FACE APP ДЕГЕН ЭМНЕ?
Учурда социалдык тармактарда Face App колдонмосу кеңири колдонулуп жаткан учур. Дүйнө жылдыздарынан тарта белгилүү саясатчы, айтор, бул колдонмо жашы-карысы дебей кимдин болсо да кызыгуусун арттырууда. Face App – бул нейрондук түйүндөр менен иштөөчү жана адамдын жүзүн реалдуулуктан алыстатпай картайтып, жашартып, аялдан эркекке, эркектен аялга айландыруучу жана келбетиңиздин кемчиликтерин жашыруучу мобилдик фоторедактор. Бул колдонмону өзүңүздүн сүрөткө жасап көрүү үчүн Face App аталышындагы программаны жүктөп коюу жетиштүү. Программа Android жана IOS платформаларында иштейт. Бирок бүгүнкү күндө компьютер аркылуу да Face App`ты колдонуп жүргөндөр бар.
УЛГАЙГАН КЕЗИҢДИ КӨРҮҮ МҮМКҮНДҮГҮ
Ар бир эле адам өзүнүн улгайган кезин, айымдар болсо эркекке айланып калса кандай болорун же эркектер айымга айланып калганын сүрөтүнөн көрүү кызыктуу болсо керек. Face App`тын дагы бир өзгөчөлүгүнүн бири – ал адамдын сүрөттөгү жүзүнүн кемчиликтерин өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берет. Адам өзүнүн бетин башка адамдын бетине коюп, реалдуулуктан алыстабай дүйнө жылдызына же башка белгилүү адамга да айлана алат. Анткени колдонмодогу функциянын өзү сүрөттөгү адамдын бетинин түзүлүшүнө карата автоматтык түрдө чоңойтуп, кичирейтип, керектүү формага салып коёт.
Face App чыга электе Face Swap аталышындагы колдонмо да чыккан. Бирок Face Swap Face App`тан айырмаланып, функциялары кыйла жөнөкөй келип, бир адамдын бетин экинчисине алып барып, өлчөмүн эске албай эле жөн гана жайгаштырып коёт. Мындай жасалган сүрөттөр чындыкка коошпогондуктан, бул колдонмо кеңири популярдуу боло алган эмес.
Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg