АЯЛДАР КАНТКЕНДЕ ОРГАЗМГА ЖЕТЕ АЛАТ?

Төшөк оюнунда кумардын туу чокусуна баары эле жете бербейт. Айрыкча бул айымдарга көбүрөөк таандык. Бирок ар бир маселенин чечүү жолдору бар. Алар боюнча төмөндө сөз кылабыз.

ОРГАЗМДЫН ТҮРЛӨРҮ

Аялдардын оргазмы клитордук, жыныс кындык (вагиналдык) жана жатындык деп бөлүнөт.
Клитордук оргазм. Өзү айтып тургандай, клитордун (жыныс тилчеси) түздөн-түз катышы менен ишке ашат. Мындай оргазмга жетүү айымга табият тарабынан тартууланган жана мастурбация жолу менен да максатка жетүүгө болот. Мастурбациялык жол менен клитордук оргазм алууга көнүп калуудан баш тартса болот. Көбүнчө өспүрүм кыздар секске чейин клиторун мастурбациялоо менен канааттанышат эмеспи. Буга көнүп калгандар кийин турмушка чыкканда жыныстык катнаштан оргазм ала албай кыйналышы да мүмкүн.
Жыныс кыны аркылуу айымдардын көпчүлүк пайызы оргазм ала алышат. Эрогендик чекиттер жыныс кынынын капталында жайгашкандыктан, эркектин ролу чоңураак. Анткени эркек шамдагай кыймылдап, жакшылап ыйкай алса, айым оргазмга жете алат. Айрыкча эркек артынан ыкмасын колдонгондо эрогендик чекиттерге көбүрөөк таасир тиет да, айымды рахатка батырат.
Бирок кээ бир айымдар жыныс кынды башкы эрогендик чекиттер жайгашкан жер деп жаңылыш эсептешет. Себеби кээ бирлердин жыныс кынынын сезимталдуулугу начар. Бул кээ бир айымдарда тубаса болсо, кээ бирлеринде ар кандай жугуштуу оорулардан улам сезимталдыктын азаюусунан болот. Мындай айымдардын эрогендик чекиттери жыныс тилчесинде көбүрөөк жайгашкан. Айым тартынбастан эле шеригине клиторун укалатып, анан жыныстык катнашка баруусун сунуштоосу керек. Эркектин клиторду 5-10 мүнөт укалап, анан жыныстык катнашка баруусу айымды 100 пайыз оргазмга жеткирет. Ошондой эле жыныс кыны аркылуу оргазм ала албаган айымдарга чабандес (айым үстүндө) ыкмасы сунушталат.
Оргазмдын жатындык түрү тууралуу кеп кыла турган болсок, көпчүлүк окумуштуулар оргазмдын мындай түрүн жокко чыгарып келишет. Айымдардын мындай оргазмы бар дегенди түшүндүрө кетели. Врачтар аялдын жатынына атайын аппатарат коюп изилдешкенде, кээ бир аялдар жатындык оргазм алары аныкталган. Бул кээ бир аялдардын эрогендик чекити жатын кынынын эң тереңинде жайгашкандыгы менен түшүндүрүлөт.
Мындай оргазмга жетүү үчүн аял жамбашынын алдына жаздык коюп алуусу, ошондой эле бутун эркектин ийинине асып алуусу керек.

ЖАЛГАН ОРГАЗМ

Көбүнчө айымдар оргазмга жетпей калганын жашырышат. Бир тобу оргазмга жеткендей түр көрсөтүп (имитациялап) коюшат. Бул бара-бара адатка да айланып кетет. Айрыкча бул көрүнүш азиат улутундагы айымдардын арасында көп кездешери талашсыз.
Оргазмга жетпей калуунун бирден-бир себеби – тартынчаактык. Төшөктө ар бир айым өзүн эркин сезүүсү зарыл. Секс маалында төшөк кумарынан башка ойго алаксыбоо сунушталат. Мисалы, “ий, баламдын кири жуулбай калды...”, ­“жолдошумдун ойнош күтүүсүн кечирбейм...” деген ойлор.
Айым өз денесин өзү изилдеп чыгуусу керек. Башкача айтканда, эрогендик чекиттери кайсы жерде экенин билиши зарыл. Айым дене кемчиликтерине көңүл бурбашы керек. Себеби көпчүлүк айымдар секс маалында ашыкча салмагын же болбосо кичинекей эмчектерин ойлоп, оргазм ала албай калышат.
Маал-маалы менен гинекологго көрүнүп турууну да адатка айландыруу сунушталат. Кандайдыр бир илдетке чалдыгуу организмдин сезимталдуулугун начарлатып, оргазм алууга бөгөт болот. Мисалы, цистит илдетине чалдыккан айымдар да оңой менен оргазмга жете алышпайт. Оргазм албай жүрө берген айымдар убакыттын өтүшү менен өзүнүн сексуалдуулугун жоготуп, кийинчерээк төшөк оюндарына табити тартпай калышы да мүмкүн. Мындай учурда айымдардын дарегине мырзалар жактан “дөңгөчтөй болуп жата бересиңби?!” деген нааразычылыктар айтылат эмеспи.

КЫЗЫК ЭКЕН

  • Эң узак оргазм чочколорго таандык. Изилдөөлөрдөн улам чочколордун оргазмы 30 мүнөткө созулары аныкталган.
  • 1966-жылы эң узак оргазм ала алган айым табылган. Жина аттуу айымдын оргазмы 43 секундга созулуп, жыныс кыны 25 жолу жыйрылууга жетишкен.


Эротикалык окуя

АЖАЙЫП ТҮН

Анда студент кезим. Мага Ажар аттуу группалаш кызым жаккандыктан, түрдүү себептерди таап эле ага белек-бечкектерди берип, сүйүү СМСтерин жибере берчүмүн. Бирок ал кыздын мага таптакыр көңүлү жок болчу. Жанына отурсам туруп кетчү. Ошондой күндөрдүн биринде эмнегедир сабакка маанайы жок келди. Аны көрүп, жүрөгүм сайгылашып кетти. Жакын барып: “Жүрү, ашканага барып тамактанып келели”,- деп сунуш киргизсем, демейде мурдун чүйрүгөн Ажар макулдугун бере калса болобу. Ошентип, алгачкы жолу чогуу тамактандык. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп, сырын таптым. Көрсө, сүйлөшүп жүргөн жигити менен урушуп кетиптир.
Ошентип, кечинде киного барууну сунуштадым. Бул сунушума да макул болду. Бат эле тил табышып кеткенибизге ичимден кудуңдап алгам. Аны узатып келип, үйүнө кирерде “чоң рахмат, бүгүнкү күн үчүн!” деп колумдан кармады. Ток ургандай эле дене-боюм дүркүрөп кетти. Бир маалда кантип оозуна оозум чапташып калганын сезбей калыптырмын. Ал да каршылык көрсөткөн жок. Ошол учурда «алигим» да зыңкыйып калыптыр. Уялып кетип, денемди андан тартып алдым. Ажар мени телмире карап: «Жүрү, үйгө кирип чай ичип кет. Үйдө эч ким жок»,- деп калды. Бул сунушу менен иштин чоо-жайын түшүндүм. Үйүнө кирер замат эле мен аны өпкүлөп кирдим. Бут кийимдерибизди чечпей эле конок үйдөгү диванга куладык. Денем ымыр-чымыр болуп эле көйнөгүн өйдө көтөрүп, сандарынан, курсагынан өпкүлөдүм. Ажардын көзү акырындан сүзүлө баштады. Ич кийимин шыпырып жатканда да каршылык көрсөткөн жок. Ошентип, көксөп жүргөн махабатыма гана эмес, кумардын туу чокусуна да жеттим.

Кубат


АЛИГИДОТ

Балтабай бой жетип, үйлөнүүнү чечет. Бир күнү сүйлөшкөн кызын атасына тааныштыруу үчүн алып келип:
– Ата, бул кызга үйлөнөм, батаңызды бериңиз,- дейт.
Анда атасы:
– Балам, бул кызга үйлөнбө, сенин бир тууган карындашың болот. Жаш кезде жаңылыптырмын”,- дейт.
Күндөр өтүп, Балтабай дагы бир кызды тааныштырууга алып келет. Анда да атасы:
– Жок, балам, бул дагы сенин карындашың болот. Бир жолу тойго барганда...- деген жооп айтат. Жини келген Балтабай болгон окуяны апасына айтат.
Анда апасы:
– Балам, каалаган кызыңа үйлөнө бер, сен деле атаңдын баласы эмессиң,- деген экен.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (25)
Chippolino
2010-04-07 23:58:08
LIVER,u menya i bez etoi gazety est' ponyatie o "sexe", i ne v moih interessah komu-to tut dokasyvat' svoyu "rovnost'," kak ty vyrajaeshsya.Ya i bez tebya znayu kakoi seichas vek,i ne tebe menya uchit' o zakonah prirody!!!Ty s perva sut' poimi.
0
Наргизель
2010-04-08 02:36:10
туура мындай болуп турат
0
JAMEL
2010-04-08 10:06:10
АЙ КЫРГЫЗЫМДЫН ТУУ ТУТКАН КЫЗДАРЫ НЕГЕ ЖОК КЫЛГЫЛА ДЕЙСИНЕР?БУЛ ДЕГЕН ИНФОРМАЦИЯ БОЛУП ЖАТПАЙБЫ СИЛЕРГЕ,ЭМНЕ АНАН АПАКЕНЕР ЖЕ АГАЛАРЫНАР АЙТЫП БЕРИШ КЕРЕКПИ?.МИСАЛЫ МЕН КАРШЫ ЭМЕСМИН.АНАН:МЕН КУЙООМДОН РАХАТ АЛБАЙМ ДЕЙСИНЕР.БИЗ ДА БИЛИШИБИЗ КЕРЕК ДА КАНТКЕНДЕ...ОРГАЗМ КЕЛЕТ У ВАСССССС МЕНТАЛИТЕТ ДЕП ТИМ ЭЛЕ!!!ОРГАЗМ РУЛИТ УРАААААААА ТАК ЧТО УШУНДАЙ!
+3
JAMEL
2010-04-08 10:10:17
NURZADA:СЕНДЕ АБЛОМ БОЛГОНДО КОРОМ.ЭРКЕГИНДИН ТИГИНИСИ 6:30 БОЛУП ЖУРБОСУН!!!!!!!!!!СУППЕР ИНФО АЗАМАТСЫН ПОРА НАШИМ КЫЗДАРИКАМ НУЧИТЬ КАК ЭТО ДЕЛАТ.ТАК ЧТО ВОТ ТАК!
0
salamalik
2011-10-26 23:59:08
JAMEL, Сен ушул бойдон калам деп ойлоп атасынбы? Сен да бала-чакалуу болоорсун, ошондо тушуносун, АДАМ деген кандай сапаттарга татыктуу болуш керек экендигин. Азыр жаш болуп туруп ойду-тоону суйлой беребиз. Бул "секс" деген азыр жаш кезинде кызыктуу болуп корунуп атат. Бирок, ар бир несрсенин чеги бар. Сууну идишке куя берсен, ал да толот. Болбой эле куя берсен тогулоорун жакшы билесин....
0
Chippolino
2010-04-09 02:51:34
JAMEL,esli ty takoi sex-info lyubitel',i prochitav sex-zagalovki iz "Super-Info" stal asom v etom dele,to ya NE zaviduyu tvoei partnershe,kotoroi tak ne hvataet orgazma s toboi:)
0
Kirgizjigit
2010-04-09 21:21:09
URMATTU DEPUTATTAT(FORUMDUN) MENIM4E KIRGIZSTANDIN MENTALITETINE KARWI BOLGON MAALIMATTARDIN 4IGUUSUNA KANDAYDIR BIR DENGEELDE TUYUU SALINSA. SEBEBI SUPERdi UY-BULOO EJE-INI BAARI OKUYT ANAN JOK DEGENDE SUROTTORUNO KIYIM KIYIP TURGAN KIZDARDI KOYSO DELE BOLOT DA. ANAN ORUS4A JAZGANDARGA (MANKURT SUNBU?) KIRGIZSTANDIN OZ TILI BAR AL KIRGIZ TILI. MUNU DA ESKE ALA KETSEK.KONUL BURGANINARGA 4ON RAHMAT.
+1
sam.
2011-08-24 22:48:30
baarynarga salam brin4iden.....!!! kommentarini okup alyp kulkum keldi..;-) baarynar kyiyn bolup ele jazyptyrsynar...molodcy....birok mende bir suro bar... Anan, emne kylyp jurosunor... bul bette...??????????
0
jodarsuper
2011-10-26 05:52:02
hhahah...saga kowulam Sam...izdep jurgondor uwul jerde baari..
0
ded
2012-03-17 05:32:57
Jamel.Сaгa кошулaм туурa aйтaсын.
0
bek92
2012-09-06 03:49:52
''сайтты ачсам эле ушул бет чыгып уят болом'' дешкенби? тундосу ушул бетти окуп чыгып кеткенсинер да. дагы алып салгыла дейсинер. Окуп билип уйронгуло, эмнеси жаман? башкача ойлобостон.
Мезгилден артта калбаныздар!
+1
kushtar.88
2013-04-15 04:16:51
Чыгарбай еле кобуроок жазгыла дагы секистен емнесинен уйяласынар бул гезитуи емне ата апанар менен кошо окумак беленен окугугула уйронгуло секис бул денсоолуктун булагы келечектин кумары
0
adi.anara
2013-04-17 15:13:26
Туура тошокто такыр уялыштын кереги жок,табияттан аял менен эркектин мамиле жашоосу тошок мененда.Тошокто тартынчаак болуп уялсан айрыкча аял киши оорукчан болуп калат экенсин.
+2
adi.anara
2013-04-17 15:18:49
Бул жазылган тошок оюндары кыз балдарга эмес уй було куткон жуптарга тиешелууго дейм.
+1
Beka_89_kg
2013-08-07 03:47:50
Эн туура азыркы жаштар каяктан билет сексти коп коп чыгаргыла
+1
jomik_kg9595
2014-02-10 06:01:48
Комменттерге соз жок ,сам жамел, мен да силерге кошулам
0
№ 387, 2-9 апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан