Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БАЛАНЫН ИЧТЕН ӨЛҮП КАЛУУСУ. БУГА ЭМНЕЛЕР СЕБЕПКЕР?

№753 7-13-апрель, 2017-ж.


Балалуу болууга камданып жаткан кош бойлуу аялдын эң чоң трагедиясы – бул баласынын ичтен өлүп калуусу. Эмне себептен мындай болушу мүмкүн, алдын алууга болобу деген суроолорубузга Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүнүн акушер-гинекологу, жогорку категориядагы врач Асел Касымова жооп берет.

БАЛАНЫН ТИРҮҮ ТУУЛБАЙ КАЛЫШЫНА ЖЕТКИРҮҮЧҮ ФАКТОРЛОР:

  • Баланын моюнуна киндик боосунун оролуп калышы (мындан балага кычкылтек жана керектүү азык-заттар убагында барбай калып, бала тумчугат)
  • Баланын тонунун туура эмес жайгашышы, кеч талгак, гендик мутация
  • Эне жана баланын резус-факторунун дал келбеши (аялдын организми түйүлдүктү чоочун зат (дене) катары кабыл алып, аны жок кылуу үчүн антителалар түйүлдүккө чабуул коёт)
  • Жыныстык жактан жугуучу оорулар (сифилис, хламидиоз, гонорея жана башка)
  • Башка оорулар (кызамык, грипп, кант диабети, жогорку кан басым, бронхиалдык астма, богок, гепатит жана башка)
  • Сырткы факторлор: ичтен жаракат алуу (жыгылуу, бирөөлөрдүн сабап салышы), узак жол жүрүү, дамамат оор көтөрүү, радиацияга кабылуу, уулануу
  • Түйүлдүктүн өзүнүн патологиясы (айрым бир органдарынын өспөй калышы)
  • Тамеки тартуу, ичкилик ичүү, баңгизат колдонуу
  • Гормоналдык фондун бузулушу (35 жаштан кийин аялдын организминде эстроген гормонунун деңгээли азая баштайт. Аталган гормон бөйрөк, боордун иштешине да таасир этет. Ушундан улам аялдын колу-буту шишип, заарасында белок чыга башташы мүмкүн. Жыйынтыгы баланын ичтен өлүп калуусуна жеткириши ыктымал)
  • Стресс, дарыларды өз алдынча ичүү

БЕЛГИЛЕРИ:

  • Ичтеги кыймылдап калган баланын кыймылынын билинбей калуусу
  • Талгактын белгилеринин билинбей башташы
  • Аялдын бели менен табарсыгынын тартылып оорушу, кандын келе башташы

Диагноз коюу үчүн аял УЗИден текшерүүдөн өтөт.

СТАТИСТИКА

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун алдындагы клиникалык төрөт үйүндө

  • 2016-жылы 4602 бала төрөлсө, анын 92си ичтен өлүп туулган.
  • 2017-жылдын 1-январынан 1-апрелге чейин 1241 бала төрөлүп, анын 26сы ичтен өлүп туулган.

ИЧТЕГИ ТҮЙҮЛДҮК КАНТИП АЛЫНАТ?

  • Түйүлдүккө 1, 2, 3 ай болгон болсо, анда атайын дары менен бойдон түшүрүлөт. Дары толгоо чакырып, кан кетет, бала тону менен түшөт.
  • 3 айдан тартып 9 айга чейинки мөөнөттө бала көтөргөн аялга да алгач атайын дары берилет. Дарыдан жатын моюнчасы ачылган соң каканак суусун жарып, тамчылатма дары беришет. Аял өзү төрөйт.
  • Атайын дары берилген соң кан кете баштаса, жатын моюнчасы ачылбаса, аялдын кан басымы жогору болсо, анда аял эпидуралдык анестезия (наркоз бел омурткага сайылат) ыкмасы менен төрөтүлөт.
  • Эгер аялдын жүрөк оорусу, талмасы, бронхиалдык астмасы болсо, анда аялга жалпы анестезия берилип, операция жасалып, ичиндеги баласы алынат.
  • Эгер ичтеги бала эгиз (же үч эм) болсо жана алардын бири өлүп калган болсо, анда өлгөн бала чирип баштап, уулануу бөлүп чыгарат. Тирүү бала уулангандан тышкары анемияга учурайт. Анткени экөө бир жатында жаткандыктан, аларга кычкылтек жана керектүү азык-заттар бир кан тамыр менен мурункудай эле экөөнө тең бара берет. Кыскасы, өлгөн баланын таасири берки баланы майыптыкка же өлүмгө жеткирет. Андыктан мындай учурда ичтеги 2 баланы тең алуу сунушталат.
  • Эгер бала ичтен өлүп калса жана аял врачка кеч кайрылса, анда өлгөн бала чирип баштагандыктан жатын сезгенет жана аялдын бүт организминде сепсис (ириңдөө) башталат. Андыктан операция жолу менен ичтеги бала жатын менен кошо алып салынып, аял эне болуу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууйт.
  • Кээде ичтеги өлгөн бала катып, куурап калган (мумия сындуу) учур кездешет. Андай балдарды энелери апталап же жылдап көтөрүп жүргөн учурлары өтө чанда болсо да кездешет. Албетте, бул аялдын ден соолугуна терс таасир тийгизет. Качан аял УЗИге түшкөндө гана билинип, бала операция жолу менен алынат.

ДЕНИ САК БАЛА ТӨРӨЛҮШҮ ҮЧҮН...

  • Балалуу болууну самагандар 6 ай же 1 жыл мурун врачтарга текшерилип, аз кандуулук жана башка өнөкөт ооруларынан дарылануусу зарыл.
  • Боюнда болордон 3 ай мурун баланын денесинин өсүп калыптанышы үчүн зарыл болгон фолий кычкылын ичүүсү кажет.
  • Боюнда болгон алгачкы 3 айда баланын дене мүчөлөрү түзүлүп, калыптана баштайт. Андыктан ушул аралыкта аял чыр-чатактан алыс болуп, сапаттуу тамак-ашты колдонуп, өз алдынча дары ичпөөсү керек.
  • Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна катталып, УЗИден текшерилип туруусу, ичкилик, тамекиден баш тартуусу кажет.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg


Баланын ичтен өлүп калуусуна кандай факторлор себепкер?

Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(19)
10.04.2017. 11:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
18-02-2017
Соӊку аракети:
16-07-2017 15:51
Жынысы:
Белгисиз
+31
Ар бир уй булоодо дени сак бала торолушуно тилектешмин .
10.04.2017. 12:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
19-05-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин да кызым ичимде чарчап калган. Питание жетпей калган деп коюшкан бирок ишенбейм. 10 кун эле калган болчу тороорумо))).
10.04.2017. 17:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
04-03-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий энеден балабы наристе болобу эч ажыратпасын. Мен да Аллах тообо менен төрөдүм кудайга шугур. Баламын киндиги мойнуна оролуп төрөлду жакшы врачтар эсен аман койнума берди. Кай жерде көз жарбайлы эсен аман бошонойлу. Бишкекте сиңдимин баласын сактай алышпады 9 айлык өлук төрөтушту.
10.04.2017. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
19-04-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:08
Жынысы:
Белгисиз
0
Иий менин да 4жумалык балам оспой калган.Врачтар чочуп калгансын ошондо баланын журогу оспой калган дешти.
11.04.2017. 09:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
28-10-2016
Соӊку аракети:
29-08-2017 06:05
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы чала кыргызча суйлогон кыргыз врачтар да ушинтип суйлоп Жан кейитишет. Баланы Берген да кудай алганда кудай дегенге кошулам. Менин эгиз боюмда болгон кийин бироосу жок болуп, оспой калды бирок экинчиси аман-эсен ай кунуно жетип торолду. Азыр баары жакшы. Алдырбаганыма суйуном.
11.04.2017. 10:25 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5906
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 19:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Aseltay, oscar89, гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
11.04.2017. 14:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
30-12-2016
Соӊку аракети:
20-04-2017 17:35
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла таалам бала м.н энени ажыратбасын,баарыныздарга дени сак балдарды насип этсин ылайым!
Срогунуздарга жетип дени сак бала торонуздор
Медиа-портал
11.04.2017. 20:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
21-07-2011
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргызча сүйлөсө оозу кыйшаят бекен эми. Жанды кейитет да...(((
11.04.2017. 23:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
22-10-2016
Соӊку аракети:
04-05-2017 22:32
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кыргызчабы,орусчабы тушундурсо болду да
Super TV
12.04.2017. 01:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
28-04-2016
Соӊку аракети:
18-03-2018 20:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообще тушунбодум
12.04.2017. 19:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
07-02-2017
Соӊку аракети:
19-01-2018 07:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин 4 айлык боюмда бар. кечинде уктаар алдынан ичим аябай ооруп чыгат. эмне себептен болушу мумкун?
12.04.2017. 22:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
288
Катталган:
05-10-2014
Соӊку аракети:
23-06-2018 19:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
0
Эне аман бала аман эл аман.
13.04.2017. 08:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
29-08-2015
Соӊку аракети:
15-11-2017 11:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токмок
0
Оо жараткан эне-баланы ажырата корбо!Ар дайым баарыбызда дени сак,ден-соолугу чын наристелер торолсун.Мен да ушул айда наристелуу болом деп кутуп жаткан убагым.Аман эсен коз жарып алайын.
13.04.2017. 08:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
29-08-2015
Соӊку аракети:
15-11-2017 11:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токмок
0
4 айлык боюнарда болсо анан кечкисин ичинер ооруса бул козголуп жатат деп ойлойм.Ичинер туйулгон жокбу?
13.04.2017. 08:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
29-08-2015
Соӊку аракети:
15-11-2017 11:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Токмок
0
Созсуз врачка барып корунунуз.
Super TV
13.04.2017. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-05-2015
Соӊку аракети:
21-09-2017 15:20
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым берген наристесин омуру,ата энеси менен берген болсун!
14.04.2017. 21:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
119
Катталган:
15-04-2015
Соӊку аракети:
16-09-2018 09:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
JallivuD
+1
Менинда 9 жумалык балам ичимде олуп калды. 5 жумалык болгондо оспой калган экен. 4 жумаэч нерсе болбой эле журуп, кан кеткенде баргам. Корсо эчак эле оспой калган экен. Эч кандай дары менен эмес, вакум менен алган.
14.04.2017. 22:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
19-12-2016
Соӊку аракети:
28-05-2018 14:21
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!! Балдар аман-эсен торолушсун !
Super TV
01.09.2018. 18:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
10-12-2012
Соӊку аракети:
01-09-2018 18:54
Жынысы:
Белгисиз
0
орусча эмес кыргызча чыгарбайсынарбы , орусчасы толуп эле атат коройун дегенге интернетте. Кыргызча суйлосо кыргыз болгондон кийин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: