реклама
Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕ 4 БАЛАНЫ БАГАТ. «МАЙЫП КЫЗЫМДЫ СҮЙРӨП ЖҮРҮП УНАА ЖУУЙМ»

№752 31-март-6-апрель, 2017-ж


Бишкек шаарынын четиндеги унаа жуучу жайлардын бири. Сыртынан кадимкидей көрүнгөн бул жерде бою кичинекей, арыкчырай эженин кезектеги унааны жууп жатканын байкаса болот. Бул эженин жанында көбүнчөсү майыптардын арабасында отурган 10 жаштардагы кызды көрүүгө болот. Эне деген эне экен, алдан-күчтөн тайып, оору колдон-буттан алган күндө да 4 баласын багам деп күнү бою колу муздак суудан чыкпайт. Кезектеги каарманыбыз Асыл Эсенгулова 17 жылдан бери унаа жуугуч болуп иштеп келет.

"ЖЕТИ БАЛАМДЫ ТЕҢ ҮЙДӨН ТӨРӨП, КИНДИГИН ӨЗҮМ КЕСТИМ"

– Мен Нарын облусуна караштуу Ийри-Суу айылынан болом. 10-классты бүткөндө эле ала качып кетишкен. Кыргыздын салты ушул экен деп отуруп калдым. Жолдошум башынан эле ичимдикке жакын болчу. Ичип келип мага кол көтөрчү. Экөөбүз жети балалуу болдук. Анын төртөөсү чарчап калды. Жетөөнү тең үйдөн төрөп, киндиктерин өзүм кескем. Анткени төрөт үйү дагы акча да. Эркек балдарым токтобой койду, 1989-жылы төрөлгөн уулум да тубаса майып болуп төрөлгөн. Ал дагы баса алчу эмес, аны 19 жыл колума көтөрүп бактым. Ал жакында эле кайтыш болуп калды. Жолдошумдун ичкиликке берилгендигинен бир кыз, бир уулум да майып болуп төрөлдү. Учурда улуу кызым, бир неберем, мектеп жашындагы балам, анан майыптардын арабасындагы кызым менен бирге турам.

"БАСПАГАН КЫЗЫМДЫ ҮЙДӨ КАЛТЫРАЙЫН ДЕСЕМ, ЭПИЛЕПСИЯСЫНАН КОРКОМ"

– Өзүм 18-19 жашымдан тарта эле райондук ооруканада пол жуугуч болуп иштедим. Борборго келгени 4-шаардык ооруканада да пол жууп иштегем. 2007-жылы жолдошумдун туугандары аны Казакстангабы же Орусиягабы, айтор, иштетебиз деп алып кетишкен. Ошол бойдон дайынсыз, туугандары болсо "каза болгон" дешет. 17 жылдан бери кичи автобустарды жууп иштеп келем. Сүйрөп жүргөн кызым 10 жашта. Бир бөйрөгү жок төрөлгөн, көрүүсү начар, эпилепсиясы бар. Азыр бир бөлмөлүү тар үйдө беш киши күн кечирип келе жатабыз. Батирге электр энергиясынан тышкары 3500 сом төлөйбүз. Электр энергиясына төлөм 2000 сомдон ашып кетип жатат. Таңдан кечке чейин баспаган кызды сүйрөп алып унааларды жууйм, кышы-жайы дебей колум муздак сууда жүрүп бөйрөгүм ылдый түшүп кетиптир. Полиартрит деген дарт жабышып, буту-колум какшап ооруйт. Азыр дагы жакшы, унаа жуучу жай ачылып калды. Мурун чоң бачокторду көтөрүп алып жолдун аркы өйүзүнөн бери жагына суу ташычубуз.
Батирлеп жүрүп тажадым. Шаардын кайсы гана жагына батирге чыкпадык. "Балаң көп экен" деп батир ээлери көп учурда киргизишпейт. Айла жок суранып жатып, чыгарып жибербесин деп эшигинин алдындагы таштандыларды кошо тазалап берип жашайбыз. Улуу кызым чоңоюп калганы менен, оорулуу, кол арага жарабайт. Башы ооругандыктан, үйдө эле отурат. Ушул төрт баланы жалгыз багып келе жатам. Башка жакка көчүп кетейин десек, батир акысы кымбат, анын үстүнө жалгыз үмүт кылган уулумду мектептен тосуп келе албай калат экенмин.
Кээде маршруткалардын көбү жуудурбай кетип калат, андайда бир күнү наны, экинчи күнү чайы жок калабыз. Мечиттин жанында жашагандыктан бир молдо келип, "эже, уялбай эле жума күндөрү мечиттин жанына барып отуруңуз, ошол жактан адамдар жардам берип калар" дегенинен айла жок кайыр суроого туура келет. Андайда бир күнү 1000 сом же 700дүн тегерегинде акча түшүп калат. Унаа жуучу жайдын жумушу кыштын күндөрү 9да, жайында 8де башталат. Анан кечки алтыга чейин ошол жакта кызымды жаныма алып жүрүп ысык-суукта унаа жууйм. Башка айла барбы? Үйгө таштап кетейин десем, ал сийген-чычканын билбейт, анан үйдөгү кызым аны жуунта албайт да. Анын үстүнө майыптардын арабасындагы кызымдын эпилепсиясы бар, анысы кармаса дагы бир нерсе болуп кетпесин деп жумушка да сүйрөп алам. Балдарымды ошол унаа жуучу жердеги ашканадан тамактандырам. Бул жерге көчүп келгенибизге 3 айдын жүзү болду. Электр энергиясы бат-бат өчө бергендиктен кошуналардын самоорун сурап, эшикке от жагып чай кайнатып ичебиз.

"ДАРЫЛАНАЙЫН ДЕЙМ, БИРОК БАЛДАРГА КИМ НАН ТААП БЕРЕТ?"

– Кээде буту-колум ооруп тура албай калам. Ооруканага жатып дарыланайын десем, бул балдарга ким нан таап берет? Эртеден кечке иштеп кээде араң эле 200-300 сом табам. Ал күнүмдүк ичкен ашыбыздан артпайт. Айдоочуларга рахмат, балдар кичине кезинде ыйлап жатса, мен унаа жууп жатканда терметип сооротуп турушчу. Өкмөткө кайрылып жер тилкесин сурасам, "сиздин шаарда каттооңуз жок, үйүңүз жок, анан кантип жер тилкесин бермек элек?" дешет. Жер тилкесин бербесе го мейли, балам каза болгондо жерге берели десек, жер бербей кууратышты. Акыры бир молдонун жардамы менен Арча-Бешиктеги мүрзөдөн бир жер тилкесин алдык.
Балдар менен минтип кыйналып жүрүп туугандарым менен деле катышпай калдым. Алар бир туугандай эмес, баары тең мерез. Алар "балдары оорулуу" деп мени теңине алышпайт. Жардам бергендин ордуна "балдарыңды балдар үйүнө берип эле, өз жаныңды бакпайсыңбы" деп чыгышкан. Кантип мен ичимден чыккан балдарды таштап кетмек элем?! Жадакалса уулум өтүп кеткенде да бир келип топурак салып кетишкен жок. Аларга караганда бөтөн кишилерден жакшылык көрүп жатабыз. Күн сайын Кудайдан көзүм өтүп кеткенче тоокканадай болсо дагы өз үйүбүзгө жетип алсак деп тилейм.

Күндүн ысыгында, кыштын суугунда майыптардын арабасындагы кызы апасынын жумушу бүтөр убактысын күтүп жанында отурат.


"Бир унаанын ичин, унаа жуучу жайды жууганым үчүн 35 сом алам".


Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg



Кичи автобустарды жууп иштеген 56 жаштагы эне

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(44)
03.04.2017. 14:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
21-11-2018 09:23
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах раазы болсун ,Балдарыныздын омуру узун сизге ийгилик,сабырдуулук.каалайбыз

03.04.2017. 16:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
106
Катталган:
13-09-2016
Соӊку аракети:
21-07-2018 12:59
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Алай
0
Бул жагы окунучтуу
03.04.2017. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
07-11-2016
Соӊку аракети:
01-11-2018 09:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
-1
митинге акча чачып тамак аш,кунуно ошончо элге мин сомдон тологон саясатчылар ушуларга жардам берсенер эл колдойт.Салянова шыкмаматов и т.д
03.04.2017. 16:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
08-02-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:35
Жынысы:
Белгисиз
+11
35 сом аябай эле азгооо
07.04.2017. 00:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
21-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kirgizstan,Ооба да жок легенде 50 сомго которую койсо жакшы болмок.
03.04.2017. 16:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:59
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ар бир баланы кудай ырыскысы менен жаратат дейт бирок куйоонуз урса шартыныз жок болсо балдардында убалына калбаш керек да .Шартынызга карап торош керек жаман корбогуло го кичинекей кызы озу орукчан болсо байкуш ысык суук дебей кечке арабада олтурат.Алда кенен кесир жаткысы келет балким.Чондору уйдо кыйналышып.Шартын болсо го коп балалуу болгонго не жетсин.Кобунчо коп балалуу болушат куйоом ташап кетти балдарым ачка кочодо жашап жатам дешет .1-кичине болсо да шарт тузуп анан каалаганча торогуло.
07.04.2017. 00:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
21-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
dinar-87,аябай акылдуускн го шартты жакшы билген сактаныш учун да акча керек куйоо соройу арактан башы чыкпаса кайдан шарт табат каармандын социалдык абалын коруп туруп дооруйсун да
03.04.2017. 16:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
86
Катталган:
16-12-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:59
Жынысы:
Белгисиз
-5
Балдардын балалык доорун азапка салбай ач ток ысык суукда журушуп коптогон ооруларга чалдыгыр омур бою азабын тартышат.
03.04.2017. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
08-02-2017
Соӊку аракети:
16-08-2017 21:33
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым балдарынызга ден соолук бакыт куч кубат берсин! Чиновниктер бирин бири чукубай жардам берсе болот го.
03.04.2017. 22:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
916
Катталган:
29-10-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 15:23
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш эне(((
03.04.2017. 23:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
14-05-2014
Соӊку аракети:
20-01-2018 01:17
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош
+2
Эне да бечара.Ата болгондо балким таштап коймок.
Super TV
04.04.2017. 01:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
145
Катталган:
29-11-2011
Соӊку аракети:
09-02-2018 20:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
БИШКЕК
+4
Эже менен кантип байланышсак болот? Номери керек
04.04.2017. 02:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
17-12-2015
Соӊку аракети:
05-11-2018 18:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
з
+5
Эххх карап олтурсан журогун эзилет миллионер болгондо бир чоон эле проблемасын котормокбуз ичтен эле сыздап кала берет экенсин сиздер жака да кун чыгат ИншаАлла......
04.04.2017. 11:30 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
26-03-2017
Соӊку аракети:
01-05-2017 13:45
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сизге сабыр берсин. Бактылуу кундордон буйурсун.
04.04.2017. 11:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
31-12-2016
Соӊку аракети:
21-11-2018 15:19
Жынысы:
Белгисиз
+1
Миң төрөбөш к.к эле деген м.н төрөптүр. Проблемасы жакшы жака чечилип кетсин!
04.04.2017. 14:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
10-11-2013
Соӊку аракети:
12-07-2018 04:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
киндик каным тамган жер
+3
ыйладым окуп алып. эне эне эне балээге калган эне. торосо да балээ торобосо да балээ.
04.04.2017. 21:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактааа э Аллах ушунчаңа шүгүр. Бирок эже бул күндөр да өтөр кетет. Баары жакшыыы болоор. Заманыбыз өнүксө экен.
04.04.2017. 21:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:41
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде 100 сом кылышпайбы?! 100 сом деле түшүп калат го
04.04.2017. 21:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
41
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
17-10-2018 12:11
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдон келишинче жардам берели 10-жыйырма сом болсоба единица салгыла анан аны наличка кылып ала алса да
04.04.2017. 23:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
21
Катталган:
06-06-2016
Соӊку аракети:
06-06-2017 12:16
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйладым бечара энеке.. журогунуздон сиздин ... кооп жашан уйлуу болуп калаарсыз жардам берели эхх
05.04.2017. 10:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
14-03-2017
Соӊку аракети:
28-03-2018 06:21
Жынысы:
Белгисиз
+6
kelgile baarybyz 200 somdon bersek da chogulup kalat bankta esep barakchasy barby bolso jazyp koiunuzdarchy super info 200- 300 bolso da bir nersesine jarap kalat koldon kelgender jardamybyzdy aiabaily. kop tukurso kol bolot bechara enege jardam bereli.eger menin sunushuma makul bolsonor 0773 864390 ushul nom chalgyla uiushturaly.
05.04.2017. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
796
Катталган:
09-10-2016
Соӊку аракети:
29-04-2017 13:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Каап балдарынызга узун өмүр өзүңүзгө ден соолук кызынызга да ден соолук берсин. Бирок бир унаа анан унаа жуучу жайды жууш үчүн 35 сом дегени өтө эле аз го?
05.04.2017. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
09-03-2015
Соӊку аракети:
29-08-2018 14:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ак монгулуу Ала Тоонун бермети Ысык Кол
0
Элсом электрондук кошелегун ачса жакшы болмок.
05.04.2017. 14:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
616
Катталган:
24-12-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:44
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элибиз боорукер адамдардан колу кур эмес. Коп тукурсо кол болот. 200 сомдон болсода топтош керек. Бирок кантип?...
06.04.2017. 09:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
223
Катталган:
16-03-2016
Соӊку аракети:
20-11-2018 10:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла Таала жардамын берээрин унутпасын, чиригин байлар себепчи болуп, жардам берсин!
06.04.2017. 13:06 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
06-04-2017 13:58
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец эже экенсиз!Баа бердим сизге!Канчама жаштар журот жалкоо денелерин сатышып кара жумушту иштешпей.Кудайым сизге ден соолук берсин!
06.04.2017. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
31
Катталган:
30-03-2017
Соӊку аракети:
14-11-2018 20:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Ээх, жашоонун акча мн байланышып калганын... Акчасын каякка чачаарын билбегендер, бир обед кылганда эле 500 сомго тамак ичишет.эженин ордуна бир кун иштеп корушсо тушунушот эле. Бир кундук тамагынын обеддин акчасын берип коюшса, эженин канча кундук тамагы болоор эле.
06.04.2017. 22:58 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
27-06-2016
Соӊку аракети:
11-07-2017 02:33
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супер инфо ушунча жазып чыктыныздар, балким эсеп ачып берээрсиздер эжекеге.
07.04.2017. 09:23 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
1626
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 19:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
+1
diamond1111, саламатсызбы? Сунушуңуз эске алынды, рахмат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-07 09:24:14
07.04.2017. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
98
Катталган:
05-11-2014
Соӊку аракети:
21-11-2018 08:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуу урматтуу биздин мультимиллионер атаке сиздин алтындарыныздын бири оор кунду башынан кечирип жатат жардамынызды аябанызчы сураныч.
07.04.2017. 14:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
124
Катталган:
17-10-2011
Соӊку аракети:
24-08-2018 14:56
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
moskva
0
Эх жашоо!!! козумо жаш келди окуп эркек болсом да
08.04.2017. 12:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
21-12-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 15:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Айдаркен
+3
Милиардтаган акчаларды жеп аткан депутаттарга наалат болсун элдин кыйналып жашаганын коро албаган.
09.04.2017. 23:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 18:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен шот ачтырганга аракет кылып кором мумкунчулук болсо жазам жардам Берели ушу тагдыр ар бирибизге келип калышы мумкун 100 200 сомду жон деле чачып жиберебиз
09.04.2017. 23:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
14-09-2011
Соӊку аракети:
21-11-2018 18:36
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен шот ачтырганга жардам берем ачылса эле кабар берем журогу кен Алладан коркон журокторго айтым кечиресиздер
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21503;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: