ДАО СЫРЛАРЫ

Дао искусствосу жөн гана төшөк оюну эмес. Бул – эки адамдын денесинин, жан дүйнөсүнүн бир бүтүндүккө айланышы. Бул искусствону үйрөнгөн адамдар бири-бирине өзгөчө рахат тартуулап гана тим болбостон, кумардын бийик чокусуна чыга алышат.

ТАРЫХЫ
Изилдөөлөргө таянсак, байыркы Кытайдын Сары дарыясынын боюнда Лао Цзы аттуу акылман адам «Дао Дэ Цзин» трактатын жазган. Бул трактатта адам жаштыгын кантип узарта ала тургандыгын, активдүү жашоо образынын маанисин, жашоосунун бир бөлүгү болгон төшөк кумарынын сырларын жазып калтырган.
Дао сырларында аял-эркектин сексуалдык мамилесине өзгөчө көңүл бурулган. Байыркы кытайларда эң бай адам гана дао сырларын үйрөнө алган. Төшөк сырынын бир бөлүгүн үйрөнүү үчүн миң алтын тыйын төлөнгөн. Ал эми бул сырларды башка бирөөнө акысыз үйрөткөнү үчүн өлүм жазасына тартылган.

ДАО – ГАРМОНИЯНЫН ТУУ ЧОКУСУ
Секс жана сүйүүнү даочулар бирдиктүү нерсе катары карашат. Анткени сүйүү төшөк оюнуна керектүү гормондорду бөлүп чыгарат. Аял менен кумарлуу түндү өткөрүү үчүн даочулар атайын китептерди окушкан. Анткени алар “төшөк оюнуна жакшы сөз өзгөчө таасир этет” деген жыйынтыкка келишкен. Аялдардын табиятын жакшы билген эркектер сөз менен эле кумардын туу чокусуна жеткирип койгон учурлар кездешкен.
Ошондой эле аялдардын төшөктө канааттануусуна өзгөчө көңүл бурушкан. Дао искусствосунда аял оргазм алмайынча эркек токтолбошу керек. Аялдын төшөк кумарындагы абалын байкап, кылдаттык менен байкоо салуу аркылуу эмне каалап жатканын биле алат.

  • Эгерде аялдын дем алуусу өзгөрүп, эриндери жарым ачылып, эки буту менен бекем кысса, сиздин эркелетүүңүздүн көпкө созулушун каалап жатканы. Мындай­ учур­да сы­лап-сыйпа­лоо­ну токтотпоо керек.
  • Эгерде аялдын денесин майда калтырак басып, сизди бекем кучактаса, анда оргазмга жетүүгө аз калганы.
  • Аялдын үрпү тикчийип калганы, жамбашын ары-бери кыймылдатканы – кумарды токтотпоону талап кылып жатканы.
  • Көзү сүзүлүп, кичине тер чыгып, денеси бошой түшсө, демек, аял толук бойдон канааттанды. Ушул абалга жеткенге чейин эркек төшөк оюнун токтотпошу кажет.

ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Төшөк искусствосунда бир канча даярдык да керек. Даочулар төшөк кумарына батуу алдында өздөрүн жакшылап даярдашат. Бул даярдык кылдаттыкты жана өзгөчө эркти талап кылат.

  • Рахаттуу түндүн алдында көкүрөктү жана жыныс кынды жеңил массаждап алуу керек. Бул денени жеңилдетип, сексуалдык энергиянын бир жерге топтолушуна жардам берет.
  • Төшөк оюнун баштаардан мурда аял жуунуп, денесине жыттуу майдан сүртүп алса, эркектин сексуалдык каалоосун күчөтөт.
  • Дао илимин терең окугандар жаштыгын көп убакытка чейин сакташат. Мисалы, император Чжан Чжо 70 жашында 35-40 жаштагы жигиттей көрүнгөн.
  • Дао илими тууралуу кийинки кездерде коомдук кызыкчылык туулуп, бул темада 1100 илимий диссертация жазылган.


ЭҢ СЕКСУАЛДУУ КЕСИПТИН ЭЭЛЕРИ

Адамдардын сексуалдуулугу кесибинен да көз каранды. Анда төмөнкүгө көз чаптырыңыз.

АЙЫМДАР ҮЧҮН

ТИШ ДОКТУР
Миңдеген аялдардын айтуусунда, эркектер арасындагы эң сексуалдуу кесип – дарыгердин кесиби. Ак халат, келишимдүү кол, жагымдуу жүз... Ошондой эле кабинетинде чечинүүгө болот. Айрым учурда дарыгердин жумшак колдору аялдын каалоосун күчөтүп жибериши мүмкүн. Алардын арасында тиш доктурлар алдыңкы орунда турушат. Алар коркуу жана дүүлүгүү сезимин пайда кыла алышат.

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ
Дүйнө жүзүндөгү эркектердин арасындагы сексуалдуу кесиптин ээлери – милиция кызматкерлери. Аялдар эркектерге баш ийүүнү каалагандыктан, милиция кызматкерлеринин катаал жүзү аларды катуу дүүлүктүрөт. Күндөлүк турмушта да эреже бузган учурлар сүйүү кечине айланып кетет.

МУГАЛИМ
Мугалим үчүнчү катарда турат. Студент кыз менен агайдын же окуучу кыз менен агайдын романдары көп эле кезиккени, бул сөздүн далили. Айымдарды агайларынын акылдуулугу, көптү билгени, акыл деңгээли өздөрүнүкүнө караганда жогору болгону кызыктырат. Мындай сүйүүлөр көпчүлүк учурда үй-бүлө куруу менен аяктайт.

ЭРКЕКТЕР ҮЧҮН

МЭЭРМАН АЙЫМ
Келишимдүү келбети, мээримдүү мамилеси менен эркектерди кызыктыргандар – мээрман айымдар. Кыска халаттан чыгып турган буттар эркектерди кайдыгер калтырбайт. Ошондой эле жумшак колдору менен ийне сайып же дары беришкенде, эркектерде айымдарга тартылуу пайда болот.

КАТЧЫ
Бекеринен бул кызматка сулуу, келишимдүү, узун буттуу айымдарды алышпайт көрүнөт. Ал эми буюрганын тез аткарып, ар дайым жылмаюу тартуулап тургандыгы үчүн бул кесип бекеринен айымдар аркалаган эң сексуалдуу кесип катары тандалбаса керек. Ошондой эле бул кесипке көбүнчө жаш айымдар алынгандыктан, эркектердин каалоосун күчөтсө керек.

АБА ЫРАЙЫН КАБАРЛООЧУ АЙЫМ
Бул кесиптин ээлерине кызыккан эркектер өтө көп. Аларды, албетте, келишимдүү дене-түзүлүш, жагымдуу жүз тартат. Андан да алардын кесибинин табышмактуулугу. Анткени шамал, толкун, бороон тууралуу сүйлөгөн бул айымды төшөктө да ошондой элестетишет экен. Ошондон уламбы, эркектерге сурамжылоо жүргүзгөндө, көбү аба ырайын кабарлоочу айымдарды эң сексуалдуу деп аташкан.


Эротикалык окуя

“АЙТКАНГА ЖЕТИШПЕЙ КАЛБАДЫМБЫ”

Командировкага көп күнгө кетип, жубайымды катуу сагынган элем. «Эшиктен кирип келерим менен басып жыгылам...» деген ой менен келаткам. Алтургай телефон чалып, даярданып турушун да айтууга жетиштим.
– Кайсы ич кийимимди киейин? Баягы сага жаккан актыбы же көктүбү?- деди ал ого бетер кылыктанып.
– Баягычы, мен сатып берген торлуу, ошону кий,- деп мен да аптыгып алдым.
Аялымдын ич кийимчен элеси менен сүйлөшүп баратып, үйгө кантип киргенимди билбей калдым. Босогодон эле бутумду чечип-чечпей, аялымды боорума баса өпкүлөп кирдим.
– Ой, коё турсаң, тигил...
– Эч нерсени айтпа, унчукпа! Мен сени сагындым! Ушунчалык катуу сагындым!
Оймоктой оозунан өпкүлөп, тез эле кийимин чечип салдым. Бирок ал убада кылган торлуу ич кийимин көрө албадым. “Жетишпей калды го...” деген ой менен керебетке баса жыгылдым.
– Коё турчу, жаным, ашканада... Ой, жок, ваннада...- деп бир нерселерди эле айтып жатты.
– Жок, ушул жак эле ыңгайлуу,- дедим.
Аялым бир нерсени айтайын деп жанталашып баратып, көзү сүзүлө түштү. Ал да мени сагынып калган окшобойбу. Эки буту менен кыса кучактап, акылдан азгырат. Керебетке жаткырган бойдон апакай алкымынан өпкүлөп кирдим. Кыскасы, экөөбүз тең бири-бирибизге болгон сагынычыбызды жазууга кириштик. Ошентип эзилишип жатып, бир топто гана ишибизди аяктадык. Ордумдан туруп ванна жакка баратып, бирөө башка чапкандай эле туруп калдым. Ашканада аяшым менен досум чай ичип отурушкан экен.
– Ой, силер кайдан?- десем, тигилер бейкапар күлүшүп:
– Биз сенден мурун эле келгенбиз. Тим эле артыңдан жоо куугандай кирип келип, аяшыбызды басып жыгылдың го. Уялганыбыздан үнүбүздү чыгарбай отуруп калдык,- деп жатпайбы.
– Ой, жок дегенде сен бир ооз айтып койбойсуңбу!- деп аялымды карадым.
Аялым болсо халатын оңдоп, уялыңкы:
– Айтканга жетишпей калбадымбы,- деп коёт.
Көрсө, эбак эле келип отуруп калган досум менен аяшымды байкабай, аялымды басып жыгылган экем. Аялымды ошондо сүйлөтпөй койгонумду эстеп, азыр да күлкүм келет. Ошол окуядан кийин досторум тамашалашып “сен командировкадан келгендечи...” деп азилдеп калышат.

Тилек


Кызык экен

  • Дүйнө жүзүндө дельфиндер жана адамдар гана рахат алуу үчүн төшөк кумарына батышат. Ал эми калгандары тукум улоо максатында жыныстык катнашка барышат.
  • Жыл сайын 11000 Америка жараны төшөктөгү жаңы ыкмаларды колдонуп жатышып, жаракатка кабылышат.
  • Өткөөл куракта эркек балдардын уруктугу уйку-соонун ортосунда куюлуп калат.
  • Аялдын урук клеткасына жетүү үчүн сперма 8-10 сантиметр жол басып, 2-5 секунддун аралыгында марага келет. Бул адам 42 чакырымдык жолду 4 саатта басып өткөнү менен барабар.

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
madonna
2010-04-12 12:38:18
командировкада журуп укмуш сагынышкан окшойт ээ
+2
Кудайбердиев
2010-04-12 14:41:34
командировканын озундогусу андан да сонун болот да
0
ylduska
2010-04-12 17:44:14
Командировка эмес согуштан келсен деле эки жакты карайсында, бир бобогон кепти жаза бересинерда.
-2
AzZzA
2010-04-16 23:58:16
He he
0
geiwa
2010-04-17 20:01:19
oi oi! chipolino! ozuncho ele madaniyattuu bolo berbechi! bul nerse uyati jok. " 4to estestvenno, to ne bezobrazno"!!! normal'nyi bet!
0
AazamatBBB
2010-04-17 23:06:48
соонун ангеме экен
0
Chippolino
2010-04-17 23:17:46
geiwa---"sendeilerge" albette bolo beret da!!!Atyn ele aityp turbaiby "geiwa" dep!!!

0
italia
2010-04-18 01:59:05
Менимче бул рубрика жакшы еле нерсе. Билип жургонубуз жакшы да силерди билбейм мага жагат.
+1
urmat100986
2011-05-14 13:37:11
Сонун окуя
0
KILKA
2013-09-20 16:02:04
менин да ушундай куйоом болсо...
0
№ 388, 10-15-апрель, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан