БАЛДАР, БАЛДАР, ОШ! «УНИВЕРСАЛ» КОМАНДАСЫ

«Балдар, балдар, Ош!» Бул сөздөр «Тамашоу» лигасынын кайсы командасына тиешелүү экенин билдиңиз да. Сөз «Универсал» командасы тууралуу. Команданы сүрөттөсөм, апендинин кызындай эле мактоого туура келет экен. «Тамашоу» лигасынын 8-сезонунун чемпиону, Super.kg порталынын Кубогунун, 2016-2017-жылкы «Ак калпак» кубогунун 2 жолку ээси. Команда оюнчусу Садык 2 жолу «Мыкты оюнчу» аталса, Калыбек 1 жолу «Мыкты оюнчу» деп табылып, «Супер сулуу» менен Бали аралына барып эс алып келди.

КАЛЫБЕК ТУРДУБАЕВ

Калыбек команданын рулу. Машина оңдон солго, солдон оңго, чуңкурдан тегизге рулдун башкаруусу аркылуу чыккан сыяктуу, команданы ойго, тоого жетелеген Калыбек.
Туулган жылы – 1991-жыл, 22-январь
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок эмес
Материалдык байлыгы – Toyota bB автоунаасы, бир аялы жана бир кошунасы бар
Командадагы өзгөчөлүгү – Капитан, шеф, улуусу, салмактуусу
Командага кошкон салымы – Команданы түзгөн, башкы сценарист, оюнчуларды багат.

ТАИРБЕК ИСМАНАЛИЕВ

Таирбек команданын «педалы». Тормозду эмес, газды гана басат.
Туулган жылы – 1992-жыл, 13-ноябрь
Үй-бүлөлүк абалы – Күзүндө үйлөнөт (кайсы күз экени белгисиз)
Материалдык байлыгы – ВАЗ-2107 автоунаасы
Командадагы өзгөчөлүгү – Өтө бат сүйлөйт, реквизитор
Командага кошкон салымы – Уюштуруучу

САДЫК НЫШАНБАЙ УУЛУ

Садык команданын мотору. «Универсалдын» мотору өтө күчтүү, көлөмү 4,7, чыгымы 1 порция лагман. Суроо-жооп (разминка), видеосынак, алфавит сынактарында Садыкка эч ким тең келбейт.
Туулган жылы – 1992-жыл, 11-март
Үй-бүлөлүк абалы – Супер бойдок
Материалдык байлыгы – 2010-жылкы Matiz 2 автоунаасы
Командадагы өзгөчөлүгү – Команданын эң сулуусу
Командага кошкон салымы – Эң кыйын, эч ким ойной албаган ролдун баарын ойнойт.

АКТИЛЕК БЕКТАШЕВ

Актилек команданын 4 дөңгөлөгү. Команданын дөңгөлөгү кышы-жайы дебей жапжаңы, эскирбейт, жарылбайт. Өз ишин так аткарат, каалаган жерге убагында жеткирет.
Туулган жылы – 1993-жыл, 18-август
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Материалдык байлыгы – Volkswagen Golf 3 автоунаасы
Командадагы өзгөчөлүгү – Аябай шок жигит
Командага кошкон салымы – Кассирликти аркалайт.

– Команда качан, кантип түзүлгөн?
Калыбек:
– «Универсал» командасынын оюнчулары алгач «Тамашоунун» түштүк филиалында ар кайсы командаларда ойночубуз. 2013-жылы жайында Садык экөөбүз мыкты оюнчуларды чогултуп, Жогорку Лигада ойноо максатында азыркы курамды түзгөнбүз.

– Эмнеге командаңардын аты «Универсал»?
Садык:
– Анткени команда ар тараптуу, көп таланттуу, универсал жигиттерден куралган. Командада актёр, ырчы, бийчи, электрик, мал доктур, уста, шыбакчы, жол күзөтчү, ширетүүчү бар.

– Демөөрчүңөр ким?
Актилек:
– Команданын башкы демөөрчүсү Ош технологиялык университетинин жалпы эмгек жамааты жана ректору, профессор Абдыкадыр Абидов. Бир сезондо канча оюн болсо, ошончо, болжол менен Бишкекке 8-10 жолу келебиз. Борборго барып келүүчү жалпы чыгымды (жол кире, тамак-аш, мейманкана, бирдик) окуу жай төлөп берет. Кичи оюндарга 20 000 сом, ал эми чоң оюндарга 30 000 сомдон ашык акча кетет.

– Кыздардан сүйүү каты кимиңерге көп келет?
Калыбек:
– Буга мен жооп берейин. Болбосо үчөө «мага, мага» деп сөз беришпейт. Садык кыздарды таланты менен тартып алса, Таир өң-келбети менен имерет. Үч бойдок жашташ эле го, бирок Актилекке көбүрөөк жаш кыздар жабышат. Актилектин телефонун сурагандардын баарынын жаштарын байкап көрсөм, 2000-жылдын тегерегинде туулгандар. Кыздар булардын номерин өздөрүнөн сурай алышпай, менден сурашат. Кээде үчөө бир кызды жактырып калган да учур болот. Анда Таир кур калат, Садык же Актилек «шустрыйлык» кылып илип кетет. Азыр кимиси кайсы кыз менен олуттуу сүйлөшүп жатат билбейм, анткени менин деле башым айланып калды. Бирок, буюрса, Таир ушул күздө той жедирчүдөй болуп турат.

– Команданын алдыдагы максаттары?
Таирбек:
– Командабыздын келечеги кең, өмүрү узун болуп, кыргыз шоу-бизнесинде өз ордун тапса дейбиз. Мындай пландын аткарылышы үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап келебиз. Төртөөбүз тең келечекте өзүбүздү кино жана ыр тармагында сынап көргүбүз келет. Буюрса, жыл сайын Бишкекте күйөрмандарыбызга жеке концертибизди тартууласак деген пландарыбыз бар.

– Кошумча эмне иш менен алектенесиңер?
Садык:
– Баарыбыз кыргыздын жакшылыгында тамаданын милдетин аткарабыз. Андан сырткары клиптерге, «Тамашоуго», кинолорго сценарий жазуу менен алектенебиз.

– Тамашалар кандай учурда жаралат?
Актилек:
– Кээ бир тамашаларды болгон окуядан, жашоодон алсак, айрымдарын атайын жазабыз. Бири-бирибизди шылдыңдап жатып деле сонун тамашалар чыгып кетет. Калыбекти «аксакал» деп коёбуз. Таирбекти «жыгач балбан» дейбиз, ал тарамыш да. Садыктын өң-келбетине көп асылабыз. «Куник, башың саал чоңураак, тиштериң кыйшык» дейбиз. Мен буларга «дөңгөлөк бутмун».

– Өзүңөрдү жылдыз сезесиңерби?
Таирбек:
– Андайыбыз жок го, бирок айрымдар «өздөрүн жылдыз сезип калышыптыр» деп ойлошу мүмкүн. Атактуубуз деп да айта албайбыз, бирок бизди Оштун көбү тааныйт. Көчөдөн көрүп калышканда «силер ушинтип эле жүрөсүңөрбү? Карапайым эле турбайсыңарбы» дегендер күнүгө кездешет. Кээде кыздар үчөөбүздү башкача элестетип таанышып алып, жашообузду көргөндөн кийин «бул деле көчөдөгү бирөө экен го» дегендей мамиле кылышат.



Сүйүн Кулматова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (13)
NURDANCHIK
2017-03-20 11:48:27
Алга универсал баарынар кучтуусунор мага жагат
+15
melashka
2017-03-20 12:26:31
Жагат да универсал командасы чыгармачылык ийгилик,у булоолук бакыт каалаайм!
+8
Alixan-Nookat.2015
2017-03-20 13:02:22
Азаматсыңар жигиттер чыгармачылык ийгилик каалайм!
+3
Attila88
2017-03-20 22:11:36
актилек бекташев дейби.фамилиясы аты меникиндейго.
+2
mairamkan2011
2017-03-21 01:13:28
Универсал Калыбек жатаканада жашаган да жаткан аны карачу Азат да бар эле экөө дайым кошо жүрчү.Азаматсыңар силер м.н сыймыктанабыз.Алга тамаша шоу жана ОШТУ.
0
Djumaev0mur
2017-03-21 02:36:25
Актилек досум азамат, баарынар азаматсынар жигиттер ошту коп жерге таанытып койдунар, силер мн сыймыктанабыз жигиттер! Актилек ошондо сенин ала таягын калып кеттиби? Сени бою кичине ала таяк элестетет элем!тамаша досум
Атымы окусан мени таанысан керек, унутуп эле калбасан болгону!
+2
Guliii
2017-03-21 10:54:14
Ийгилик жигиттер. Ар бир сөзү күлкү тартуулайт.
+2
pixduel1
2017-03-21 19:01:49
Саламсыздарбы супер инфо! Сиздерден сураныч бат- баттан видеолорду, кино же ушундай жаш квнчилер катышкан оюндарды жуктоп турсанар , сиздерди дуйнонун булун- бурчунда коробуз! Ишиниздерге ийгилик!!!
0
admin_superstan
2017-03-22 09:52:43
pixduel1, саламатсызбы? Тиешелүү бөлүмгө кабарланды, сунушуңузга рахмат.
-1
muratova04
2017-03-22 12:45:29
Молодец мага Тайир кобуроок жагат. Суйлоо жондому жакшы
+3
tatynam_88
2017-03-22 17:20:49
Таирбек биз сендей инибиз менен тош уруп сыймыктанабыз.ар дайым бар болгула
+4
Ayselim
2017-03-22 22:41:57
Актилек мектепте эле активный бала элен жопжонокойлугундон жазба классташын
+2
Kamchybekova.Ch
2017-03-25 23:32:00
Командага ийгилик,дагы ийгиликтерди багындырууну насип этип,колдосун Аллахым.
Мага Садык жагат,таланттуу да.
0
№ 750, 17-23-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан