Адамдын бала кездеги кыялы, алган тарбиясы анын инсан катары калыптанышына таасир этет. Ошондуктан элибизде "баланы жашынан карма" деген сөз бар эмеспи. "Баланы кантип туура тарбиялоо керек?" деген суроого психолог Бейшегүл Асаналиева жооп берет.
– Баланы канча жашында өзүнчө бөлмөгө бөлүү туура?– Бала кичине кезде ата-эне өзү деле бөлө албайт, ачынып үшүп же коркуп калабы деп чочулашат. Негизи болушунча эрте (2-3 жаштан кийин) башка бөлмөдө уктаганга көндүрсө, өз алдынчалыкка үйрөнөт. Алгач жанына шам чырак коюп же коңшу бөлмөнүн жарыгын күйгүзүп, бала уктагандан кийин өчүрүп көндүрүү керек. Же уктагыча эне жанына бир-эки саат жатып, жомок айтып берүү сунушталат. "Мына сенин керебетиң, кандай сонун. Чоңоюп калдың, өзүнчө жатышың керек. Сен чарчадың, атаң да жумуштан чарчап келди, тынч укташыбыз керек. Биз ооруп калсак сага жугат, ошон үчүн өзүнчө жат" деген сыяктуу сөздөр менен көндүрүү туура.
– Адатта кичине балдар "апа, карасаңыз, мен укмуш чуркайм, сүрөт тартам, идиш жууйм, талантым көп" дешет. Мактанчаактыгын калтырса болобу?
– Ашыкча мактана бергендерге ар түрдүү жомокторду бирге окуп, мультфильмдерди чогуу көрүп, анан аларды талкуулап, оң каармандар аркылуу мактанчаактыгын койдурса болот. Өзүнөн да мыктылар бар экенин балага жеткириш керек. Ошондо бала айтылган сөздөргө ынанса, мактанчаактыгын азайтат. Ал эми сүрөт тарттым, чуркадым деген сыяктуу сөздөр мактанууга жатпайт. Бул баланын кызыгуусу, жаңы нерсеге умтулуусу.
– Үйгө киши келсе ата-энелер балдарын "баргыла тиги бөлмөгө" деп конок үстүнө киргизбей коюшат, ушул туурабы?
– Ал туура эмес. Ата-эне баланы коноктор менен тааныштырып, коноктун туугандык жакындыгын айтып, мисалы, "таякең, чоң энең болот" деш керек. Мында балада туугандык сезим пайда болот жана өзүн чоң киши сезип калат. Таанышып, эл менен бир чыны чай ичкен соң "эми тиги бөлмөгө бар, ырың даяр болгондо келип конокторго айтып бер" деп узатып коюу зарыл. Ошондон кийин гана бала эшикти улам шыкаалабай, тынч ойной берет.
– Эртеден кечке мультфильм көргөндөр бар. Телевизорду өчүрүп салсаң ыйлайт, бул учурда кандай мамиле натыйжалуу?
– Бул бүгүнкү күндөгү актуалдуу көйгөй. Телевизор аз келгенсип, колдоруна чөнтөк телефон карматып коюшат. Бул аң-сезиминин активдешүүсүнө тоскоолдук жаратат. Жашына ылайык маалыматты өздөштүрүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелиши келип чыгат. Телевизор, телефондон көргөн окуялар баланын өнүгүүсүнө себеп боло албайт. "Бүгүн бир эле мультфильм көр, антпесең көзүң ооруп калат" деп бала менен макулдашып алып, бир жумушту жасоого үндөө зарыл. Мисалы, 4 жаштан өткөн балага сүрөт тарттырып, чаң сүрттүрүп, кичирээктерине пирамида тиздирип, анын формасын, түсүн үйрөтүү зарыл. Эгер бала телевизор көрбөй, өзүнүн жашына ылайык китеп окуса китептеги окуяга таң калат, кызыгат, эмнеге андай болду деп ойлонот. Китептеги каармандай болгусу келет. Аң-сезиминде китептеги окуяларды талдап, жыйынтыктап, өздөштүрөт. Китеп окуганды билбесе жомок айтып берүү керек. "Мен жомок айтып бердим, эми сен айтып берчи" деп кайра өзүнө айттырыш керек. Бала толук айтып бере албаса да, 2-3 сүйлөм айтып берет. Бул учурда ойлонуусу өсөт.
– Кээ бир балдар көчөгө чыкканда көзүнө көрүнгөндүн баарын саттырып алышат. Мындайда кандай мамиле кылуу керек?
– Көчөгө чыгарда ата-эне баланы алдын ала даярдап, "биз бүгүн муну алабыз, акчабыз ошого гана жетет. Тигини, муну алып бер дей бербе, сен акылдуусуң да, баарын түшүнөсүң" деп түшүндүрүп чыгуу керек. Бала чоң кишиден да кыйын психолог. Ата-эненин талуу жерин билип алат. "Мен ыйласам же чыргоолонсом эле айтканымды жасашат экен" деп ойлоп калуулары мүмкүн. Эгер жерге жата калып ыйласа ата-эне күнөөнү баладан эмес, өзүнөн издеп, "менин тарбиямдан кандай катачылык кетти, кандайча оңдойм?" деп ойлонушу керек. Балким, ата-эне баланын ар бир каалоосун аткара берип, ушуга өздөрү жеткиришкен. Мындай учурда чаап, чымчып, урбаш керек. Анда ого бетер күчөйт. "Карачы, көчөдө баары сени карап, жаман бала экен деп ойлоп жатышат. Сен айтканды атаңа айтып алдыралы" деген сөздөр менен алдап-соолап алып кетүү оң.
БАШКА УЛУТТАР БАЛДАРЫН КАНТИП ТАРБИЯЛАЙТ?
Англиялыктар балдарынын ар бир кыймылын макташат. Алардын ою боюнча, бала өзүн дайыма ишенимдүү алып жүрүшү кажет. Кичинесинде өзүнө ишенип чоңойгондор бой жеткенде кандай кырдаалга кабылбасын өзү чечим кабыл алууга жөндөмдүү болот. Бала чыр салган убакта эч кимдин аны урушууга акысы жок. Оюнга алаксытып баланын ыйын токтотушат. Жалаякка оролгон кезден тарта ар бир баланын өзүнүн бөлмөсү болот.
Япондордо 5 жашка чейин каалаганын жасаганга уруксат. Жадакалса фломастер менен эмеректи, дубалды боёп же көлчүккө жатып алса да эч ким эч качан тыйбайт, урушпайт. Бирок бул мамиле 6 жаштан тарта өзгөрүп, 14 жашка чейин ата-эненин мыйзамы менен жашашат. 15 жаштан тарта бой жеткен адам катары өз алдынчалыкка өтүшөт.
Кытай эли балдарын ата-энеге кың дебей баш ийе тургандай тарбиялашат. Тамактануу, ойноо, уктоо өз убагы менен болууга тийиш. Мисалы, бир жарым жашынан тарта сүрөт тартып, тамгаларды үйрөнүүгө багыт алышат. Кытай балдар мактоолорду да аз угушат.
Индиялыктар баласын чыдамкайлыкка жана табият менен гармонияда болууга туулгандан тарта эле тарбиялай башташат. Ошондуктан индиялык балдардын көчөдө жүргөн итти тепкенин же чымчыктын уясын бузганын эч качан көрбөйсүз.
Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg