УЧУРДУН ОРОЗБЕК КУТМАНАЛИЕВИ КИМ? ЖЕ КИНОДОГУ ТЕРС КААРМАНДАР

Кинодогу терс каармандар керек болсо оң каармандарга караганда көрөрмандын көзүнө биринчи түшөт. Эсиңизде болсо, "Ак кеме" фильминде Момун чалды сабаган зөөкүр Орозкулдун ролун Орозбек Кутманалиев аткарган. Бир жолу ал киши кафеде тамактанып отурса бирөө келип "сен эмне Момун чалды сабайсың?!" деп лагманды башына төгүп салганын айтып келишет. Аткарган ролу менен көрөрмандарга жек көрүнгөн актёрлор азыр барбы, байкоо салалы.

Акылбек Мураталиев: "ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ МЕНИ МЕНЕН САЛАМДАШПАЙ КОЙГОН"

Туулган жылы
– 1957-жыл, 20-август
Туулган жери – Жети-Өгүз району, Аң-Өстөн айылы
Билими – Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайын аяктаган
Учурда иштеген жери – Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театрынын көркөм жетекчиси

– Чыңгыз Айтматов өзү жазган "Бороондуу бекет" тасмасына тартылгам. Сценарийде атасынын камакка алынып, атылып кеткени баяндалган. Анда башкы каарман Абуталипти аттырып салган Тансыкбаевдин образы мага тийген эле. Ачылышы Россия кинотеатрында болуп, Чыңгыз Айтматов тартылган актёрлордун баары менен саламдашып, мени менен учурашпай өтүп кетти. Анткени мен анын атасынын атылып кетишине түздөн-түз себепкер Тансыкбаевдин ролун ойноп жатпаймынбы. Ал киши менин артист экенимди, чыныгы окуя эмес, кино экенин, сценарийди өзү жазганын билип, көрүп туруп мага ошондой мамиле кылганын жазуучунун жан дүйнөсүнүн тазалыгы, менин жеткире ойногонум деп билем. Кийин менин Тансыкбаевдей эмес, жакшы адам экенимди билди, анткени ишибизге байланыштуу көп жолугушуп, учурашып, сүйлөшүп жүрдүк.
"Найман эненин көз жашы" фильминде туткундардын чачын кырып, башына жаңы союлган төөнүн ысык терисин кийгизген адамдын ролун аткаргам. Тери башка жабышып, тери менен тери болуп калат да, адам акыл-эсинен ажырап маңкуртка айланат. Бир жолу Түгөлбай Казаков экөөбүз телевидениенин алдынан жолугуп калдык. "Акылбек, сени ушунчалык оозго койгум келип жатат" дейт. "Эмне болду?" десем, "түндө бир кино көрдүм, сен бир акмактын ролун ойноптурсуң го" дегени эсимде.
Бала кезимден эле актёр болгум келип, кинолорду көп көрчүмүн. Советбек Жумадылов ылай тебелетип иштеткен "Ак жолтой" деген фильм бар эмеспи. Ошону көрүп аюуну аяп ыйлаганга чейин барып, Советбек байкени жек көрүп калган элем. Кийин ал киши менен чогуу иштешип калдым. Ак көңүл, ичинде кири жок, дардаңдаган киши экен. Ал кишиге да терс каармандын образы көп туш келчү. Анын сыңары ушунча жашка келгени мен бир да оң каармандын ролун ойной элекмин. Оң каарман кылалы деген деле режиссёр жок окшойт. Баары эле Кудайдан жөө качкандардын образына чакырышат. Кээде айрымдардан "азыркынын Жумадылову, Кутманалиеви сен" дегенди угуп сүйүнүп калам.

"Курманжан датка" фильминде күйөөсүнүн көзүнө чөп салды делген аялды таш бараңга алабыз деген топтун башчысынын образын жараткам".


Азат Кусеинов: "УУРУ, ЗӨӨКҮР ЖЕ КИШИ ӨЛТҮРГҮЧТҮН РОЛУН СУНУШТАШАТ"

Туулган жылы
– Сыр тутат
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын аяктаган
Учурда иштеген жери – Жеке ишкер

– Кичинекей кезимдеги чоң кыялым актёр болуу эле. Убакыттын өтүшү менен ал кыялым башкага алмашканы менен, капысынан актёрго айландым. Бир жолу досум "Аят-2" тасмасына кастинг болуп жатыптыр, барып көрбөйсүңбү" деп калды. Режиссёр менен жолугуп, жыйынтыгында мени бир ролго бекитти. Ошентип киного кадам таштадым. Ушундан кийин мени бир нече режиссёр өз тасмаларына чакырышты. Чынында мен тартылган "Аят-2", "Аят-3", "Президент жана бомж", "Пентхаус", "Жума", "Браво", "Аманат" кинолору, "Общага" сериалында бүт терс каармандардын ролун ойногом. Буга келбетим туура келет окшойт. Баарында ууру-кески, зөөкүр, жан сакчы же киши өлтүргүчмүн. Мага роль жаратуу жагат, андан кадимкидей ырахат алам. Бир гана кемчилиги – гонорар аз төлөшөт. Ошондуктан ишкерлик менен да алектенем.

"Пентхаус" тасмасында жан сакчынын ролунда.


Глара Малабекова: "АМЕРИКАЛЫК АЯЛГА ЖЕТПЕЙ КАЛДЫМ ОКШОЙТ"

Туулган жылы – 1956-жыл, 9-декабрь
Туулган жери – Нарын облусу, Баетов айылы
Билими – Орто
Учурда иштеген жери – Бакен Кыдыкеева атындагы Жаштар театры

– Негизи мектепте окуп жүргөндө эле Ажардын монологун айтып далай диплом, грамоталарга ээ болгом. Мектепти бүткөндөн кийин куурчак театрына актриса болуп кирдим. Кыскасы, маданият тармагында 43 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Мага негизи оң каармандын, эч кимге зыяны жок адамдын образы аз берилет. Бир кинодо терс каармандын ролун ойносоң, башка режиссёр ошону көрүп, киносуна ошондой эле образга чакыра берет экен.
Биринчи ролум "Көк салкын" тасмасындагы абысындардын башчысы болду. Ал бүт келинди башкарат, кылган иштерин тескейт, кыскасы, чакчаңдап, кыйынсынган, сын-пикирди көп айткан урушчаак аял. Ал киного кастинг аркылуу кабыл алынгам. Андан кийин Руслан Акундун "Салам, Нью-Йорк!" тасмасында башкы ролдогу баланын ата-энесинин кошунасынын ролун ойнодум. Анда "булардын баласы Америкада иштейт, доллар салат" деген ич күйдүлүк менен алардын уй уурдап бара жатканын өз көзүм менен көргөм деп жалаа жабам.
"Апамды издеп" тасмасында интернаттагы баланын кичинекейлигине карабай көңүлүнө көк таштай тийген ашпозчунун ролун жараттым. Ал бала Америкада жүрүп батирин ижарага берген теги африкалык аялдын кыйкырганын көрүп мени элестетет. Ошол аялга салыштырмалуу мен начар ойноп койдум окшойт. Азаматты дагы катуу урушушум керек эле деп калдым.

"Көк салкын" фильминде абысындардын башчысынын ролун аткарган.


Илим Калмуратов: "ЖАКШЫРААК РОЛДУ ОЙНОСОҢ БОЛО ДЕЙ БЕРИШЕТ"

Туулган жылы
– 1975-жыл, 12-октябрь
Туулган жери – Ак-Талаа району, Ак-Кыя айылы
Билими – Москвадагы Щепкин атындагы театралдык окуу жайды аяктаган
Учурда иштеген жери – "Учур" театры

– "Курманжан датка" фильминде Сарымсак деген саткындын ролун аткардым. Сарымсак кыргыздардын жашыруун сырларын орустарга ташып, алардын акчасына кызыккан адам. "Согуш баштала элек жатып качканга даярдык көрүп калган экенсиңер?! Биздин бала-чака эмне жоого мал бекен? Бизге дагы жан керек, биз кетебиз" деп Акбалбанга айтчусун айткан Сарымсактын образын жакшы эле ачып бердим окшойт. Анын бетинде тырык болот эмеспи. Ошол тырыкты жасап жатышканда гримдөөчүлөр спирт сыяктуу суюктукту териме сүйкөсө ачышып барып катып, тырык болуп калып жаткан. Акырында "Илим, кете бер, сеники бүттү" дешкенинен жасалма тырыкты алып салайын деп гримдөөчүнү таппай калдым. Аны издеп жүрүп тиги грим таптакыр эле катып калыптыр. Өзүм колум менен сыйрысам бетимдин терисин кошо алып түштү. Ошентип бетимде чындап тырык калып, ал жакында эле кетти.
"Белгисиз маршрут" фильминде демократ Алгабайдын ролун аткардым. Алгабай демократия эмне экенин билбейт, анан элдин баарын демократияга үндөп, көпчүлүк менен уруша берген киши.
"Кентавр" тасмасында бир нече жолу соттолгон, уурулугу менен атагы чыккан Садырдын ролун ойнодум. Бир бай атын уурдатып ак жерден мага жалаа жаап, сабатат. "Мен сенин уурулугуң үчүн таяк жедим" деп атты уурдаган, Кентавр атка конгон адам менен мушташам. Кентаврды Актан Арым Кубат ойнойт. Актан байке атка жалтак экен, чаап келе жатсам эле качып кетет. "Калың кийинип келдим, эми качпайм" деп коюп кайра качып кетет. Ошондо Актан байкенин ээгин жара тээп алгам, "эч нерсе болбойт, эми бул кино да" деп койгом. Кийин бай мени сабаган жеринде Актан байке "жакшылап сабагыла, тепкиле, өчүмдү алып алайын" деп жатпайбы. Сабагандар ансайын бөйрөккө тебишет.
Тааныштарым "жакшыраак роль жок бекен? Эмнеге жалаң ушундай образ?" дей беришет. "Мындай образдарды ар ким эле ойной бербейт" деп коём.

"Кентавр" тасмасында ууру Садырдын образын жараттым".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
aikera1992
2017-03-14 16:42:34
Мен да бир кезде " Кара жолтой" денен тасманы коруп, анын эртеси эле башкы каарманды дукондон коруп коркуп кеткем. Билгем кино, актер экенин бирок коркконумдан калтырап уйго аран келгем.)))
+7
brit
2017-03-16 04:09:00
aikera1992,ха ха мен да ошол актерден корком. Теледен же интернеттен коруп калсам автобустун аркасында кол булгалап кетип жаткан сцена коз алдыма келе берет.
+2
Tima07
2017-03-14 22:07:35
Азат Кусеинов ушул актёр жакшы ойнойт кинодо
+2
Altynbekova.01
2017-03-15 10:53:59
Азат Кусеинов мага да жагат. Жанагы Асема менен аткарган киносу бар го. Ошол кино озгочо жагат.
+2
ayjan_90
2017-03-16 04:52:51
Маралдан да интервью алсанар болмок ото укмуш аткаган го ээнсирен уйдо
+3
admin_superstan
2017-03-16 10:39:50
ayjan_90, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелуү бөлүмгө жеткирилди.
+1
bantik
2017-03-16 12:03:31
ayjan_90. Терс каармандар деген материал экен го. Мааралдын андай ролу барбы? "Ээнсиреген уйдогу" ролу кандай роль озу?
0
ayjan_90
2017-03-16 14:34:43
bantik,корбосон коруп кой терс каармандын ролун атканган жана уят жерлери да барго терс болбойт анан он каарман беле
0
meni_kut
2017-03-18 19:53:56
Марал укмуш "жакшы ойнойткен
+1
joomart90
2017-03-24 00:05:22
Азат Кусейинов Дуейн Жонсонго окшош экен. Дуейндин ролуга окшош роль берсе жарашып эле калчуудай
+1
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан