Өз жерин, элин көксөп Тажикстандагы Памир тоолорунан өлкөбүзгө көчүп келген адамдардын саны бир канча. Алардын ичинен тарыхый мекенинде турмушун оңдоп кеткендери да аз эмес. Бирок кыргыз элине бакыт издеп келип, тескерисинче, татаал тагдырга дуушар болгондор да бар. Алардын бири Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Вознесеновка айылында жашаган Кулушевдердин үй-бүлөсү.
Жаныбек Кулушев: «КЫРГЫЗ ЖЕРИНЕ БЕКЕР ЭЛЕ КӨЧҮП КЕЛИПТИРМИН ДЕП ОЙЛОБОЙМ»
– Кыргыз жерине 2005-жылы келгенбиз. Тажикстандагы Мургаб айылында жумуш жок болуп, эл катуу кыйналып баштаган. Ал жакта эч нерсе өспөйт, эч нерсе курулбайт. Оштон гана ун барчу эле. 1 койго 1 мүшөк кара ун алчубуз. Ошондо элдин кээ бирлери үйүн сатып, эптеп акча таап 1 баштык менен Кыргыз өлкөсүнө карай сапар тартып баштаган. Биз дагы тоолуу жерде жашачубуз. Жубайымдын өпкөсү ооруганына байланыштуу аны дарыгерлер тоолуу эмес жерде жашашы керек дешкен. Топоз, койлорубузду сатып, бул жакка жубайым жана 5 балам менен көчүп келдик. Алгач келгенибизде Бишкектин четиндеги бир фермада мал багып, батирде жашап жүрдүк. 5-6 жыл иштеген соң жубайым ооруп жарым жылдай ооруканада жатты. Бирок ага карабай каза болуп калды.
Кийин курулушта бир жылдай иштедим. Балдарымды борбордо окууга киргизе албасымды түшүнүп, Панфилов районундагы Вознесеновка айылына көчүп келдик. Бул жерде мал багып, кожоюн малчыга деп берген үйдө жашачу элек. 1 ай өткөн соң аларга малчыга кошо саанчы керек болуп, үйдү бошотууга туура келди.
Балдарымдын экөөсүн Вознесеновкадагы мектепке киргиздим, алар окуп жатышат. Бири 1-класста, экинчиси 6-класстын окуучусу. Улуу кызым Жалал-Абадга турмушка чыгып кетти, 2-кызым тубаса ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аны 17 жаштагы кызым карап отурат. Эжесин таштап кете албай, 6-классты бүткөндөн кийин мектепке да барбай калды. Себеби майып кызымды караган башка адам жок. Аны кароосуз калтырсак, өз алдынча бир жактарга кетип калат. Канча жылдан бери оорукчан кызымды майыптар үйүнө берсек деп тиленем. Балким, ал жакта жакшы карашат беле деп ойлойм. Керектүү дарысын берип, зарыл текшерүүлөрдөн өтөт беле деген үмүтүм үзүлбөйт. Сиңдисинин колу бошоп, ал дагы иштесе, кичине жардам болмок. Бирок учурда биздин эч бир документибиз жок. Ооруп калсак айылдагы дарыгерлер түшүнүү менен карап беришет.
Эч кандай шарты жок үйдө баарынан оорукчан кызыма кыйын болуп жатат. Рахат кызым өмүр бою майып эжесин карап отура албайт. Бой жетип калды, турмушка чыгып кетсе эжесин ким карайт, кантип тиричилик кылабыз деп ойлоном. Өзүм 50 жашка чыгып калдым. Азыр жашап жаткан үйүбүздүн ээси дагы акча сурабайт, биздин акыбалыбызды көрүп боору ооруду окшойт, «бекер эле жашай бергиле» деген. Мен болсо ар кайсы жумушта иштеп, үйгө тамак-аш алып келгенге аракеттенип жүрөм. Кышында базарда жүк ташуучу болуп иштедим. «Памирден бекер эле көчүп келиптирмин» деп ойлоносузбу?» деп сурап калышат. Жок, антип ойлобойм. Кантсе дагы өз элимдин арасында, өз жеримде жашап жатканыма шүгүр кылам. Памирде бизди ким укмак эле, жардам бермек турсун тажиктер биз менен эсептешпейт.
– Бизге жеткен маалыматтар боюнча, сиздин үй-бүлөңүз тууралуу айыл элине эң кичүү уулуңуз Алихан сабакта эсин жоготуп жыгылгандан кийин маалымат тараган экен. Анда "бала ачка болгондугунан ушундай болду" деп жатышат...
– Жок, андай окуя болгон эмес. Мугалимдери деле «бул сөз кайдан чыкты?» деп таң калып жатышат. 6-класста окуган балам кошуналардын малын багып, акысына тамак алып иштейт деп айтышыптыр. Ал окуйт, мал баккан эмес. Кээде гана мага жардамдашып калышы мүмкүн.
Жаныбек кызы Рахат, 17 жашта: «ЭЖЕМЕ ЖАРДАМ БЕРИҢИЗДЕРЧИ»
– Мен окубайм, эжемди карап үйдөн деле чыкпайм. Эжемди кароосуз калтырсак ал башы оогон жакка кете берет, үйгө кайтып келгенди билбейт. Жөнөкөй «отур, тур» деген сөздөрдү түшүнөт. Бирок башка нерселерди түшүнбөйт. Бул эки бөлмөлүү үйдө жашаганыбызга 2 жыл болду, электр мешинин жардамы менен 1 бөлмөсүн эптеп жылытабыз. Себеби үйдө от жакчу меш жок.
Жайкысын инилерим эс алууга чыкканда мен талаа иштерине чыгып бир аз акча таап келем. Башка учурда үйдөн алыс чыга албайм. Талаада иш кылып жүрүп таанышкан курбу кыздарым бар. Алардын жашоосу, албетте, биздикинен башкача, сейилдегенге, ойногонго убактысы бар. Курбуларым мектепте окуп, чоң окуу жайга тапшырабыз деп даярданып жүргөн убакта мен үйдө эжемди карагандан колум бошобойт. Чындыгында ушул майып бир тууганыма гана жардам берсеңиздер. Себеби ага жакшы кароо керек. Буга чейин биз тууралуу уккан борбордун тургундары май, чай, нан жана башка керектүү нерселерди алып келип беришти. Азык-түлүгүбүз көбөйүп кубанып калдык.
Ордогүл Ооматова, Памирден 7 жыл мурун көчүп келген. Жаныбек мырзанын айылдашы: «МЕКТЕПТЕ ОКУУЧУ ЭСИН ЖОГОТУП КОЙДУ, СЕНИН ЖЕРДЕШИҢ ЭКЕН» ДЕП ЧАКЫРТЫШКАН»– Биз деле ушул үй-бүлөдөй 7 жыл мурун Памирден көчүп келгенбиз. Мурда Кант шаарында жашачу элек. Бул жакка көчүп келип, үй сатып алып жашап жатканыбызга 1 жарым жыл болуп калды. Учурда Жаныбектин балдары окуган мектепте мен ата-энелер комитетинин мүчөсүмүн. Мурун ал кишини таанычу эмесмин, бир күнү мага «1-класстагы Алихан деген бала эси ооп жыгылып калды, сенин жердешиң экен. Ачка жүрүп кулап калыптыр» деп мектептин директору өзүнө чакыртты. Барсам, чын эле суукта жеңил кийинген кичинекей бала экен. Алардын үйүнө бардык, жашоо шартын көрдүк, ата-энелер, мектеп жамааты биригип жардам көрсөттүк. Балдардын атасы кыйын турмушка чыдабай ичип да коёт экен. Кыргыз деп элибизге келдик да, жардам көрсөтүп жаткан адамдарга рахмат. Азыркы жашоо шарты жакшырып калгандагысы. Бирок баары бир алар дагы деле жардамга муктаж.
Нуркыз Курманбек кызы
koom@super.kg