ЫРЧЫЛАР «СУПЕР-ИНФОНУН» КӨЗ АЛДЫНДА...

Алгачкы саны 2002-жылы 31-майда жарык көргөн “Супер-Инфо” гезити быйыл 15 жашта. Бул жылдар аралыгында гезит коомдогу ар түрдүү тармактын өкүлдөрү менен жемиштүү иштешип, жараткан ийгиликтерине чогуу күбө болуп келе жатат. Алардын арасында ырчылар да бар. Бир кезде сахнага жаңы кадам таштап, атактуулукту арзуу кылган ырчылар азыр кандай ийгиликтерге жетишти? "Супер-Инфонун" архивин барактап көрдүк.

«ЫРЛАРЫМДЫ ЭЛ УКСА ЭКЕН» ДЕП ТИЛЕГЕН БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА

Мындан 11 жыл мурун Бактыгүл айым «көп баланын бактылуу энеси, жолдошумдун сүйүктүү жары болсом, ырларымды эл укса экен» деп тилечү. Сулуулук борборун ачуу, дизайнер-модельер болуу кыялдары да бар экенин айтып «Супер-Инфого» маек курган эле. «Жаштын тилегин берет» дегендей, ырчынын бул тилектери толугу менен орундалды десек болот. Азыр ал 2 кыздын мээримдүү апасы, жолдошунун бактылуу жубайы болуу менен катар чыгармачылык менен ишкерлигин бирдей алып барып, жашоосу өзү айткандай кинодогудай кызыктуу.


                                                                                              2006-жыл, июль.

КМШны БАГЫНДЫРГАН АНАТОЛИЙ ЦОЙ

Учурда орусия-украиналык атактуу продюсер Константин Меладзенин «МBAND» тобунун солисти Анатолий Цойду биз Толик деп тааныйбыз. Чыгармачылык чыйыр жолу Кыргыз өлкөсүнөн башталган ырчы жигит «МКД» тобунун мүчөсү болуп турган маалда биздин гезиттин көп жолку каарманы болгон. Чыгармачылыктын казанында бул жактан эле бышса да, Толик мырзанын багы Орусияда ачылып отурат. Константин Меладзе аны жаркырап жол көрсөтүп туруучу маякка салыштырып, келечекте жаш аткаруучулар кумир туткан ырчыга айланарын билдирген. Ырчы маектеринин биринде: «Көп адам ийгилик жаратарыма ишенчү эмес. Бирок бул алардын тандоосу. Мага жакындарым ишенип, алдыга умтулууга түрткү болушту. Ошондуктан «сени өлтүрбөгөн нерсенин баары күчтүү кылат» деген сөзгө ишенем»,- деген.


                                                                                           2006-жыл, март.

«ЗАМАНЫБЫЗДЫН СУПЕР ЫРЧЫСЫ» МИРБЕК АТАБЕКОВ

Мирбек Атабековго «Сени гана» деген ыр шоу чөйрөгө жол ачкан ийгиликтүү билет болуп берген. Тубаса таланты, талыкпаган эмгеги, өз ишин мыкты билген продюсеринин аракети менен бир канча хит ырларды жаратып, аз убакыт ичинде кары-жаштын сүйүктүү ырчысына айланып, кыргыз шоу дүйнөсүндө жаңылык жараткан эле. Ырчынын «элиме кызмат кылып, ырчылык доорум узакка созулса экен» деген максаты ишке ашып келе жатат. «Супер-Инфонун» тандоосунда 3 ирет «Жылдын супер ырчы мырзасы» деп табылып, «Заманыбыздын супер ырчысы» наамына татыган Мирбек мырза учурда бир үй-бүлөнүн кожоюну, 1 уулдун атасы. 2 жыл мурун чыгармачылыктагы 10 жылдыгын белгиледи. 30 жашында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына ээ болду. Ырчы өз өлкөсүндө да, коңшулаш өлкөлөрдө да популярдуу боло алды.


                                                                                          2006-жыл, май.

«ГЛАМУРНЫЙ» ЫРЧЫ МИКАЭЛЬ

Репертуарындагы «Я теряю», «Люблю тебя я» деген ырлары жана өзгөчө стили, өң-түсү менен таанылган Микаэль кезинде кыздардын жүрөк оорусу эле. Чыгармаларын орус, англис тилинде аткарып, келишимдүү өң-келбети менен эл оозуна алына баштаганда гезиттин жүзү болууга жетишкен. Тилекке каршы, каарманыбыздын изги тилектери орундалбай калды. Модель, ырчы 2010-жылдын 31-март күнү киши колдуу болуп 24 жашында каза тапкан, аны өз үйүнөн бычактап кетишкен. Ырчы жигиттин жаркын элеси кесиптештеринин, күйөрмандарын эсинде дале сакталуу.


                                                                                            2006-жыл, октябрь.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (36)
Nuriza.kubatova
2017-03-27 14:32:27
толик кыргызбы
0
Leilona
2017-03-27 16:09:35
Nuriza.kubatova,Толик кореец
+3
love_you
2017-03-27 14:43:50
микаэльдин клиптерин, ырларын кайдан тапса болот??
0
admin_superstan
2017-03-27 14:59:12
love_you, саламатсызбы? Төмөнкү шилтеме менен кирип көрүңүз: https://www.super.kg/media/?search_term=микаэль&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
0
Ruslanovna15
2017-03-27 18:39:05
Биролорго сынтакпай озунорду кузгудон карап алгылачы.
+2
rayana2015
2017-03-27 19:31:22
Мен супер инфону окуп баштаган кезде окууну жаны буткон жаш кыз элем,азыр болсо уч баланын апасымын,ошондон бери бир дагы санын калтырбай окуйм,кайынжуртка барганда мага супер инфону окуш чон проблема болчу ал жерде сатчу эмес.азыр болсо жакшы интернет бар
+3
Nevestkaa
2017-03-27 22:44:15
rayana2015,мен дагы мектепти бүткөн маалым,тыйын чогултуп районго кеткен таксилерден берип акчасын ал да колуңа тийсе кана колмо кол болуп кетет .Окубасам наркомандарга окшоп туталанып калам,турмушка чыкканда бешенеме кайнатам да супер мн ооруйт экен тыйын топтоп кыйналбай калдым.
+6
dobrajelatel
2017-03-28 00:09:40
Микаэль азыр да журогумдо жашайт. Коп нерсе жасачу жигит эле аттин озу менен кошо кетти
+4
kokokola
2017-03-28 14:27:41
Ал мезгилде мен да ар бмр санын калтырбай окучумун.Турмушка чыккандан кийинда гезит окуйм деп кайнатама да далай жолу жаман корунгом))
0
dav312
2017-03-28 21:31:26
бактыгул бадыеваны супер инфо кайрадан чыгара баштаганбы?
+1
Assalim
2017-03-29 02:07:59
Микаэлди коралбай эле олтуруп коюшкан.Ал коп кыздарга жагат эле.
+5
advokat.nur
2017-03-29 11:13:43
Super info Badyevany chakyrgylachy.Kachantam beri suranyp kele jatabyz.
+2
admin_superstan
2017-03-29 12:08:28
advokat.nur, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
ilana
2017-03-29 12:30:12
Микаель чынында эле баарынан озгочо болуп чыккан.. жок болгону аябай окунучтуу ((
+4
Abdyrashit.Satylganov
2017-03-29 14:53:37
Эх..супер инфо!!! Жаштык кезде үйдүн баарын Супер Инфо менен толтурганым эсимде..Бактыгул Бадыеванын сүрөтүн кыркып алып, жаткан бөлмөмдөгү дубалга жармаштырып чыкчымун...Ырчылар десе укмуштай көрчүбүз...азыр ырчылар эле көп, тааныбайсың
+1
brave
2017-03-30 01:14:40
Темир Назаров гезит бетинен тушпочу экен...
+2
Rasul_Rahmanaliev
2017-03-30 14:06:17
Бөлкө нан 10сом "Супер инфо"8 сом эле. Апам нан ал десе гезит алып уруш уккан күнүм болгон))))Супер инфо өтө кызыктуу.Бар болгула! Гезит чогултуп шоу чөйрөгө кызыкчумун.Эми Шоу чөйрө мага тааныш)
0
Girl1996
2017-03-31 19:03:01
кылымдарды каараткан супер инфо десе болчуудай екен. Азаматсынар супер!
+1
barky312
2017-04-03 08:48:42
Оба, Микаэль Тимати менен мына дует жаздырам деп калганда каза болуп калды. Ким билет азыр кайсы бийиктике жетип бармак
+1
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан