9-март күнү Жогорку Кеңеште жаңы ДЕПУТАТ ант берди. КСДП фракциясынан Тилектеш Исаевдин ордуна Канатбек Керезбеков мандат алды. Ал буга чейин Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын жетектеп келген.
Башкы прокуратура өлкө башчынын аброюна шек келтирген деген жүйө менен "АЗАТТЫКТЫ" 10 миллион сомго, ал эми "ЗАНОЗАНЫ" 3 миллион сомго сотко берди.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2016-жылы Кыргыз өлкөсү АЛТЫНДЫ эң көп экспорттогон, экинчи орунда мөмө-жемиш сыртка сатылган.
Дүйнөнүн "эң бай" жана "ЭҢ КЕДЕЙ" өлкөлөрүнүн рейтингинде Кыргыз Республикасы 142-орундан (2015-жыл) 148-орунга (2016-жыл) түштү. Аталган рейтингди АКШнын "Global Finance" каржы басылмасы чыгарган.
9-март күнү Жогорку Кеңештин депутаты ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВДИ 2 айга камоо боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды.
2016-жылы Бишкек шаарында 22 миң ымыркай төрөлсө, анын 10 пайызы ЭМДӨӨДӨН өткөрүлгөн эмес. Баш тарткандардын көбү диний көз караштан десе, айрымдары вакцинанын сапатына ишенбегендер. Бул маалыматты Бишкек шаардык иммунопрофилактикалык борбордун башчысы Бурул Асыкбекова билдирди.
2016-жылы орточо АЙЛЫК АКЫ 14 492 сомду түздү. Бул көрсөткүч 2015-жылга карата 9,8 пайызга жогору. Аталган маалыматты Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.
Миграция кызматынын маалыматы боюнча, быйыл Орусиянын "кара тизмесинен" 44 миң кыргызстандык мигрант чыгарылат. Баш-аягы "КАРА ТИЗМЕДЕ" Кыргыз өлкөсүнүн 110 миң жараны бар.
"Өлкөдөгү аялдар 30 жашка чейин удаасы менен 3-4 баланы төрөп алууга көп аракет кылышат. Тыныгуусуз ТӨРӨТТҮ аялдын организми көтөрө албай турганын эске алышпайт",- дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.