ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ТАРАЙБЫ?

9-март күнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бакыт Төрөбаевдин "адилеттүү боло албасак тарап эле кетели" деген сунушунун айланасында тартышышты. КСДП фракциясынан депутат Данияр Аттокуров: "Бакыт Төрөбаевдин "парламент, тарап кетели" деп айтканы популисттик болбосо, "Өнүгүү-Прогресс" парламенттен кетүү боюнча чечим чыгарсын",- деди. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын өкүлдөрү Төрөбаевдин сөзүн бурмалабоого чакырышты. Депутат Мирлан Бакиров: "Төрөбаев калыстыкка басым жасаган. Биздин фракциянын тагдыры боюнча алдын ала тыянак чыгарбайлы. Парламент тарайбы же тарабайбы убакыт көрсөтөт",- деди. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Наталья Никитенко парламент депутаттарын тартынбай оюн айтууга үндөдү. Президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев парламентти таратуу боюнча өлкө башчынын сүйлөгөн сөзүн кайрадан окуп берип, фракциялар муну саясатка айлантпай, маселени өз ара чечиши керектигин айтты.
Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамда парламенттин өзүн-өзү таратуу тартиби так жазылган. Фракция мындай чечимге келсе, төрагага сунуш бере алат. Төрага ал сунушту башка фракцияларга жөнөтөт жана жалпы жыйында каралуучу датаны бекитет. Бирок чоң каражат коротуп парламентке келген эл өкүлдөрүнүн өз эрки менен тарап кетиши күмөн. Президенттик шайлоонун алдында өлкөгө деле мунун кереги жок.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 749, 10-16-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан