КОЛГО КАМ КӨРҮҮ

Эл арасында “кол – айымдардын визиттик карточкасы” деген кеп айтылып келет. Чындыгында, өз убагында, ойдогудай кам көрүлгөн кол тазалыктын, назиктиктин, жаштыктын белгисин берип турат. Колго кам көрүү эң арзан каражаттарды, тагыраагы, колдо бар нерселерди гана талап кылган процедура. Андыктан ага кам көрүүгө убакыт табалы. Бул боюнча косметолог Мээрим Нурдинова кеңеш берет.

Колду ар дайым жылуу суу менен жууш керек. Анткени муздак суу колдун терисин бузуп, катуу кылса, ысык суу колдун терисин кургатып жиберет.
Туура тамактаныңыз.Күнүмдүк рационуңузга тырмакты бекемдөөчү жана теринин кургап кетишинин алдын алуучу жашылчаларды, көк чөптөр, сабиз, помидор, балык, жумуртка, лимонду кошуңуз.
Жүдөп кетем дебей, үй жумуштарын жасоодо кол кап кийиңиз. Өзгөчө кир кетирүүчү каражаттарды колдонгондо. Анткени кир кетирүүчү каражаттардын курамында химиялык заттар көп болгондуктан, терини жабыркатат. Ал эми чаңдан тери кургап, жарылат.
Табигый кошулмалардан жасалган самындарды, суюк самындарды колдонуңуз. Арзан самындарга химиялык элементтер көп кошулгандыктан, териге терс таасирин тийгизет.
Колго жумасына 2 жолу маска, скраб, ванна жасап туруңуз. Анан да күн сайын унутпай азыктандыруучу, нымдаштыруучу кремден сүйкөп туруу керек. Унутуп калбаш үчүн көрүнүктүү жайга коюңуз. Мүмкүн болсо сумкаңызга, жумуш ордуңузга жана жуунуучу жайга бирден коюп коюңуз.
Бош убактыңызда манжаларыңызга массаж жасаңыз. Бул кандын жакшы айлануусун камсыздайт.

МАСКАЛАР

  • Эң жөнөкөй жана классикалык маска – бул зайтун майы. Кечинде аталган майдан колго 5-6 тамчы тамызып, териге сиңире сүртүп, кол кап кийип жатыңыз. Терини жумшартып, азыктандырат. Зайтун майынын ордуна өсүмдүк майын да колдонсоңуз болот.
  • 1 жумуртканын сарысына 2 чай кашык бал жана 2 чай кашык өсүмдүк май аралаштырып сүйкөп, 20 мүнөткө калтырыңыз. Мындан кол териси азыктанып, нымдалышып, жылмакай болуп калат.
  • Банандын жартысын эзип, ага 1 жумуртканын сарысын кошуп аралаштырып колго сүртүңүз. Кол кап кийип албасаңыз банандын ширеси агышы мүмкүн. Болбосо алдыңызга тарелка коюп алыңыз. 30 мүнөттөн кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу кремден сүйкөп алыңыз.

СКРАБДАР

  • Кофе, какао жана зайтун майынын аралашмасы кол териси үчүн табылгыс спа-процедура болуп саналат. Бул процедураны колдонуу менен терини азыктандырып, жылмакай кыла аласыз.

  • Кумшекерге бир аз жуунууда колдонуучу нымдаштыруучу гелден кошуп скраб даярдоого болот. Терини нымдаштыргандан сырткары жарылган териден арыласыз. Бул скрабды колго гана эмес, бутка, денеге колдонууга болот.

  • Кумшекер+зайтун майынан жасалган скраб терини азыктандыргандан тышкары тырмактарды бекемдейт. Ар бир процедурадан кийин керектүү кол кремдин түрүн тандап колдонууну унутпаңыз.


ВАННАЛАР

  • Эң белгилүү, жөнөкөй, таасирдүү – бул деңиз тузу кошулган ванна. Тырмакты бекемдеп, териге жакшы таасир тийгизет. Мындан сырткары колдун тердөөсүнүн алдын алат. Муну колуңузда жараат бар кезде колдонууда абайлаңыз.

  • Жылуу сууга 1 чай кашык зайтун майын, 1 чай кашык лимон ширесин кошуп, ага колду салып 20 мүнөт кармоо керек. Бул ванна терини нымдаштырып, тырмактарды бекемдеп, тырмактын тегерегине өскөн терини жумшартат.

  • 3-4 аш кашык сулу үлпүлдөгүн жылуу сүткө чылап, 15 мүнөт ага колду салып отуруу керек. Терини азыктандырып, жумшартып, жылмакай кылат.

КОЛ КРЕМ ТАНДАЙБЫЗ

Кол крем тандоодо биринчи кезекте анын курамына көңүл буруңуз.

Майлар – кол кремдердин негизги базасы. Кремдин бардык түрлөрүнө кошулуп, терини нымдаштырып, азыктандырып, зыяндуу нерселерден коргойт. Көбүнчө кокос, жожоба, бадам майлары, E витамини колдонулат.
Эмолиенттер – кол кремди коюулаткандан сырткары терини нымдаштырып, бырыштарды жазат. Какао майы, ши, аарынын мому, ланолин кремдин курамындагы эмолиенттер болуп саналат.
Минералдар, витаминдер да кол кремдердин курамына сөзсүз кошулат. Мисалы, Е витаминин терини калыпка келтирүүчү, ал эми А витаминин жашартуучу кремдердин курамынан табууга болот. Мындан сырткары С, К витаминдерин, цинкти көп жолуктурууга болот.
Өсүмдүк экстракттары, дары чөптөр, эфир майлары кол кремдин курамынан эң көп кездешчү компоненттер. Кремге кошулган ромашка, алоэ экстракттары терини жакшы нымдаштырса, көк чай, жалбыз жагымдуу жыт тартуулап, терини сергитет.
Ароматизаторлор, боёктор. Булар кремдин негизги компоненттери болбогону менен, курамына көп кошулат. Мүмкүн болушунча жасалма каражаттар кошулган кремдерди албаганыңыз оң.
Сууну бардык кремдердин курамынан табууга болот. Ал бардык компоненттерди бириктирүүчү, таасирин арттыруучу элемент болуп саналат.

КОЛ КРЕМДИН ТҮРЛӨРҮ

  • Коргоочу кол крем. Аты айтып тургандай, терини ар кандай зыяндуу нерселерден коргойт. Кремдин башка түрлөрүнө караганда майлуураак келет. Химиялык каражаттар менен иштөөдө эң мыкты коргоочу болуп бере алат.
  • Нымдаштыруучу кол крем теринин кургап кетүүсүнөн сактайт. Териге бат сиңгендиктен ар кайсы убакта колдонуп жүрүүгө болот.
  • Азыктандыруучу кол крем. Курамына минерал, витаминдер көп кошулгандыктан терини азыктандырып, назик, жылмакай кылып, эрте бырыш түшүүнүн алдын алат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ZeinErmek
2017-03-27 15:07:27
Пайдалуу кенешинизге рахмат
0
Aselina_kg
2017-03-27 17:56:36
Оуу,буларды жасоо лень
+5
Muslima.aksy
2017-04-04 14:13:42
жакшы кенештер экен
+1
№ 751, 24-30-март, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан