Салтанат Аширова Украинанын "Голос" теледолбоорунун 7-сезонуна катышып, ал сынактын 2-баскычынан четтетилди. Интернетке жүктөлгөн видеону көрүп, бул тууралуу ырчы айым менен баарлаштык.
– Саламатсызбы, Салтанат айым? Өзүңүз катышкан долбоор тууралуу айтып берсеңиз.
– Саламатсыздарбы? Сахнага мени менен чыккан атаандашымдын жүзүн жашырып, табышмактуу кылуу креативдүү жетекчинин идеясы болчу. Көрүүчүлөргө табышмактуу болгону менен, мага андай сезилген жок. Анткени Катя менен таймашка чейин кафеге, студияга барып ынак болуп кеткенбиз. Жанында жүрүп байкаганым, анын колдой турган адамдары бардай. Ошондо алдын ала эле долбоордун кийинки баскычына мени эч ким сүрөп чыкпайт деп өзүмдү моралдык жактан даярдап алдым. Анткени менин продюсерим да жок болчу. Потап Катяны тандаганда капа болгон жокмун. Канткен күндө да калыстарга өздөрүнүн ырчыларына колдоо көрсөтүп, белгилүү кылуу маанилүү да. Ал эми Катя украиналык ырчы. Мени болсо акыркы мүнөттөрдө Жамала сактап калды. Албетте, мен дагы намысымды коргоого болгон күчүмдү жумшадым. Себеби оңой эле багынып бербеген, жеңилүүнү сүйбөгөн адаммын. – Сынактын 2-баскычында Жамаладан колдоо күттүңүз беле?
– Жамала жөнүндө айтсам, чынында эле көңүлүм калды. Бирок мен аны айыптап же жамандабайм. Анткени бул шоу, анын да долбоордо аткаруучу ролу бар. Жамаланын "кечир, Салтанат, эреже ушундай" дегени мен үчүн чыккынчылык кылгандай болду. Менимче, Жамала атайын кылган жок, балким, долбоордун продюсери ушундай деп чечкендир. Эгер чындап эле Жамаланын чечими болсо, анда, албетте, жакшы болгон жок. Ушул жылы долбоордун эрежелери жаңыланыптыр. Мисалы, Жамала башында мени сактап, андан кийин кайра Ираны тандап кеткен эле. Бирок Жамала Ира менен чектелбей, аны башка катышуучуга алмаштырып койду. Айтор, түшүнүксүз эле болуп жатты.
– "Сынактарга катышпайм" дедиңиз эле...
– Мен сынактарды жактырбайм. Бирок "Голос" долбооруна катышуума эки нерсе себепкер болду. Бири апам, ал дайыма чыгармачылыгымды колдоп, "сынактарга катыш" деп турат. Анан дагы украиналык рок музыкант Святослав Вакарчукту баалагандыктан менин ошол музыканттан тарбия алуумду каалачу. Өзүм болсо ырчы, ди-джей Иван Дорн калыстык кылган сынактарга катышып, ал инсандан сабак алсам деген тилегим бар болчу. Ал эми экинчи нерсе, Львов шаарында өткөн "Alfa Jazz Fest" фестивалы. Ал жакка мен кадырлаган ырчылар келишти. Фестивалдан кийин Львов жана Киев шаарларында көптөгөн концерттерге барып, украин ырчыларына ашык болдум. Ошондо "Голос" долбоору старт алганын угуп, катышайын деген чечимге келгем. Тилекке каршы, калыстардын арасында мен күткөн Иван Дорн жана Святослав Вакарчук жок экен. Анткени бизге калыстар тобунда кимдер отурарын айтышкан эмес.