КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА 5 ЖЫЛДА 7 МИҢДЕЙ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН

2012-2016-жылдар аралыгында укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүү багытында 6915 кылмыш ишин козгогон. Алар кызматтык, экономикалык, коррупцияга чектеш кылмыштар боюнча ачылган. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Алмазбек Курманалиев бул жылдар аралыгында мамлекеттин пайдасына 7 миллиард 670 миллион сомго жакын каражат кайтарылганын айтты. "Кылмыш иши козголгондордун арасында Жогорку Кеңештин 6 депутаты, 38 судья, 535 мамлекеттик органдардын жетекчилери, укук коргоо органдарынын 85 бөлүм башчылары жана башкалар бар",- деди Алмазбек Курманалиев.
Буга утурлай президент Алмазбек Атамбаев 9-март күнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Дүйшөнбек Чоткараевди кабыл алды. Ал өлкө башчыга аталган кызматтын мамлекеттик бийликте жана башкаруу системиндеги коррупцияга каршы күрөшүү жана ага бөгөт коюу чаралары боюнча маалымат берди. Өлкө башчысы коррупция менен күрөшүү иштерин активдештирүү жана аракеттердин натыйжалуулугун арттырууну тапшырды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан