Өткөн жумада Ош шаарында милиция кызматкеринин киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жансыз денеси табылган. Көп өтпөй бул кылмышка шектүүлөр кармалып, анын бири кызганычтан улам ушундай ишке барганын билдирди.
КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП БИР ҮЙ-БҮЛӨ КАРМАЛДЫ
Ушул жылдын 23-мартында саат 15:30дар чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган Мицубиси унаасынын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Маркум подполковник ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Ош облусундагы башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштеп келген. Өлүккө алгачкы кароо жүргүзүүдө маркум башынын арткы бөлүгүнө оор нерсе менен урулган соккудан улам каза болгондугу билинген. Бул кылмыш боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, милиция кызматкерин өлтүргөн шектүүлөрдү издөө иштери башталган. Көп өтпөй Ош шаардык ИИБинин кызматкерлери тарабынан бир үй-бүлөнүн 4 мүчөсү: күйөөсү, аялы, алардын уулу жана үй ээсинин аялынын иниси кармалган.
"БАЛДАК, ТАШ МЕНЕН БАШЫНА ЧААП ЖИБЕРДИМ"Ош ШИИБи таркаткан маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалгандардын бири Д.Ш. милиция кызматкерин өзү эле өлтүргөнүн, ага кызганыч себеп болгонун айтып көрсөтмө берген:
– 21-март күнү саат 19:00 чамасында сүмөлөк кайнатылып, коңшулар менен отурганбыз. Бир убакта аялымдын телефонуна Таирбек чалып, аны чакырды. "Эмне үчүн чакырып жатат?" деп сурасам, аялым "карызын берет экен" деди. 20 мүнөттөн кийин артынан барсам, экөө сүйлөшүп турушуптур. Мен азыраак ичимдик ичкен элем. Таирбек кызуу болчу. Экөөбүз айтышып кеттик. Анан ал "эркекче сүйлөшөлү" деди.
Экөөбүз Учар тарапка канал боюна бардык. Барганда ал намысыма тийген ачуу сөздөрдү айтты. Мен өзүмдү токтото албай аны колумдагы балдак, андан соң таш менен башына чаап жибердим. Футбол ойноп бутумду кокустатып алгандыктан убактылуу балдак таянып жүргөм. Таирбек жыгылгандан кийин деле сөгүнүп жаткан. Мен аны унаасынын арткы орундугуна чалкасынан жаткырып, чип ачкычы менен эшиктерди жаптым. Анан кан болгон ташты жана унаасынын ачкычын сууга ыргытып жиберип, өзүмдүн машинамды айдап, сүмөлөк жасап жаткан жерге келдим. Туугандарыма болсо "Таирбек үйүнө кетти" деп койгом.
"КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮ ЖАРДАМ БЕРГЕНДИН ОРДУНА АВТОУНААНЫ БЕКИТИП КЕТКЕН"
Ош шаардык ИИБинин басма сөз кызматкери Замир Сыдыков төмөнкүлөрдү билдирди:
– Милициянын подполковниги Таирбек Уларовдун өлүмүнө шектүү катары 1972-жылы Талас облусунун Бакай-Ата районунда туулган Д.Ш. аттуу жаран, анын аялы, алардын уулу жана аялынын иниси кармалган. Кылмышка шектүү Д.Ш. кылмышын моюнуна алып, бул ишке кызганычтан улам барганын айтууда. Д.Ш. менен маркум уруша кетишип, аны чечүү үчүн Учар айылы тарапка барышкан. Ал жерде кылмышка шектүү Д.Ш. Таирбек Уларовдун башына балдак, таш менен уруп жиберген. Ал Таирбек Уларов кыйналып жатканда жардам бергендин ордуна автоунааны бекитип, ачкычты сууга ыргытып кетип калган. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Кылмышка шектүү Д.Ш. Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда бул ишти Ош ОИИБинин Башкы тергөө башкармалыгы тергеп жатат.
Кылмышка шектүү Д.Ш. уурулук кылганы үчүн 2008-жылы соттолгон, анын жубайы да мурда соттолгон. Ошондой эле Д.Ш. алдамчылык боюнча Бишкек ШИИББи тарабынан издөөдө жүргөндүгү аныкталды.
Маркумдун артында 7-9-класстарда окуган 2 кызы атасыз калды. ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу башка маалымат берилбей тургандыгын билдирди. ИИМдин атайын багыттагы отрядында да кызмат өтөгөн, тажрыйбалуу милиция кызматкерин буту сынып, балдакчан жүргөн адам сабап өлтүргөнү шек жаратпай койбойт. Тергөө аяктаганда бул боюнча кенен маалымат бергенге аракет кылмакчыбыз.
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg