HI-TECH NEWS

«HUAWEI» КЫРЫ ЖОК СМАРТФОН ЧЫГАРАТ

Кытайлык "Huawei" компаниясы эми кыры жок смартфондорду чыгарып баштайт. Буга чейин Xiaomi Mi Mix, LG G5, LG G6 телефондорун ичке рамкасы менен чыгарып келген компаниянын адиси Ю Чэндин айтымында, аталган телефондун үстүнкү бөлүгүн жалаң гана экран ээлейт. Жаңы телефондун качан чыгары азырынча белгисиз. Ушул эле компания 2016-жылдын аягында кыры ичке, дисплейи оң жана сол жактарга ийилип турган Honor Magic телефонун иштеп чыкканы менен белгилүү. "Huawei" компаниясы муну менен жаңычылдыктардын үстүндө иштей тургандыгын жана Samsung Galaxy S8, Galaxy S8 Plus смартфондору менен атаандашарын билдирет.

МИҢ ТҮРКҮН САЛАТ ЖАСАГАН РОБОТ SALLY

Кир жуучу машина, идиш жуучу машина... Кыз-келиндердин түйшүгүн жеңилдеткен заманбап техникалар күн санап көбөйүүдө. АКШнын "Chowbotics" компаниясы салаттардын түрүн жасай турган робот чыгарды. Бул техника адамдардын жардамысыз эле салаттарды жасайт, бирок мындай жардамчыны ашканага алып келүүгө али эрте. Анткени Sally аталган робот-ашпозчуну ашканага батыра албай убара болосуз. Бул ашпозчуну кафе, ресторандарга, чоң имараттардын ичине жайгаштыруу ыңгайлуу. Компаниянын башчысы Дипака Секаранын айтымында, робот-ашпозчу жакында сатыкка чыгат. Анын айтымында, көлөмү үйдөгү ашканага ылайыкталган роботтор чыгарылат. Учурда Sally роботтору Сан-Франциско шаарынын ресторандарында "такшалып" жаткан убагы.

ЧЫРЛУУ SAMSUNG GALAXY NOTE 7 СМАРТФОНУ КАЙРАДАН САТЫККА ЧЫГАТ


«Samsung» компаниясынын Galaxy Note 7 смартфону өткөн жылы чыккандан бир жыл айланбай дүйнөнүн булуң-бурчунан аталган телефондор жарылып жатат деген арыздануулар түшө баштаган. Компания текшерүүлөрдөн кийин кемчилигин моюнуна алып, Samsung Galaxy Note 7ни сатыктан алып таштаган эле. Быйылкы жылы бул компания аталган смартфондордун үстүндө иштеп, аны жаңылашты. Компания жаңы үлгүдөгү телефондорду сатуу үчүн дүйнө жүзүндөгү операторлор менен тыгыз иштешүүнү баштады.

ИНСТАГРАМ ЭМИ ИНТЕРНЕТСИЗ ЭЛЕ ИШТЕШИ МҮМКҮН

Мобилдик тармакта эң популярдуу болгон Инстаграм эми интернетсиз эле иштеши мүмкүн. Учурда компаниянын адистери Инстаграмдагы офлайн-функцияларды тестирлөөнүн үстүндө иштөөдө. Жакын арада Инстаграм социалдык тармагында интернетке кошулбай туруп аткарылуучу функциялар пайда болушу ыктымал. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү апрель айында атайын конференцияда айтып беришет. Азырынча автономдук режимде, башкача айтканда, интернети жок эле иштей турган функциялар кайсылар экени белгисиз. "Жаңы функцияларды интернетке туташууда көйгөй жаралган өлкөлөрдөгү колдонуучуларга арнап чыгарабыз" деп билдирген аталган компания.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
ggvatua
2017-04-04 00:01:29
Кыргыздар инстаграмда жашап калат экенбиз да анда)))Текин деп
+1
Floweriza
2017-04-04 17:30:33
Huawei чындыгында мыкты экен жеке оюм)
+1
beleka
2017-04-05 02:38:29
Жакшы болмок интернетсиз Инстаграм.
0
regina86
2017-04-05 11:29:00
Админы сураныч ватсапта кайсы убакта кирип чыкканды билдирбоо жонундо макала чыккан элего ошол макаланы ссылкасын берип коесуздарбы таппай койдум
0
Englishman
2017-04-05 12:41:07
regina86,"Настройки" >>"Аккаунт" >>"Приватность" Бул жерден сиздин сүрөтүңүздү, статусуңузду жана качан киргендигиңиз жөнүндөгү маалыматты ким көрө ала турганын белгилей аласыз:
Все - Баары
Мои контакты - Менин контакттарым
Никто - Эчким
Ийгилик каалайм.
+2
regina86
2017-04-05 14:19:07
Englishman,рахмат
0
№ 752, 31-март-6-апрель, 2017-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан