ТЕМИРЛАН СМАНБЕКОВ КЫЗМАТЫНАН БОШОТУЛДУ

27-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театры 90 жылдык мааракесин белгилеген. Иш-чарадан кийин театр жетекчиси Темирлан Сманбеков кызматынан кеткени маалым болду. Бул анын өз каалоосубу же министрликтен келген буйрук экенин тактоо иретинде Темирлан Сманбеков менен байланыштык:
– Жумуштан өз каалоом менен эмес, бийликтин талабы менен кеттим. Театрдын 90 жылдык мааракесин жакшы өткөрдүк, ыраазы болушту. Кайсы күн экенин так билбейм, мага Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен Фархад Бекмамбетов келип, "өз каалооңуз менен жумуштан кетүү арызын жазып, кол коюп бериңиз" деди. Министрликтен себебин сурасам саясатка байлап, 90 жылдык мааракеде экс-премьер-министр Темир Сариев келип акчалай кошумчасын кошуп, сөз сүйлөгөнү себеп болуп калыптыр.
Өзүмдүн жеке оюм боюнча, жетекчилик кызматтан кетүүмө театрдын мурунку жетекчиси Марат Алышпаев себеп болгон. Анткени мен кызматка келген күндөн тартып мага нааразы болуп, таарынып жүрчү. Ал кишинин Жогорку Кеңеште тааныштары бар. Эгер мен жаман иштесем кемчиликтеримди айтмак да. Ошондо саясий оюн экенин түшүнүп, жумуштан кетүү тууралуу арыз жаздым. Бул кызматта 2 жылдан ашык эмгектенип, бир топ жакшы иштерди аткардым. Эми кайсы гана жетекчи келбесин мен баштаган көчтү туура алып кетсе эле болду. Ыраазы болгонум, театрдын бир дагы кызматкери мага нааразычылыгын билдирген жок.

Ал эми бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине байланышканыбызда министрдин орун басары Фархад Бекмамбетов төмөнкүдөй жооп айтты:
– Биринчиден, Темирлан Камашевичтин кызматтан кетиши эч кандай саясатка тиешеси жок, ал өз каалоосу менен кеткен. Экинчиден, Жогорку Кеңештин комитетинде социалдык маселе, маданият жана билим берүү боюнча маселелер көтөрүлгөн. Ошондо Кыргыз драма театрынын жетекчилиги тендер жана ижара боюнча катачылыктарды кетирген. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, кетирген каталарына карап иштен алган жокпуз. Бирок өзү катасын билип, арызын жазды. Азыркы тапта жетекчилик кызматка 5 киши талапкерлигин койду.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
admin_superstan
2017-04-10 11:30:39
zinaniz, далилсиз маалыматтарды жазуудан алыс болуңуз.
-1
nurik838383
2017-04-10 11:46:28
Азаматсынар театрды жон эле койбопсунар
0
nurik838383
2017-04-10 11:47:24
Сооронбай жээнбеков келсин ордуна
+5
jaz-aiym
2017-04-10 12:03:22
Мына!Каерге барба саясаттын сасыткылары.Уялышпайт экен да булар.
+9
admin_superstan
2017-04-10 15:08:24
Alixan-Nookat.2015, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз. Эскертүү!
-1
Kalemkash
2017-04-10 16:12:52
Эх ушу биздин саясат жанга батты
+2
Kroxa
2017-04-12 01:10:12
Оз каалоосу менен жаз десе жазат да..эмне ушунча эки жуздуу окмот биздин окмот..ким ишенет силерге...
+2
№ 753, 7-13-апрель, 2017-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан