20-мартта Орусиянын Биринчи каналынын "Голос" долбоору Мамлекеттик Кремль ордосунда 5 жылдык юбилейлик концертин өткөрүп, ага мекендешибиз Кайрат Примбердиев да катышкан. Ырчы "Голос. Дети" долбоорунун жеңүүчүсү Алиса Кожикина менен "Simply the Best" деген ырды аткарды. Бул дуэттин ырдаганын көрүшкөн интернет колдонуучулар "концерттеги эң мыкты номер болду" деген пикирлерин жазышууда. Концертке долбоордун мыкты деп саналган жеңүүчүлөрү жана финалисттери катышкан. Кошумчалай кетсек, Кайрат жаңы жылдан тарта "Голос" долбоорунун финалисттери менен биргеликте концерттик турдун алкагында Орусиянын бир катар шаарларын кыдырып, өз өнөрүн тартуулап жүргөнү маалым. Ырчыны орус эли жылуу кабыл алып, алкоого татып жаткан чагы.