7-мартта Бишкекте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны болуп, ага Кыргыз өлкөсүнүн, Орусия, Беларусь, Казакстан жана Армениянын өкмөт башчылары катышышты. Жыйын учурунда президент Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, ишкерлерге шарт түзүү маселесин көтөрүүнү айтты. Өлкө башчынын сунушун бардык өкмөт башчылар колдоого алганын Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян белгиледи. Жыйында Беларустун премьери Андрей Кобяков Орусия менен келишимдер аткарылбай жатканын сынга алды. Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев: "ЕАЭСтин алкагында бир топ жетишкендиктер бар. Биримдикке кирбегендер газды Европадан кымбат баада сатып алмак. Эч кимди күч менен кармабайбыз, каалагандар биримдиктен чыгып кетсе болот",- деп жооп берди.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg