КАРАКОЛДОГУ БРЕНДДИК КИЙИМ ӨЗ ОРДУН ТАБУУДА

Экономисттердин тилиндеги "мультипликативдик эффект" деген түшүнүк кайсы жерге инвестиция барса, ал инвестордун өзүнө гана эмес, айланага да пайда алып келет дегенди билдирет. Мунун бир мисалы, кыргызстандык экономика көп жылдардан бери "Кумтөр" алтын кен казуучу комбинаттын ишмердигинен улам көтөрүлүп келе жатат. Кыргызстандын 600 компаниясы "Кумтөр" менен иштешип, алар ишкананын он миңден ашуун товарга муктаждыгын камсыз кылышат. Алтын кен комбинаты жергиликтүү товарларды гана сатып алууга аракет кылат жана мындан улам жергиликтүү компаниялар өтө жогорку сапатты камсыз кылууга аргасыз.
"Кумтөр" тоо-кенинин ишинин шарттары өтө татаал экенин ар бир эле компаниянын автоунаалары ал жакка чыдай бербегенинен билсе болот. Түздүктө жыпылдап, жогорку ылдамдык менен баарын таң калтырган дүйнөгө атагы чыккан бир катар компаниялардын автоунаалары жергиликтүү шарттарга чыдабай коюшкан. Мындан улам ушундай шартта иштеп жаткан жумушчулар үчүн кандай кийим керек экенин айтпай эле койсо болот. Бирок кайсы жерде муктаждык болсо, ошол жерде сунуш дагы сөзсүз пайда болот.
20 жылдан ашуун убакыттан бери "Кумтөрдүн" жумушчулары үчүн атайын кийимди Каракол шаарында жайгашкан "Айко Сейко" ишканасы тигип келет. Ал ишкананы учурда Караколдун гана эмес, Кыргызстандын ичиндеги бардык жагынан жетиштүү, ийгиликтүү компаниялардын бири деп атаса болот. Башында он чакты адамдан башталган тигүү цехи учурда өтө ири болбосо да, туруктуу иштеген, дайыма иш менен камсыз болуп, жумушчуларына айлыкты өз убагында төлөп турган компания. Өндүрүштү баштап рынокко киргенден бери "Айко Сейко" өз багытын так аныктап, ыңгайлуу орунду ээлеген.
Башында бул компаниянын кардары "Кумтөр Голд Компани" болгону ийгиликтин башаты болду десе болот. Анткени алтын кен ишканасы менен кызматташа баштаганда "Айко Сейконун" адистери өзүлөрү жогорку сапатка, товарды эң мыкты түрдө көрсөтүүгө аракеттенишкени менен, "Кумтөр" тарабынан коюлган катуу талаптын шартында иштөөгө туура келди. "Кичине нерседен так болгон, чоң ишти да жакшы аткарат" дегендей, "Кумтөрдүн" артынан ишканага башкалардан да буюртмалар түшө баштады.
Ошентип учурда "Кумтөр" сатып алып жаткан көлөм "Айко Сейкого" бутка турууга жардам гана бербестен, ишинин уланышына да көрөңгө болуп берди. Сапаты мыкты униформа, коргоочу кийимдерге муктаж болгон ишканалар, кызматтар жана компаниялар караколдук компанияга кайрылышып, учурда "Айко Сейконун" кардарларынын тизмеси абдан кенен. Буга бардык мунай куюучу жана сатуучу компаниялар, тоо-кен компаниялары, бажы кызматы, "Манас" эл аралык аэропорту, патрулдук милиция жана башкалар кирет. Ошентип учурда "Айко Сейко" белгилүү брендге айланды.
Бул караколдук компанияны буга чейин айтылган мультипликативдик эффекттин жакшы мисалы катары көрсөтсө болот. Рынокто ээлеген орду, топтогон тажрыйбасы жана алдыдагы пландары боюнча компаниянын келечеги абдан кең сезилет. Бул жерде жүзгө жакын жумушчу орун камсыз болсо, буга окшоп "Кумтөр" менен өнөктөш болгон ишканалардын саны Кыргызстан боюнча 600гө жакын. Жыл сайын алтын кен казуучу компания жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдөн 80-100 миллион сомдун айланасындагы товарларды жана кызматтарды сатып алат. Башкы өзгөчөлүгү – төлөмдөрдүн эч качан кечикпей, так жүргүзүлгөнү. Бул компаниялар үчүн абдан маанилүү.
Кийим тигүүчү компаниянын адистеринин айтымында, иштин жакшы жылышына, атаандаштыкка туруктуу болууга ар дайым изденип, чыгарып жаткан товарын жакшыртууга аракеттер негиз болот. Бир эле түрдөгү униформа же башка кийим болсо оңой эле болмок, бирок "Айко Сейконун" чыгарган товары кыйла өзгөчө. Мисалы, "Кумтөр" кенинде иштеген жумушчулардын бири үчүн химиялык заттарга, экинчисине суукка чыдамдуу, үчүнчүсүнө денени суу кылбаган кийим тигүү керек. Май куюучу станцияларда иштеген жумушчуларга оттон коопсуз болгон форма зарыл. Буларды автоунаа айдагандар күн сайын май куюп жатканда кездештиришет. Андан улам тикмечилердин өкүлдөрү улам кенге барышып, "Кумтөрдүн" адистеринин ой-пикирин, каалоолорун жана эскертүүлөрүн угуп турушат. Мындан чыккан жыйынтыктарды колдонуп, кийимдин сапатын жогорулатууга чаралар көрүлөт.
Сапат биринчи орунга коюлгандан улам ишкананын иши илгерилеп, социалдык маселелерди чечүүгө да өбөлгө болот. Жумушчулар өз убагында айлыктарын алышат, ишиндеги туруктуулук үй-бүлөлөрүнө да кандайдыр бир бейпилдик алып келет. Бул ишкана аркылуу жок дегенде жүзгө жакын адамдын жашоо деңгээли камсыз кылынууда. Аны менен бирге өлкө боюнча ушундай мультипликативдик эффект колдонулса жаман болмок эмес. "Кумтөр" сыяктуу ишканаларды иштетүүгө мүмкүн болгон жерлерди Кыргызстан боюнча көп тапса болот.

"Айко Сейко" компаниясынын сапаттуу кийимдерине көптөгөн компаниялардан, кызматтардан буйрутмалар түшүүдө.


Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан