АБДЫМАНАП КУТУШЕВДИ ИШТЕН АЛУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси Абдыманап Кутушевди иштен алуу боюнча 7-мартта Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети чечим кабыл алды. Буга Кутушевдин аппаратты башкарып турган 10 айга жетпеген убакыт ичинде 10 жолу чет өлкөгө кызматтык сапарга барганы себеп болду. Аппарат жетекчи тышкы сапарга 6 жолу гана чыкканын жана анын бирөөсүндө гана мамлекеттик казынадан акча коротулганын айтууда. Маселени көтөрүп чыккан депутаттардын пикири башкача. Депутаттар ага "биз да чет өлкөгө мынчалык көп сапарга чыкпайбыз. Кайсы ишти чечип келгенин эч ким билбейт. Барган жерлери Сеул, Страсбург, Вена, Женева жана башка шаарлар, саякаттап жүрөт" деп нааразы болушууда. Кутушевди иштен алуу боюнча комитеттин сунушу парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековго жөнөтүлдү.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан