Алмазбек Атамбаев: «ДЕПУТАТТАР, ТӨРӨБАЕВДИ КОЛДОП, ТАРАП ЭЛЕ КЕТПЕЙСИҢЕРБИ?»

6-мартта Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев тарых жана маданият тармагынын өкүлдөрүнө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жана башка иш-чараларды өткөрүүгө кошкон өзгөчө салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Аны менен катар өлкөдөгү саясий кырдаалга карата пикирин билдирди.

"ЭЛИБИЗГЕ ТЫНЧТЫК, ЫНТЫМАК КЕРЕК"

– Кыргызстаныбыздын соңку тарыхына чейрек кылымдан бир аз ашты. Бул аралыкта башыбыздан далай оор сыноолор өттү. Бирок сыноолор бизди сындырган жок, тетирисинче, бизди чыйралтты. Биз жолубузду таптык.
Албетте, өлкөбүздө кемчиликтер, жасалбаган иштер да аз эмес. Бирок унутпасак – көч бара-бара түзөлөт! Эң башкысы, кыргыз көчү эң оор ашуулардан аман-эсен өттү, өз жолун тапты.
Элибизге эми эмне керек? Элибизге эми тынчтык, ынтымак керек.
Албетте, өлкөбүздө орногон тынчтык, туруктуулук айрым тышкы жана ички күчтөргө жакпайт. Тышкы күчтөргө Кыргызстан бутка туруп, тизеге чөгөлөбөй, көз каранды болбогону жакпаса, айрым биздин саясатчыларга болсо тынч, туруктуу өлкөдө алар көздөгөн кара максаттарына, бийликке, байлыкка жетпей калгандары жакпайт. Жана, албетте, бул саясатчылар өлкөбүз үчүн өзгөчө коркунучтуу болот, элдин биримдигин, ынтымагын бузганга бүт аракетин жумшайт.

Белгилүү акын Барпы айткандай:

Жамгырдын кыян, сели
Жерди бузат,
Адамдан чыккан бузук
Элди бузат

Апрель революциясынан кийин айрым саясатчылар бийликке жетип алып, элдин мүлкүн талап-тоноону, мародёрлукту башкарып, кийин кылмыш издерин жашырганы баарыбызга белгилүү. "Туура бийде тууган жок" деген улуу сөздү унутуп, колго тийген бийликти эл үчүн эмес, жеке өздөрүнүн, үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгына пайдаланышканын да билебиз. Алар 7-апрелден кийин тез арада эле чириген бай, миллионер болуп калганы баарыбызга маалым.

Мындайлар жөнүндө белгилүү Абдирайим Молдо минтип айткан:

Жаман бийдин жүрөгү
Кара болот эмеспи,
Издегени итке окшоп
Пара болот эмеспи
Тийген жери тилинин
Жара болот эмеспи.
Бир жамандын кесири
Миңге тиет эмеспи.

Ошол паракор, уурулардын кесири тийип, өлкөбүз тынчыбай жатат. Өзгөчө алардын кыңыр иштери ачылып, жарыкка чыгып баштагандан тартып.
Мисалы, 2-3 айдан бери Жогорку Кеңеште кайра-кайра депутаттык комиссия түзүлүп, ызы-чуу токтобойт.
Ураган Боингде "Атамбаевдин алтын-каухарлары болгон", "Атамбаевдин Кипрде акчасы бар", "Атамбаевдин аялынын эсебинде акча 2011-жылдан кийин эле пайда болгон" деген ушактар парламенттин трибунасынан айтылып, Жогорку Кеңеш күндөн күнгө мыйзам чыгаруучу жайдан ушак чыгаруучу жайга айланып баратат.
Эми депутаттар чындыкты билгиси келсе, 2 айдан бери ызы-чуу салбай, Гонконгко, Стамбулга деле барып келишсе болмок да? Венага, Венецияга, Америкага барганга убакыт бар, чындык издегенге убакыт жок. Билетке акчасы жок десең – көбү миллионер.Анда керек болсо билетин мен сатып берейин. Ызы-чуу салбай, ушак таратпай, элге чындыкты тезирээк айтпайбы?
Кипрге да билет алып берейин, доверенность да берейин. Ал жерде акчам болсо, ошол депутаттар өздөрү бөлүп алышсынчы!
Өздөрү деле мунун бардыгы жалган, калп экенин билишет. Бирок президентти жаманатты кылып, элди дүрбөткүсү келип жатпайбы!
Өткөн аптада депутат Бакыт Төрөбаев сессияда депутаттарга кайрылып, "тарап эле кетпейлиби?" деген сунуш айтты. Ал го мародёр акесине болушуп күйүп айтты, бирок мен анын сунушун колдойт элем.
"Карга карганын көзүн эч качан чокубайт" деген сөз бар. Эл бузарларды, мародёрлорду тайраңдатып, балыктай болуп карап отурганча, чын эле депутат Төрөбаевди колдоп, тарап эле кетпейсиңерби? Же болбосо мыйзамды сыйлап, өлкөнүн тагдырын ойлоп, эл үчүн иштебейсиңерби? Кудайдан корккула да!
Силерге чындык кереги жок болсо, элибизге керек!
Силерге тынчтык кереги жок болсо, элибизге керек!

"АТАМБАЕВДИ АҢДЫГАНДАР КӨП"

– Ал ушактарды, калптарды таратканга башка мамлекеттерден маяна алган, акча алган НПОлор жана маалымат каражаттары да чоң салым кошуп жатат!
"Азаттык" деген ыйык атты жамынып алып, Америка конгресси тарабынан каржыланган радио "Свободанын" өлкөбүздөгү филиалы өзгөчө жанталашып жатат, өлкөбүз жөнүндө, мен жөнүндө ушак таратып. Америкадан алган акчасын актап жатат абдан!
АКШнын деле мага таарынычынын себебин жакшы билем.
Кеп, албетте, демократияда же чындыкта эмес. Кеп Атамбаев "Манас" аэропортундагы Американын аскердик базасын кетиргенинде.
Мен өткөн жылы АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри келгенде да сурадым. "Эмнеге Азимжан Аскаров камалганда, ага соттук чечимдер чыгарылганда президент болуп отурган Отунбаевага ошол кезде сыйлык бересиңер, а бирок базаңарды Атамбаев чыгаргандан кийин чочуп ойгонуп, Аскаровго сыйлык бересиңер? Бул эмне деген эки жүздүүлүк?" деп сурасам, эмне деп жооп берерин билбей калды Жон Керри, жарыктык.
АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп Америкадагы саясаттагы эки жүздүүлүк жөнүндө абдан туура айтып жатат. Мен аны толук бойдон колдойм! Бирок бул эки жүздүүлүктү жоюуга алы жетер бекен?
Атамбаевдин кымындай илинчеги болсо, тийиштүү документтер "Азаттыкка" дароо түшмөк, эчак парламентке жеткирилмек. ЦРУ эшек такалап жүрөт дейсиңерби?! Атамбаевди аңдыгандар көп!
Бул биздеги радио "Свободанын" максаты башка. Элди бузмак, ынтымакты бузмак, президент жөнүндө ушак таратмак. Анткени элдин президентке ишеними кетсе, өлкө олку-солку болот, ыдырап ит-кушка жем болот. Ошондуктан Конституцияда президент эл менен бийликтин биримдигинин символу болуп эсептелет деп баса белгиленген.
Мына, бүгүн 6-март. Туура бир айдан кийин 7-апрель революциясынын жети жылдыгын белгилейбиз.
Эми ошол 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында ок менен атылган, өлтүрүлгөн жигиттерибиз өздөрүнүн ден соолугун, өмүрүн Убактылуу өкмөт мүчөлөрү миллионер болсун деп бериштиби? Мародёрлор элдин атын жамынып бийликке келип, элди тоноп, миллионер болсун деп өлдүбү?
Сурагыла жаракат алып, тирүү калган жигиттерден! Сурагыла жетим калган балдардан! Сурагыла өксүп калган энелерден!
"Атамбаев "Ата Мекенден" колуңду тарт!" деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата Мекенибиз – Кыргызстан. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партияңар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата Мекенибиз үчүн берди! Кыргыздын ыйык сөздөрүн да уурдап, менчиктештиргиңер бар! Эл ичинде партияңарга эчак эле башка ат коюшкан. Башчыңарга жараша!
"Эшени кандай болсо, дербиши да ошондой" деп айтчу илгери. Анан дагы "Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" деген кыргыздын сөзү бар.
Эй, туугандар! Булардын кылыгын видеого тартсаң да "бул мен эмесмин, кур да меники эмес" деп айтат! Колунан кармасаң да "бул кол меники эмес" деп айтат. Булар күнөөсүн моюнуна алып, кечирим сурайт деп ойлобогула! Буларда уят деген, бет деген жок!

"УБАГЫНДА АЙТПАСАҢ, СӨЗ АТАСЫ ӨЛӨТ"

– Мен ушул жылды ыйман жылы деп бекеринен атаган эмес элем. Жараткан колдоп, ыймандуулук жылы кыргыз элибиз ыймансыз сасык саясатчылардан кутулса экен деп, Кудайдан тилеп койгом.
Кудай тилегибизди укса экен!
Жараткан элибизге ынтымак, жерибизге берекет берсе экен. Ыплас, ыймансыз саясатчылардан элибизди сактаса экен!
Албетте, ушундай салтанаттуу күндө сасык саясат жөнүндө айтпай эле койсом болмок. Бирок "убагында айтпасаң, сөз атасы өлөт" дегенди унутпаш керек.
Кыргызда "бетеге кетип, бел калат, бектер кетип, эл калат" деген сөз бар. Бул күндөр да өтөт. Эч ким кыргыз көчүн тапкан жолунан бура албайт. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет".
Эң негизгиси – элибиз аман болсун!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан