– Айпери, акыркы жолу былтыр маектешкенбиз. Анда төрөттөн уламбы, айтор, өтө арык болчусуң. Азыр бир аз салмак кошуп, келбетиң өз калыбына келип калыптыр...
– Рахмат, чындыгында, баламды төрөгөндөн кийин арыктап, 43 килограмм болуп калгам. Азыр өзүмдү карап, спорт менен машыгып салмак коштум. Эл "диета кармайт" деп ойлошу мүмкүн. Ашказаным ооругандыктан тамаксыз тура албайм. 2 саат сайын тамактанам. Өзүмө деле арыктыгым жагат. Боюмда бар кезде 15 килограмм салмак кошуп кыйналып кеткем.
– Көбүнчө аялдар төрөгөндөн кийин депрессияга түшөт эмеспи. Сенде дагы ошондой болду беле? Ал абалдан кантип чыккансың?
– Былтыркы маектеримди окуп алып "көрсө, нерв болуп жүргөн экенмин" деп ойлоп калам. Депрессияга көбүнчө уйкунун аздыгынан кабылат экенсиң. Биринчи балаң болгонго "Баарын туура кылып жатамбы?" деп кыжалат боло бересиң. Бир убакта иштеп, үйдөгү милдетти аткарып, бала багып кыйналдым. Ошондо ачуум чукул болуп, бирөөнүн сүйлөгөнүнө кыжырым келип беттен алып, таарынчаак да болуп кеткем. Апам "эмне болуп жатасың?" деп көп айта баштады. Өзүмдү сыртымдан карасам, көп нерсени туура эмес кылып жатыптырмын. Жакындарымдан да сындарды угуп, депрессиядан чыгууга аракет кылдым. Буга жол көрсөткөн адам болуш керек, мага апам жардам берди. Кудайга шүгүр, ал күндөр да өттү. Балаң чоңоюп, өзүңдү карап калганда жан дүйнөң тынч алып өз калыбыңа келет экенсиң.
– Жеке жашоого байланыштуу ыңгайсыз суроо болушу мүмкүн. Ошентсе да берейин. Сени "ажырашып кетиптир" деген сөздөр айтылууда...
– Жеке жашоом тууралуу азырынча маалымат бербей эле коёюн. Убагы келгенде бул суроого ачык жооп берем.
– Гастролго чыкканда балаңды ким карайт?
– Былтыр гастролго баланы көтөрүп алып, үй-бүлөм менен чыккам. Балам Даян 2 жашка толду, аны караган киши көп. Көбүнчө таята, таенесинде калат. Аларды "ата, апа" дейт. Жаш кезде иштеп, үй салып алайын. Шайлоо маалында иштеп үйлүү болууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок жаңы төрөп, биринчи жолу эне болуп жаткандыктан балама мээримимди төккүм келип сунуштардан баш тарткам.
– Макул, анда кептин нугун чыгармачылыкка буралы. Клиптериң арты-артынан чыгып чыгармачылыгың жанданып баштады. Дагы кандай жаңылыктарың бар?
– Жакында Москвага 3 күнгө концерт коюп келдик. Буюрса, май айында түштүк жергесине гастролго чыгам. 10 күндүк турне Баткенден башталат. Кайрадан талыкпай иштей турган маал келди окшойт. Анткен менен чыгармачылыгым токтоп деле калган эмес. Боюмда бар кезде, төрөгөндөн кийин деле ыр жаздырып жаттым. "Турмушка чыккандан кийин үйдө эле отурбайбы" дегендер болот. Бул жумуш менен нан таап жаткан соң кантип таштайсың? Эсептеп көрсөм, кийинки жылы сахнада жүргөнүмө 10 жыл болот экен.
Шоу чөйрөнүн өкүлү бир калыпта жүрө берсе элди тажатып жиберет. Ошондуктан өзгөрүп туруубуз абзел. Мен ар кайсы тараптан өзүмдү сынап көргүм келет. Эл "бул өзүн таппай эле ар кандай боло берет" деп ойлошу мүмкүн. Албетте, өзгөрүүнүн да чеги болот.
Мен өтө ачык кийинбейм, ага башынан эле каршымын. Өткөндө сиздердин гезиттин биринчи бетине ийини ачык көйнөк кийип чыкканым үчүн катуу сынга кабылдым. Шоу чөйрөнүн, деги эле азыркы заманбап кыздардын көбү кыска, ачык кийинип жүрүшөт. Элге болсо меники эле көрүнүп калганына таң калам. Бир чети сүйүндүм "жабык кийинип жүрүп күйөрмандарымды көндүрүп койгон турбаймынбы" деп.
– Сен унаа айдап баратып ырдап, бийлеген видео социалдык тармактарда талкууга алынды. Бул жол эрежесин бузууга жатат да...
– "Папито" деген ырды аябай жакшы көргөндүктөн берилүү менен ырдап жатканымды дос кызым тартып алган. Мындай жорук өзүмдүн да, башка бирөөнүн да өмүрүнө кооптуу. Бирок мен унааны абайлап башкардым. Видео интернетке жайылып, мени "сендейлердин айынан канча адам каза болуп жатат" деп каргап жатып калышты. Сайттардын бири "Эмне үчүн рулда баратып коопсуздук курун тагынган жоксуз? Жол эрежесин бузганыңыз үчүн айып пул төлөңүз, муну эл талап кылып жатат" деп чалышты. Мен "мамлекетке ушунчалык зарыл болсо төлөгөнгө даярмын" десем ошол боюнча чалбай калышты.
– Кийин бул ырды жаздырып ырдап да чыктың?
– Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын солисти болуп иштейм. Ал жакка араб улутундагы делегация келер алдында атайын араб тилиндеги популярдуу ырларды попурри кылып "Папитону" кошуп жаздыргам. Соцтармактагы баракчама жүктөп койсом, казактардан күйөрмандар пайда болду, иштешүү боюнча сунуш түштү. Жакшы сунуш, жакшы акча. Бирок тааныбаган адамдар менен иштешүүдөн корктум.
– Интернеттеги баракчаңа сүрөт же видео жүктөп "мени жаман көргөндөр, эми каргагыла" деп жазып каласың. Сага карата негатив жазгандар көппү?
– Мен аны какшыктап жазам. Канымда атамдан өткөн чагып алмай жайым бар да (күлүп). Видео киргизсем эле каргай беришет. Бирок жакшы сөз айткандар да аз эмес. Комментарийлерди окуй берип элдин түшүнүгүн билип калдым. Сүрөт киргизип жатып "азыр ушул жериме асылат" деп ошону жазып коём. Элдин сынын туура кабыл алам. "Кара тизмеге" чектен ашып сөккөндөрдү, туура эмес маалымат жазгандарды киргизем. "Жакпаса чыгып кет, караба!" дебейм. Эл адамы болгондон кийин сындайт да.
– Сени "чоң энедей сүйлөйт" дешет. Бул сөздөр ардантпайбы?
– Ооба, "чоң энедей, көптү көргөн аялдай сүйлөйт" дешет (күлүп). Мен аны моюнума алам. Мактангандай болбоюн, эми акылым жетип турса, көз карашым ошондой болсо күнөөлүү эмесмин да. Мен атайын даярданып сүйлөбөйм да. Мектептен эле ошондой болчумун. Китеп көп окугам, сөз байлыгымды кеңейткем. Макал айтуу боюнча мектептин чемпиону болгом.
– Маегиңе рахмат. Ишиңе ийгилик каалайбыз!
Динара Абдыкадырова
Замир Жумабаев
star@super.kg