«МЕГАКОМ» 3-ИРЕТ САТЫККА КОЮЛДУ

Өкмөт "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясын үчүнчү ирет сатыкка койду. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Болсунбек Казаков "компаниянын аукциондогу баштапкы баасы өтө кымбат болгондуктан, кардар чыккан эмес" дейт. "Учурда компанияга Түштүк Корея, Кытай жана Түркиядан ишкерлер кызыгуусун билдиришүүдө",- деди Казаков. Фонд компаниянын 100 пайыздык акциясын сатуу аукционун 2017-жылдын 5-июнуна белгиледи. Баштапкы баасы катары 13 миллиард 500 миллион сом белгиленди.
Эске салсак, "Альфа Телеком" ("Мегаком") компаниясын сатуу боюнча алгачкы аукцион 2016-жылдын 16-июнуна коюлуп, бир да кардар чыккан эмес. Экинчи аукцион 2016-жылдын 16-декабрына белгиленип, бирок анда да сатып алуучулар катталбаган. Биринчи аукциондо компаниянын баштапкы баасы 19 миллиард 700 миллион сомду түзсө, кийинкисинде 14 миллиард 255 миллион сомго бааланган.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан