, мен аны карап ыйлайм, баары бир унута албайт экенсиң да. Ичибизден сыздап отурсак, бир басып келип ал-абалыбызды сурап койгонго жарабады. Жакындарын жоготкондор жер карап, тирүүлөрү болсо жол карап отурушат.
Бул кырсыктагы экинчи унаанын ээлерине байланышканыбызда унаанын айдоочусунун апасы Сабыркүл Онорбекова мындай дейт:
– Күнөө Ауди үлгүсүндөгү унаа тарапта. Анткени ал машина менин уулум бара жаткан жолго кирип кетип, токтото албай калып эки унаа сүзүшкөн. Балам айдап бара жаткан унаада теңтуш баласы үй-бүлөсү менен болгон. Биз тосмо арыз жазып, "силер өзүңөрдүн унааңарга жооп бергиле, биз өзүбүздүкүнө жооп берели" деп сүйлөшкөнбүз. Ага карабай жабырлануучулардын ар бирине 10 миң сомдон берген элек. Аудинин ээси жүргүнчүлөрдүн чыгымдарын өзү көтөрмөк, дарылачусун дарылап дегендей. Ал эми каза болгондордун жакындарынын бирине уй, экинчисине жылкы алып барганбыз. Аудини айдап бара жаткан жигиттин атасы тосмо арыз жазганча биз ошол жакта эле жүрдүк.
Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg