Бала балмуздак жеп жатканда агып кетпеши үчүн желим же кагаз стакандын капкагынан сүрөттөгүдөй "тосмо" жасап коюу керек.
Баланы ваннага салып жуунтуп жатканда оюнчуктары суунун чайпалуусу менен алыстап кетет да, чырылдай баштайт. Анын тынч ойноосун кааласаңыз, кийим салган себетке оюнчуктары менен салып коюңуз.
Кичинекей бала башка бөлмөгө киргенде эшик жабылып, кармагычка бою жетпегендиктен ачып чыга албай калат. Анын алдын алуу үчүн эшиктин кулпусу турган жерге кадимки резинканы кадап койсоңуз болот.
Кичинекей балдар көбүнчө бут кийимин тескери кийип алышат. Мындай кылбасын десеңиз, жаныбарлардын элеси түшүрүлгөн чаптагычты тең ортосунан кесип, бут кийимдин ичине сүрөттөгүдөй кылып чаптап коюңуз.
Өзү колун жууп үйрөнүшү үчүн кичинекей балага шампундун бошогон бөтөлкөсүнөн чорго жасап, сууну агызып бериңиз.
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg