60 ЖАШТАГЫ АЯЛ НЕБЕРЕСИНИН КӨЗҮНЧӨ ӨЛТҮРҮЛГӨН

Ушул жылдын февраль айында Бишкек шаарындагы өз үйүндө башына ок тийип каза болгон 60 жаштагы аялдын сөөгү табылган. Көп өтпөй анын өлүмүнө шектелип 3 киши кармалды. Белгилүү болгондой, кылмышкер аялды өлтүрүп жаткан убакта бөлмөдө маркумдун 2 жаштагы небереси да болгон.

КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮНҮН БИРИ МИЛИЦИЯНЫН АРДАГЕРИ

22-февраль күнү саат 12лер чамасында Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан өз үйүндө 1957-жылы туулган Б.А. аттуу аялдын киши колдуу болуп каза болгон денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Анын кыймылсыз жатканын алгач маркумдун 1-класста окуган небереси сабактан келгенде көрүп, атасына айткан. Ал эми маркумдун уулу өз кезегинде "Тез жардамга" жана милиция кызматкерлерине кабарлаган. Соттук-медициналык экспертиза маркум башына ок тийгенден улам каза болгондугун аныктаган. Кылмыш болгон жерден Макаров тапанчасынын гильзасы табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1953-жылы туулган Н.Т., 1956-жылы туулган М.А. аттуу анын мурунку аялы жана Э.Т. аттуу 1980-жылы туулган алардын уулу кармалган. Кылмышка шектүү Н.Т. мурун аймактык инспектор, опер кызматкер болуп иштеп жүрүп пенсияга чыкканы билинген. Тинтүү учурунда кылмышка шектүүлөрдүн үйлөрүнөн уруксаты жок Байкал үлгүсүндөгү травматикалык жана пневматикалык тапанчалар табылган. Ал эми маркум атылган Макаров тапанчасын кылмышка шектүү Н.Т. Кемин районунда жашаган туугандарынын сарайына катып койгон экен. Ошондой эле кылмышка шектүү Э.Т.нын үйүнөн жана унаасынан 25 грамм гашиш табылган.

"НЕБЕРЕСИНЕ ТЕЛЕВИЗОР КОЮП БЕРГЕМ"

Тергөө учурунда кылмышка шектүү Н.Т. төмөнкүчө көрсөтмө берген:
– 22-февраль күнү болжол менен саат ондор чамасында мурунку жубайым экөөбүз Б.А.нын үйүнө бардык. Мурунку жубайым аны менен учурашкан соң кетип калды, мен болсо үйүнө кирдим. Б.А. экөөбүз сүйлөшүп отурганда ал "мен сага айтпадым беле, эмне түшүнбөйсүңбү?" деп орой сүйлөп баштады. Ошондо ачуум келип тапанчамды алып чыгып башына аттым. Андан соң үйдөн акча издеп таппай койдум. Маркумдун кичинекей небересин диванга отургузуп, ага телевизорду иштетип бердим. Анан үйдө турган кара чемоданга тапанчамды салып, аны алып үйдөн чыгып кеттим. Үйдөн алыс эмес жерде мурунку жубайымдын машинасы турганын көрүп, анын машинасына барып отурдум. Ал мени ЦУМ жакка чейин жеткирип коюп, өз иштери менен кетти. Мен үйгө барып аялымдын унаасын алдым да, аны менен Кемин районунда жашаган туугандарымдын үйүнө барып, тапанчамды бекитип койдум.

"КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕН КАЧЫРЫП КЕТКИСИ КЕЛҮҮДӨ"

Маркумдун Нурлан аттуу уулу апасын өлтүргөндөр муну мурдатан эле пландап жүрүшсө керек деген ойдо:
– Жакында апам 60ка чыкмак, юбилейин өткөрүүгө даярданып жатканбыз. Апамды өлтүргөн кишинин аялы апамдын жаш кезинен берки курбусу болчу. Ал эми күйөөсүн болсо тааныбайбыз. Апамдын курбусунун күйөөсү "таанышып, үйлөнүү үчүн барып өлтүрдүм" деп жатыптыр, калп айтып жатат. Апабызды өлтүрүшкөнү аз келгенсип, эми ушинтип каралап жатканы бизди күйгүзүп жатат. Күйөөсү аялын жоопкерчиликтен качырып кетүүнүн айласын кылып ушинтип көрсөтмө берүүдө.
Ачык эле көрүнүп турбайбы, алар атайын апамды тоноп, өлтүрүү үчүн даярданып келишкен, болбосо үйгө октолгон тапанча менен келмек беле? Аялы болсо көчөнүн башында күтүп турган, күйөөсү апамды өлтүрүп чыккандан кийин экөө анын машинасы менен кетишкен. Үйдөн 15 миң доллардан ашуун акча жоголду, ал акчаны үй салабыз деп катып жүргөн элек. Саат канчада үйдө ким болот, ким кайда кетерин мурдатан эле аңдып жүрүшсө керек, апам жалгыз үйдө калганын билип келип өлтүрүп жатышат.
Апамды кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берүү үчүн ал кишини милиция кызматкерлери үйгө алып келгенде эч нерсе кылбагансып кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берип жатат. Бул кебетесинде ал башка да кылмыштарды кылып жүрсө керек. Апамдын курбусу өзү бардар эле жашачу, шаарда мейманканалары, сауналары бар болчу. Мындан бир топ убакыт мурун ал апамдан, апамдын сиңдисинен акча сураптыр, бербей коюшса тултуңдап кеткен экен. Ага аябай акча керек болгон окшойт. Апамдын тажиясына биз ошол курбусун да чакырганбыз. Ал эч нерсе болбогондой келип баштык көтөрүп кеткен.

"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ТАПАНЧАНЫ КАЙДАН АЛГАНЫ ИЛИКТЕНИП ЖАТАТ"

Бул боюнча Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынын жетекчиси Олжобай Казабаев төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Кылмышка шектелип кармалгандар кылмышын моюнуна алышкан. Н.Т. менен М.А.нын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү), ал эми Э.Т.нын үстүнөн 246-берене (сатып өткөрүү максатын көздөбөстөн баңгилик каражаттарды же психиканы бузуучу заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип кармалгандар
СИЗОго киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат. Ошондой эле номери өчүрүлгөн Макаров тапанчасы кылмышка шектүүнүн колуна кантип түшүп калганы, ал куралдан башка да кылмыштар болгон-болбогондугу аныкталууда. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган.

Нурбек Абдыкадыров
Марат Уралиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
60 жаштагы аял небересинин көзүнчө өлтүрүлгөн
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (12)
baltabai
2017-03-14 10:30:15
Кудай сактасын
+8
Asem15
2017-03-14 10:38:56
Кудай сакта.Тушунуп окуп анан жазсанар,апамдын курбусу сауна иштетчу деп жатат.Кайра олгон кишиге асыласынар да.
-11
barakcha
2017-03-15 08:36:09
Asem15,температура жокпу?)))
+4
tyrgon
2017-03-16 00:15:34
barakcha, градус бар го дейм.
-1
Tyty1990
2017-03-14 21:29:27
Эхх адамзат
0
Nuraz
2017-03-14 22:11:36
Эх. Сабыр кылыныз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Күнөөлүүлөр өз жазасын алышсын.
+5
Nazikbaigazy
2017-03-15 11:30:28
Окуп буткучо Т А. А Б. М С. уф жудоп кеттим, аттарын толук жазып жузун коргозуп койсонор, башкалар да булардын коргондо коопту журушмок
+4
bond02
2017-03-16 23:56:07
Nazikbaigazy,тергоо иштери толук бутмойун кылмышкер деп атоого жана жар салууга болбойт. Азыр тергоо иштери журуп жаткандыктан кылмышка шектуулор деп так эмес берип жата
т
+2
Boldukan86
2017-03-15 14:40:42
эчкимдин башына салбасын мындайды. Аллахтан корккулачы пендеден коркпосонор да.
+4
Hatali
2017-03-16 10:35:24
Акча учун эмнеге гана барышпайт эх адамзат кайда баратабыс.
+2
SweetLady
2017-03-17 11:13:50
Карыганда балдарынардын торундо ысык чайын ичип отурбай эми турмодо чиригиле келесоолор. Силерди коруп жаштар кайда барат анан?
+4
Kairat.96
2017-03-17 18:06:24
Жакындарына сабыр берсин! Супер инфо баягы эски автовокзалдагы окуяда кылмышкер канча жылга соттолду билип берип койсонуздар. Алдын ала рахмат.
+1
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан