Израилдин эли акча табуу таланты менен белгилүү. Бирок акчаны көп табуу үчүн еврей болуштун зарылчылыгы жок. Болгону бир нече эрежелерди эске алуу жетиштүү. "Ошондо ийгилик өзү келет" дейт ишкер Данияр Чормошев.
Акчаны кантип көп таап, ийгиликтүү болуу керектигин окумуштуулар жүздөгөн жылдардан бери изилдеп, бул адамдын каалоосунан көз каранды экендигин далилдешкен. Демек, бир күндө мээге 60 миң ой келсе, анын 70 пайызы акча тууралуу болушу керек.
Акча көп табууга болгон каалоо 100 пайыз эмес, 300 пайыз болушу шарт. Келечектеги жакшы жашоого ишенбей, айлыгыбызга, таанышыбызга, чөнтөгүбүзгө карап тилек кылганыбыз туура эмес.
Көп акча, байлыкты кабыл алганга адамдын жан дүйнөсү, интеллектуалдык деңгээли даяр болушу зарыл. Аны менен катар сөзүбүздү, сезимибизди, эмоцияларыбызды көзөмөлдөй билишибиз керек.
Акча көп табуу керек деп өтө каалап алдыга умтулуңуз. Кичинекей чөп ташты жарып чыккан сыяктуу канчалык кыйынчылык болбосун бул оюңуз ишке ашат.
Каражат көп алып келүүчү иш баштаарда эч бир күмөн санабай, тобокелчиликке баруу көп киреше табууга жол ача турган фактор. «Ката кетирип алсамчы?» деген сыяктуу коркуу сезимдерин артка таштаңыз.
«Эл эмне дейт?» дегенди токтотуп, ашыкча катышты азайтуу керек. Ошондо катышка кеткен каражат чөнтөгүңүздө калып, акчаңыздын көбөйүүсүнө салым кошот.
КӨП КИРЕШЕ ТАБАМ ДЕГЕНДЕРГЕ КЫМБАТ КЕҢЕШ1. Сиз бир компанияга жөнөкөй жумушчу болуп ишке орноштуңуз. Айлык акыңыз аз, ал эми сатуу бөлүмүндөгү кызматкерлердин маянасы сиздикинен эки эсеге көп. Сизге кеңеш: курска катышып, билимиңизди жогорулатуу менен көп акча төлөнчү бөлүмгө которулуп, эки эсе көп айлык акыга ээ болуңуз.
2. Балким, сиз өнөрлүү адамсыз, айылда чапан тигип же килем токуп сатасыз. Ал жакта кардарлар сиздин эмгегиңизди арзанга баалайт. Андыктан товарыңызды шаарга келип сатсаңыз кымбатыраак болуп, кардарыңыз көбөйөт. Адам бир жерде отурбай изденсе, кирешеси өсөт.
3. Врач, мугалимдердин айлыгы аз. Өз ишин мыкты билген врач Мамлекеттик ооруканада саат 5ке чейин иштесе, андан кийинки убактысында жеке клиника ачып, кардарларды тейлесе болот. Мугалимдер деле ошол сыяктуу, сабактан кийин ар кандай ийримдерди ачып, көп акча тапса болот.
4. Жумуштан кийин ийгиликтүү адамдар менен жолугуп баарлашып, акыркы чыккан китептер, семинар-тренингдерге барып туруңуз. Ошентип тил үйрөнүп, ишкана ачсаңыз да ашыкча болбойт.
5. Жумушуңуздан бошосоңуз эле ачка кала тургандай коркпоңуз. Бир эшик жабылмайынча, экинчиси ачылбайт. «Жок, жумушумдан кол жуугум келбейт» дегендердин катарында болсоңуз, жумуштан кийин, дем алыш күндөрү эшиктин алдына малина, помидор тигип, түшүмүн сатсаңыз акча. Каалоо болсо баарына жетишсе болот.
6. Өзгөчө идея таап, ошону ишке ашыруу менен көп акча табыңыз. Мисалы, Фейсбукту ойлоп тапкан жаш миллиардер Марк Цукербергди, кыргыз суусундуктарын чыгарып көп киреше тапкан маркум Табылды Эгембердиевди алсак болот. Бирок мындай идеяларды ойлоп тапкандар аз кездешет.
7. Актив – деп акча алып келе турган булакты айтабыз. Ал эми пассив – акчаны корото турган тарап. Буга үйүбүз, машинабыз кирет. Ошондуктан үйгө керексиз буюмдарды алып, машинаны улам алмаштырып акча корото бербей, активди көбөйтүүбүз зарыл. Ал үчүн мал алып койсоңуз өзү да, эти да, сүтү да, жүнү да акча. Дүкөн же кафе ачып, ижарага бериңиз. Күнөсканаларды куруп иштетиңиз.
8. Учурда социалдык тармактар аркылуу акча табуунун жолдору популярдуу болуп жаткан кез. Баракчаңызда колдонуучуларыңыздын санын көбөйтүп, ар кандай компаниялардын, дүкөндөрдүн товарларын жарнамалап, кошумча кирешеге ээ болуңуз.
9. Депозит ачып, ага ай сайын айлык акыңыздын 10 пайызын салып турсаңыз, билинбей эле акчаңыз чогула берет.
БАЙЛАРДЫ ЖАКШЫ КӨРҮҢҮЗ
САРАМЖАЛДУУ БОЛУУНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ
«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ
Акчаны көбөйтүш үчүн катышты азайтуу керекпи?
Токтобек Акматов, ишкер, 32 жашта:– Ооба, катышты азайтыш керек. Андан башка да керексиз каада-салттарыбыз көп. Мисалы, үйлөнүү тоюнда окшош кымбат машиналарды 20, 30дан кылып кортежге чыгышат. Кийгенге жарабаган кийиттерди алып кийгизип, кытайларды байытып жатабыз. Адам өлгөндө жылкы, уй, кой союу, үчүлүгүн, жетилигин, кыркын, жылдыгын бермей. Ушуга окшогондорду азайтсак акча үнөмдөлөт.
Сайрагүл Дуулатова, журналист, 43 жашта:– Адам баласы болгондон кийин жакшылыгыңды эл менен бөлүшкүң келет. Бирок чеги менен болушу керек. Азыр бир шылтоо таап алып эле кафеге чакырып, тамак бермей салттар пайда болду. Сенин ал адамга канчалык тиешең бар, көңүлүң барбы-жокпу ага карашпайт. Мен ашыкча чыгымга, жосунсуз катышка каршымын. Жөн эле чыгаша болуп, чала тааныштарга убактымды короткум келбейт.
Турдалы Аскарбеков, ырчы, 52 жашта:– Менин жеке көз карашымда, акчанын чогулбай жатышына катыштын анча залакасы деле тийбейт. Кыргызда жакшы сөз бар, «салынуу кашык» деп коёт. Сен катышкан кишиңдин тоюнда белегиңди, акчаңды, кийитиңди берсең, кийин сен той бергенде ошону кайра эле сага алып келет. Мындан эч нерсе деле уттурбайсың го дейм. Акчаны көбөйтөм деп эле элден чыгып, четтеп калган туура эмес.
Акмөөр Кудайбердиева, үй кожойкеси, 39 жашта: – Мен мындай ойдон алысмын. Кыргыз болгондон кийин бармай-келмей алакасы үзүлбөшү керек. Эч ким менен катышпай коюп акчасы көбөйүп кеткен кишини көрө элекмин. Башыңа кыйын иш түшсө керегиңе ошол жакындарың жарайт. Европалыктардай болуп жеке керт башты ойлоо кыргыздарга жарашпайт. Көрүнгөн улутту туурай бербей, өз салтыбыз менен жашашыбыз кажет.
Бакыт Таштобаев, мугалим, 50 жашта:– Катыш деп эле кулдай иштеп, тапканыңды байдай чача берген туура эмес. Акчамды үнөмдөйм деп зыкымданып отура бергендерди да колдобойм. Бардык каада-салт чеги менен болушу керек. Менин айтайын деген оюм, өзүбүздүн кыргыз экенибизди унутпай, заманга канатташ жашайлы. Ысырапкерчиликке жол бербесек эле баары жайында болот.
Назгүл Бектемирова, банк кызматкери, 34 жашта: – Азыр жашы-карысына карабай эле байларга жабышып катышкандар көбөйдү. «Ал мага 100 доллар алып келди, мен да ага ошончо алып барышым керек» деп колунда жогу тытынат экен. Мындай куру намыстын эмне кереги бар? Андан көрө ага кеткен чыгымды балдарга жумшап, аларды витаминдүү азык менен камсызда.
Замира Рахманбердиева
kenesh@super.kg