БИЙЛИКТИН АЛМАШКАНЫ КЫРГЫЗСТАНГА ДЕМОКРАТИЯ, ӨНҮГҮҮ АЛЫП КЕЛЕБИ?
«Супердин» сурак бурчу
Ибрагим Жунусов,
Маданият агенттигинин директору:
– Билбейм, азыр бир нерсе деп айтуу кыйын болуп турат. Өзүм дагы деле бул көрүнүштү толук түшүнүп, кабыл ала элекмин. Ошондуктан учурда болуп жаткан окуяларга, бүгүнкү абалга эч кандай баа бере албайм.
Бек Борбиев,
КРнын Эмгек сиңирген артисти:
– Өнүгүү алып келет деп айтуу кыйын болсо да, бул окуядан соң өлкөдө стабилдүүлүк орноп, паракорлук жоюлат. Жер сатылбай, обу жок кымбаттоолор токтотулат деп күтөбүз. Муну мен гана эмес, жалпы кыргыз эли да каалап жатса керек.
Айбек Карымов,
ырчы:
– Азыр бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, биримдикте иштешсе гана өнүгүү болот. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт да. "Учурдагы лидерлер бир пикирде иштеп кете алышабы?" деген суроого жооп болсо, анда берилген суроого так жооп айта алам.
Асел Турдалиева,
ырчы:
– Ой, азыр эмне деп комментарий бермек элек? Эч кандай айта турган сөзүм жок. Өзүмө келе албай, жаман болуп отурам. Маанайым да жок!
Канат Култаев,
продюсер:
– Акаевдин заманында бир чоң көзү ачыктын “Кыргызстанга үчүнчү президент келет. Ошол башчы өлкөнүн экономикасын өнүктүрүп, чоң-чоң өзгөрүү киргизет" дегенин уккам. Мен ошол кепке ишенем.
Ассоль Молдокматова,
телеалпаруучу:
– Бийликтин алмашканы өлкөгө эч кандай өзгөрүү алып келбейт. Бийлик өкүлдөрүн эмес, андагы системаны өзгөртүү керек. Ошондо гана өсүп-өнүгүү тууралуу ойлонсок болчудай. Бирок мен оптимист адаммын. Жакшылыктан үмүтүмдү үзбөйм.
Гүлнур Сатылганова,
КРнын Эл артисти:
– Мен азыр эч кандай суроого жооп бере албайм. Комментарий берүү оюмда да жок. Шок болуп отурам!
Бактыгүл Сокушова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (18)
Эл алдында жургон адамдарда сөз жок болсо кимде соз болот? Элдин абалы тууралуу чындыкка ун кошуп турууга булар милдеттуу болчу, эл деген адамдар болсо. Жеке мен азыркы убактылуу бийликке ишенем, алар аздыр-көптүр чынчылыраак адамдар. Алардын сүйлөгөн сөздөрү, кылган иштери мени канааттандырып жатат. Эң негизгиси Кудайдан коркушса деп отурам. Анткени Кудайдан алыс адам тамыры жок дарактай, кантип озгорулгонун оздору да билбей калышат. А
Албетте, биз Кудайдан гана умуттонушубуз керек. Ошондо гана умут акталат.
Men uchun biyliktegiler dagi ele oz mansabin oylop,kuroshup jatishkanday. Dagi jasagan araketterinen koro jataarbiz.
Рейдерство башталды деген соз чындыкбы?
Gulnur eje Elmurza jezdebizdin artynan KR El artisti bolo kaldynyz ele.Emi kaira alyp koyushaar beken dep shok bolup olturasyz go ee...Oshon ucun biylik artyna dele jashyna bergen bolboit.
калайык журт элди кайраштырбайлычы... ушундай кырдаалда эл учун кызмат кылып койбойлубу
азыр эл жон гана курал болуп калды. Жаны бийликти ач карышкырлар ээлеп алды го. алардын максаты бир байлык жыйнаса эле болду. Кокуй алтымыш тыйынды алдык уюлдук телефондон дейт. Фикс. номерлер 4 сом болгону менен иши жок.
Мен да 2005 жылы газетадагы бир козу ачыктын Кыргызстанга 3 президент келет ошол гана Кыргызстанды бутуна тургуза алат дегенин окугам бирок ошондо негедир ишенгим келген эмес бирок ошол аялдын айтканы болуп жатат эми жаны президент келип Кыргызстанды онуктуруп кете алат деп умут кылабыз
Тообо козу а4ыктарга ищенгендерди Кудай озу ке4ирсин.У4ун4у президент келет деген эле,эми айтканы келип атат деп.эмне силер кыргызстан 2 президент менен эле 4ектелип калат деп ойлодунар беле,же у4ун4у келбей дароо тортун4у келет деп ойлодунар беле.Азыркы бийлик да бир топтон кийин президент щайлоодо бийлик талащып жарымы окумот,жарымы оппозици9 болущуп кетет
ойлогон ойду кыстаган турмуш женет. Бийлике ишенбей оз окатыбызды кылбасак болбойт
Kanat Kultaevdin sosuno men da koshulup, abdan umuttonuugo araket kylyp shatam. Aytat emespi, bis adamsat, razionalduu cheshim taba albagan uchurda kudajga , dinge, arky berki korunushtorgo- kos achyk degen- kayrylyp, umut isdeybis dep.Oshol chyn bolup, ishke ashsa boldu...
Журналистка кызык неме экен,булардан башын оорутуп сурамжылап отурат,Булар деген кечээ куну Бакиевдин "багында" сайрап жатышкан,эртен оппозициянын "шагында" сайрашат да!!!
Кыял,(же Кыжалбы) адам озу Кудайга коз карандылыгын дайыма эле билиши керек эле, туюкка такалганда эле мумкунчулугу чектелүү жандык экенин билбей, анан козу ачыктардын айтканына эмес, Кудайдын айтканына ишениш керек. Козу ачыктар биздей эле адамдар, эмне учун алар бизден жашыруун сырларды билиш керек? Аларда таза эмес рухтар менен байланыштырып койуу коркунучу бар. Кудайдан эле умуттонуш керек.
э туугандар чынын айсам даагын Акаев менен Бакиевке окшогон дагы бироосу келетда ошондуктан башынарды оорутбай эле койгула ойлонбогула да биз кимди шайласакда баары бир ак уйдогулор дагын бироосун шайлап алышат да аны да кубалап жиберишет