ЧАЙ МАЕК– Үйлүү болгондо сүйүндүң беле?
– Кыргызда «үңкүр да болсо үйүм» бар деген жакшы сөз бар эмеспи. Ооба, аябай сүйүнгөм. Биз анда Орусияда элек, бизге ушул батирдин сүрөттөрүн жиберишти, дароо эле жактырдык. Андан бери чоң деле оңдоп-түзөө иштерин жасай элекпиз. Орусияда иштеп жүрүп келинчегим экөөбүз тапканыбызды чогултуп Кыргызстанга апама салып турдук. Үй алууга келгенде жетпей калды. Анан бир аз карыз, банктан насыя алып, 2014-жылы сатып алдык. Карыздан кутулганбыз, буюрса, 1-2 жылдын ичинде чоң үй алалы деген пландарыбыз бар.
– Уулуң такыр эле бучкактап сени коё бербейт экен, сага жакынбы?
– Сагынып калыптыр. 16-апрелде Нарындан гастролдон келдик. «60`К» тобу жаңы түзүлгөндө гастролубузду Нарындан, тайларым тараптан баштаганбыз. Кайрадан чыгармачылыкка киришип жатып дагы ошондой кылдык. Азыр менин үйгө, үй-бүлөмө каралашканга убактым болбой жатат. Ыр жаздырам, клип тарттырам, гастролго чыгам, убактымдын 90 пайызын жалаң чыгармачылыкка жумшап жатам.
– Гастроль кандай өттү?
– Чынын айтайын, эл биз биринчи жолу баргандай эмес. Анда уюлдук телефондоруна тартып, кыйкырып, өтө шаңдуу кабыл алышкан. Азыр баары токтоо. Бирок гастролубуз жакшы деңгээлде өттү. Кочкор районунун тургундарынан кечирим сурап кетким келет. Биз концерт койчу күндөрү Кочкор айылында бир нече үйдө жоготуу болуп, аза күтүп жатышыптыр. Композитор Азат Дөөткулов агабыз да ошол айылдан эмеспи. Концерт берүүнү туура көргөн жокпуз. Сатылган билеттердин акчасын кайтардык.
КОРИДОР
КОНОК БӨЛМӨ
– Конокторду ушул бөлмөдөн узатабыз. Күзүндө 1 ок менен 3 коён атып бешик той, сүннөт той, анан үй той берейин деп турам. Уулум Орусияда төрөлдү, бешик той деле бере элек болчубуз.
УКТООЧУ БӨЛМӨ
– Бул бөлмө күндүз уулум экөөбүздүкү, түнкүсүн келинчегим Элмираныкы. Анткени келинчегим кечкисин курбусу экөө буйрутма болгондо кийим тигишет. Менин да сахнага кийчү формаларымды тигип берет.
АШКАНА
– Ашкана эмеректери үйдү сатып алганда эле бар болчу. Келинчегим барда ал даярдаган тамакты жемей, ал жокто кыска толкундуу мешке тамак жылытмай, андан ашык иш кылбайм.
БАЛКОН
– Балконубузду чакан бөлмө кылып алганбыз. Бул жерде менин дипломдорум, сүрөттөрүм, сүрөттөрдүн плёнкалары, кичинекей кезде колдонгон буюмдарым сакталып турат. Атамдын (ред.: Алтымыш Кадыров) аккордеону, комузу менде сакталуу. Бала кездеги видеомагнитофонум да бар. Ата-энем гастролго кеткенде балдарга фантикке (конфеттин, сагыздын сырткы кагазы) кино коюп берчүмүн. Иним Самат экөөбүз фантикке жадакалса жапжаңы велосипедибизди, таятамдын кымбат дүрбүсүн сатып ийгенбиз. Аны апам азыркыга чейин айтып калат.
Сүйүн Кулматова
Алишер Алиев
star@super.kg