Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (13-марттан 19-мартка чейин)

№749 10-16-март, 2017-ж.


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.

МАРТ КАЙСЫ ЖЫЛДЫЗГА МАРТТЫГЫН КӨРСӨТӨТ?

Букачарлар 13-марттан 8-апрелге чейин болуп көрбөгөндөй активдүү болуп чыга келишет. Бир жумушту бүтүрүп экинчисине, экинчиден үчүнчүгө өтүп, андан ары башка жумуштарга да бой таштап иштейсиз. Оңою менен чарчабайсыз. Мурда үйдөн такыр чыкпаган салмактуу, жалкоо адам болсоңуз да, бул мезгилде сиз үйдө отурбай каласыз. Бардык демилгени өзүңүз көтөрөсүз. Бул мезгил көптөн бери топтолгон көйгөйлөрдү тез арада чечүү үчүң эң ыңгайлуу. Андыктан алга! Бирок шашмалыгыңыз да бул учурда күчөп тургандыктан жолдо абайлап жүрүңүз. Электр шаймандары менен иштөөдө, курал алып жүрүүдө, жарылуучу жана күйүүчү заттар менен кылдаттык менен иштөө талап кылынат.



КОЙ (21.03-20.04)
Аптанын баш ченинде акча маселеси жана жумушуңузга байланыштуу ийгиликтер күтөт. Кесиптештер менен жакшы тил табышасыз. Башка шаардагы өнөктөштөр, туугандар менен сүйлөшүүлөр жакшы жүрөт. Жолго чыгуу күтүлөт. Жума күндөн тартып текшерүү иштери болушу ыктымал, алыскы жактан жагымсыз кабар келиши мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жуманын биринчи жарымын үй-бүлөлүүлөр убактысын балдары менен көңүлдүү өткөрүшөт. Эгер бойдок болсоңуз, романтикалык маанайда же жөн гана жагымдуу эс алууну баштан кечиресиз. Колуңузга акча тийиши күтүлөт. Аптанын акырында күтүлбөгөн чыгымга дуушар болушуңуз ыктымал.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Шаршемби күндүн аяк ченине чейин оорукана, жабык типтеги ишканаларга байланыштуу иштер ийгиликтүү аяктайт. Көп нерсени ачыкка чыгарбаганыңыз оң. Үй, кыймылсыз мүлк, жер тилкелери боюнча маселелер болсо бейшембиге чейин бүтүрүңүз. Бейшембинин кечки маалынан тартып сак болуңуз, чырлашуу же юридикалык көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.


БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптанын биринчи жарымында достор, бир туугандар жана кошуналар менен иш алып барасыз. Ошентсеңиз баары жакшы чечилет. Жумушта жүрөк өйүгөн маселеңиз болсо, жетекчиңизге тартынбай кайрылыңыз. Чечип берүү ыктымалдуулугу бир кыйла жогору. Ден соолугуңузду караңыз. Бирөө акча сураса, бербегениңиз туура, кайтаруусу кыйын болот.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жуманын биринчи жарымында койгон максаттарыңызга жетесиз. Акча маселелери жакшы чечилет. Алыскы шаарларда жашаган балдарыңыз, туугандарыңыз же өнөктөштөр менен жолугушуулар болот. Эс алуулар орун алат. Бейшембиден тартып балдарыңызды бейчеки бастырбаңыз. Ден соолугун абайлаңыз. Бойдок арстандар эс алуу учурунда жагымсыз жагдайларга туш болушу мүмкүн.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бейшемби күнгө чейин башка шаарларда жашаган адамдар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Акча жана мурас, бөтөн буюмдарга байланыштуу нерселер сиздин пайдаңызга чечилет. Үй чарбасынын ыңгайлуулугун карайсыз. Аптанын акырында кыймылсыз мүлк, жер тилкелери же жеке буюмдар боюнча түшүнбөстүк келип чыгышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бул жуманын орто ченине чейин жашыруун аракеттер аркылуу акча, мурас, бөтөн буюмдарга байланыштуу иштерди сиз өз пайдаңызга чечесиз. Туугандар менен сүйлөшүүлөр көп болот. Айрым бир кагаз иштери, юридикалык документтер оң чечилет. Бейшемби күндөн тартып жол жүрүүдө абайлаңыз. Туугандарыңыз жөнүндө көбүрөөк жакшы нерселерди ойлогонго аракет кылыңыз.


ЧАЯН (24.10-22.11)
Достор, өнөктөштөр жана чакан ишканалар менен активдүү иш алып баруунун негизинде жуманын биринчи жарымында ийгиликтерге жетишесиз. Акча маселелери жакшы чечилет. Бирок жума күндөн баштап тескерисинче, акча маселелери биринчи орунга чыгат. Чыгашалар көп болушу ыктымал. Колго көтөргөн жана үй буюмдарыңызга да сак болуңуз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Шаршемби күндүн акырына чейин жумуш жана карьера маселелери жакшы чечилет. Жетекчиге кайрылыңыз, жыйынтыгы жаман болбойт. Балдарыңыз менен жагымдуу убакыт өткөрөсүз. Бойдок болсоңуз, эс алуу, сүйгөнүңүз менен сейилдөө күтүлөт. Аптанын акырына жакын айрым адамдар сиздин кадыр-баркыңызга көлөкө түшүрүүгө аракет кылуусу мүмкүн. Тоскоолдук жаратуу ыктымалдуулугу жогору. Андыктан этият болуңуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптанын башында сизди жагымдуу эс алуу күтөт. Өз алдыңызча иштөөнүн негизинде үй-бүлөдөгү көп маселелерди ийгиликтүү чечесиз. Сиз жуманын аяк ченинде жашыруун душмандардын курмандыгына айланышыңыз ыктымал. Жабык типтеги ишканаларда, ооруканаларда жагымсыз жагдайларга дуушар болушуңуз мүмкүн. Абайлаңыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Достор, чакан ишканалар, туугандар менен аптанын биринчи жарымында көбүрөөк байланыш жасоого аракет кылыңыз. Так ушул тармактар азыркы учурда сиз үчүн жакшы жыйынтык алып келиши ыктымал. Документ иштери ийгиликтүү бүтөт. Аптанын аяк ченинде айрым ишканалардын, достордун чыккынчылыгына дуушар болушуңуз мүмкүн. Сиздин мурда көрсөткөн жакшылыгыңызды заматта унутуп коюусу күтүлөт.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Карьера маселесин чечүү, жетекчиге кайрылуу үчүн аптанын биринчи жарымы сизге эң ыңгайлуу. Айлык маянаңыздын көбөйүшү же колуңузга акча тийүүнүн да ыктымалдуулугу жогору. Жуманын акырында айрым кесиптештериңиз бут тосконго өтүшү мүмкүн. Жетекчиңиз менен жакында эле жакшы чечкен маселени тескери айландырып жиберүүнүн ыктымалдуулугу бир топ жогору. Алдын ала абайлаңыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Талкуу жабык.
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: