1992-жылдан бери өлкөдө иштеп келе жаткан эл аралык "Себат" билим берүү мекемесинин аталышы "Сапат" болуп өзгөртүлдү. Анын негиздөөчүлөрүнүн курамына Билим берүү жана илим министрлиги да кирди. Буга чейин Түркия бийлиги менен диний ишмер Фетхуллах Гүлендин тирешинен улам "СЕБАТ" мекемесине кысым күчөгөн болчу. Бектур Токтоноев
politika@super.kg