Азыркы тапта жаш балдардын билимин, зээндүүлүгүн арттыруу үчүн толгон-токой ыкмалар чыгып жатат. Менталдык арифметика учурда трендде. Ал деген өзү эмне? Гений чыгаруунун жолубу же жөн гана модабы?
ЯПОНДОР МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ ОКУТУШАТ
Адамдын баш мээси оң жана сол жарым шарлардан (бөлүк) турат. Мээнин оң бөлүгү логикалык ойлонуу үчүн жооп берсе, сол бөлүгү чыгармачыл ойлонууга түртөт. Мээнин эки бөлүгү тең бирдей иштеп турган чакта адамдын акыл-эс жөндөмү укмуштуудай көрсөткүчтөргө жетет деп айтылып келет. Андыктан мээнин эки бөлүгүн тең иштетүү үчүн ар кандай ыкмалар колдонулуп келет. Алардын бири менталдык арифметика.
Менталдык арифметиканы Кытайда, Японияда кеңири колдонушат. Мындан 5 миң жыл мурда кытай элинде суаньпан деп аталган эсептегичтер ойлонуп табылган. Бул кадимки эле Союз мезгилинде колдонулган счетко окшош. Япондор болсо аны абакус же соробан деп аташкан. Баса, Японияда менталдык арифметика мектепте милдеттүү түрдө окутулат. Менталдык арифметикада колдонулуучу соробан же абакус вертикалдуу жайгашкан так сандагы зымдардан (спица) турат. Ар бир зым – бул сан. 13 зымы да, 31 зымы да бар соробандар кездешет. Ар бир зымда 5тен сөөкчө (костяшка, кээ бир жерде таш деп да аталат) бар. Өйдөңкү биринчи сөөкчөлөр калгандарынан атайын бөлүнүп турат. Мына ушулар менен толгон-токой сандарды жазып, эсептесе болот. Маселен, биринчи зым бирдиктер, экинчи зым ондуктар, үчүнчүсү жүздүктөр жана башка. Ал эми өзүнчө бөлүнгөн сөөкчөлөр 5 деген санды түшүндүрөт. Менталдык арифметикада негизги курал болгон соробанды балдар кантип пайдаланышат? Кыйналышпайбы деген ой келет.
БАЛДАР ЧОҢДОРДОН ТЕЗ ӨЗДӨШТҮРҮШӨТ
Таң калычтуу угулат, бирок менталдык арифметиканы, соробанды колдонууну 4-12 жаштагы балдар чоңдордон жакшы өздөштүрүшөт. Анткени бул учурда балдардын мээсинин өсүп, калыптануусу жүрүп жаткан учур. Демек, бала ар бир маалыматты сиңирип алууга жөндөмдүү. Менталдык арифметиканы үйрөтүүдө балдарды жашына жараша категорияга бөлүп окутушат. Окутуу 2,5 же 3 жылга созулушу мүмкүн. Окуучу бул аралыкта бир нече баскычтан өтөт. Биринчи баскычта ал абакус менен эсептегенди үйрөнсө, кийинки баскычта абакусту колдонбойт, бирок оюнда (көңүлүндө) аны элестетип чыгара баштайт. Бара-бара бала төрт-беш орундуу сандарды көңүлүндө (менталдык) көбөйтүп, бөлүп, кошуп, кемитип калат.
Интернет айдыңында менталдык арифметика тууралуу ар кайсы мамлекеттин мугалимдеринин ойлорун табууга болот. Алардын пикиринде, менталдык арифметика гений тарбиялоонун өзгөчө жолу эмес, жөн гана эс тутумга пайда берүүчү тренажёр гана.
Гүлайым Майрыкеева, мугалим: «МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАГА ДА ЖӨНДӨМ БОЛУШ КЕРЕК»-Мен өзүм мектепте башталгыч класстардын мугалими болуп иштейм. Балдарга жаңы нерселерди үйрөтүү максатында Кытайдан менталдык арифметиканы окуп келдим. Негизи аталган арифметиканын мекени Кытай. Менталдык арифметикада колдонулган куралды абакус, соробан дешет, ал эми Кытайда аны суаньпан деп коюшат.
Мени менен чогуу окууга математик эки мугалим жана гуманитардык сабактардан берген дагы эки мугалим барышкан. Эсептегенди математик мугалимдер тез эле өздөштүрүп кетишти. Мен алардан бир аз жайыраак чыгарып жаттым. Гуманитардык сабактан бергендер кыйналып калышат экен. Бул деле жөндөмгө байланыштуу. Башкача айтканда, «балам математикадан кыйналып жатат, менталдык арифметикага барсын, «5ке» окуп калат» деп ойлобош керек. Жакшы окуп калышы да мүмкүн же тескерисинче. Себеби табияты гуманитардык билимге жакын балдар бар да.
«АЛЬЦГЕЙМЕРДИН АЛДЫН АЛСА БОЛОРУН АЙТЫШУУДА»
-Негизи менталдык арифметикадан көргөнү боюнча эстеп калуу (фотографическая память) өнүгөт, бир нерсеге көңүл бөлүү, эс тутум жана логикалык ой жүгүртүү жакшырат деп айтышат. Бизди окуткан жерде «менталдык арифметика менен 60 жаштан өткөн адамдарды баш оорулардан дарыласа болорун изилдеп жатабыз» дешти. Менталдык арифметика менен мээни кыймылга келтирип, Альцгеймер сындуу оорулардын алдын алууга болобу деп иликтеп жатышкан экен.
ОКУГАН БАЛДАР КАНДАЙ ӨЗГӨРДҮ?
-Учурда мен окуткан балдардын арасында менталдык арифметиканы менден жакшы өздөштүргөн балдар бар. Ушунчалык тездик менен сандарды эсептеп баштаганда «коё турсаң? Кандай кылдың?» деп алардын артынан жетишпей калган учурлар болот. Мен, албетте, менталдык арифметикада методиканы, башкача айтканда, эсептөө жолдорун билем. Бирок балдар чоңдорго караганда кыйла тез өздөштүрүп, тез эсептешет. Өздөрүнө болгон ишеними бекийт. Адатта балдарды 4 жаштан баштап окутса болору айтылат. Бирок, менимче, 6 жаштан тарта үйрөнө баштаса жакшы өздөштүрүшөт.
Дагы бир жолу кайталай кетейин, менталдык арифметика балаңыз математиканы жакшы өздөштүрүп калат дегендик эмес. Мен байкагандан балдарда чындап эле бир нерсеге көңүл бөлүү, көргөн нерсесин эстеп калуу анан ой жүгүртүү өзгөрөт экен. Бир аз башкачараак, анан тез ой жүгүртүп калышат. Кандайдыр бир нерсе өзгөргөнүн дароо байкашат. Менимче, бул нерселер алардын келечегине эле жакшы болот.
Мирлан Өмүралиев
koom@super.kg