Бейне
Жогорку Кеңеште эркектер менен эриш-аркак иштеп жүргөн бир топ айымдарыбыз бар. Кандай маселе козголбосун, дээрлик көпчүлүгү ооз ачышпайт. Айымдардын ичинен өзгөчөлөнүп бир гана Роза Отунбаеванын чындык үчүн чырылдап жатканын көрөсүң. Бул жолу Роза эжебиз бизге маек куруп берди.
– Роза Исаковна, кыргыздар тааныша келсек эле, "кайдан болосуң, урууң ким?" деген суроолор менен баштайт эмеспизби. Анын сыңарындай cиздин саясий ишмердүүлүгүңүзгө кызыккандардын арасында “кайсы жердин кызы болду экен?” дегендер жок эмес…
– Менин атамдын теги, түбү түштүктөн. Бирок жумушуна байланыштуу мен төрөлгөн жылы Нарын шаарына көчүп барышкан. Ал жерде облустук соттун төрагасы болуп 12 жыл эмгектенди. Ошондуктан мен он эки жашыма чейин Нарында жашап, Чкалов атындагы орус мектептен билим алдым. 1962-жылы атам башка жумушка которулуп, Ошко көчүп кеттик. Ал жерден Киров орто мектебине кирип, аны 1967-жылы бүтүргөм. Мен окуган мектептер кыйла күчтүү мектептерден эле.
– Орто мектептен кийин кайсы жогорку окуу жайына тапшырдыңыз?
– Мектепти аяктагандан кийин Орусиянын Москва мамлекеттик университетинин философия факультетине тапшырып, аяктагам. Кийин кандидаттык диссертациямды да философия илими боюнча жазып, жактагам.
– Ата-энеңиз тууралуу кененирээк айтып берсеңиз...
– Жашоого алып келген ата-энебизге кандай жакшы сөз айтсак жарашат да. Мени да ушундай даражага жеткирген атам Отунбаев Исак сот болуп иштеп, пенсияга чыккан адам. Ал эми апам Даниярова Салиха мектепте башталгыч класстарга билим берип эмгектенген. Уул-кыздарынын бактысына азыр апабыз маңдайыбызда.
– Канча бир туугансыз?
– Мен сегиз бир туугандын экинчисимин. Кыздардан жетөөбүз, эң кичүүбүз гана эркек.
– Сиздей айбаттуу саясатчы айымыбыздын өмүрлүк жолдошу тууралуу билгибиз келет...
– Эми кандай десем... Мен 1979-жылы 29 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум билимдүү, окумуштуу киши болчу. Көп жылдар бою Илимдер академиясында эмгектенген. Биз турмуш кургандан кийин менин иштериме байланыштуу Америкада, Москвада жашап келгенбиз. Себебин эч кимге айткым келбейт, түшүнбөстүктөн улам 1987-жылы экөөбүз эки башка жол тандап кеткенбиз.
– Окумуштуу болсо эл тааныса керек, жолдошуңуздун аты-жөнү ким эле?
– Эми анын аты-жөнүн айтуунун зарылдыгы деле жоктур.
– Канча балаңыз бар, балдарыңызды өзүңүз эле тарбияладыңызбы?
– Атай деген уулум жана Карачач деген кызым бар. Уул-кызымды өзүм эле тарбиялап чоңойттум. Кызым турмушка чыккан, уулум үйлөнгөн.
– Келин алган турбайсызбы, кандай кайнене болуп жатасыз?
– Атайды үйлөнгөндөн кийин эле бөлүп койгом. Бири-бирине көнүшсүн деп. Алар үйдө болгон күндө деле келинди тескеп, кайненелик милдетти аткарууга убактым болбойт. Эртең менен эрте кетип, кечинде кеч барып дегендей.
– Үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Орусияга барып, “Эхо Москвы” ("Москва жаңырыгы") радиосуна маек берип келгениңизди эшиттик. Жаңылбасам, 2005-жылы да ошол датада, ошол радиого чыккан экенсиз. Бул жөн гана дал келүүбү же...– Жок, мен бардык нерсени пландап, атайлап жасабайм. Аны өзүм деле байкаган эмесмин. Бирок ошондой дал келүү болуп калыптыр. Анда Орусиянын Федерациялар кеңешинин башчысы Сергей Мироновдун чакыруусу менен барган элем. Бардым, маек курдук. Кыргызстандын бүгүнкү ыплас саясаты тууралуу кененирээк айттым. Биздеги өзүм билемдик саясатты азыр сокур деле көрүп, дүлөй деле угуп жаткан мезгил да...
– Айрым эркектерге караганда эч нерседен тайманбай, болгонун болгондой айтып саласыз. Коркпойсузбу?
– Эмнеден коркоюн?! Чындыкты айтканым үчүнбү?! Биз, адамдар, чындык үчүн күрөшүп жашашыбыз керек. Келечекке жол бүгүндөн башталат эмеспи. Анан ал унчукпаса, бул унчукпаса, аларга кошулуп мен башымды жерге салып үндөбөй отурсам, анда кыргызга ким күйөт? Биз эгемендүү өлкө катары келечекке барабыз десек, анда чындык үчүн күрөшүүбүз абзел. Эгерде андай кадамдарга бара албасак, өлкө катары келечегибиз болбойт.
– Учурунда Акаев менен жакшы мамиледе жүрүп, кийин ал кишиге каршы оппозицияга өтүп кетишиңизге эмне себеп болгон?
– Ал киши жаманбы, жакшыбы, кыргызга кызмат кылган киши. Бирок 1997-жылдардан баштап кадр саясатына үй-бүлөсүнүн, аялынын аралашуусу ал кишини ушундай күнгө алып келди. Биздин өлкө жаңыдан эгемендүүлүктү алган жылдары мен Орусияда элем. Анан мени Акаев чакыртып жибериптир. Келсем “өзүңүздүн өлкөгө кызмат кылып бериңиз” деген сунушун айтты. Башка өлкөгө кызмат кылганча, өз өлкөмө кызмат кылайын деп Акаевдин сунушуна макул болуп, Кыргызстандын Америкадагы алгачкы элчилигин мен ачкам. Элге кылган эмгекти эл баалаган жакшы, "мен минткем, тигинткем" деп мактанып элге көрүнгүм келбейт.
– Эже, өкүнгөнүңүз эмне?
– Кайдыгерликке өкүнөм. Биз учурда көзүм көрбөсө мейли, эмне болсо ошол болсун болуп калдык. Жерибиздин бермети болгон Ысык-Көлдү көрүнгөн өлкөгө бөлүп-кесип берип жатабыз. Кечээ эле Акаевдин колтугуна башын катып, Үзөңгү-Кууштун сатылышына "макул" деп добуш бергендер бүгүн кыргызга күйгөн киши болуп, бизге жармашып жүрүшөт. Жакында эле эл байлыгы болгон “Түндүкэлектр” ишканасын арзыбаган 3 миллион долларга сатып жибердик. Аябагандай арзан кетти. Ошол “Түндүкэлектрдин” ток жүргүзгөн зымдарынын узундугун эсептеп көрсөк, экватордун жарымына барабар экен. Албетте, ушундай бийликтин эл байлыгын каалагандай калчап жатканы өкүнтпөй койбойт.
– Аялзаты катары үй оокаттарды жасаганды бүт эле билсеңиз керек...
– Сөзсүз да. Учурунда биз жасабаган иш калган жок десем туура болот го. Бардыгын билем, бирок азыр жасабайм, жасаганга убактым да жок. Канча өлкөдө болдум, эл аралык дипломатияда иш алып барууда тажрыйбам мактанарлык эле. Эми ошол тажрыйба менен элиме кызмат кыла турган курактамын да…
– Рахмат, эже, убактыңыз канчалык тар болсо да, мүмкүнчүлүк таап маектешкениңизге. Жүрөгүңүздө кыргызга деген сүйүүңүз өчпөсүн!
БЕЙНЕСИНЕ ШИЛТЕМДЕР
Аркалаган кызматтары: