Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

Бакыт Байсариев, шоумен: "АЯЛЫМ АЛМАЗ, ИШТЕП ЧЫКСА БРИЛЛИАНТ БОЛОТ"

№755 14-20-апрель, 2017-ж.


– Саламатсыздарбы? 16-апрелде мыйзамдуу түрдө баш кошуп, Бишкектеги ресторандардын биринде заманбап үлпөт той менен кошо кызыңыздардын жентек тоюн өткөрдүңүздөр. Той кандай өттү?
Бакыт Байсариев:
– Тойду болушунча жакшы өткөргөнгө аракет кылдык. Эң негизгиси, өзүм каалаган нерселерди ишке ашырып, купулума толду. "Эл – тараза, эл – сынчы" демекчи, тойдун кандай өткөнүн коноктор айтат. Тойго эч ким кара санап келбейт, баары жакшы тилек менен келишет. Ошондуктан каалоо-тилекти бир гана ата-энелерибизге айттырып, калган коноктор 5 саат бою чай-концерт, шоу көрүп, көңүлү ток эс алып кетишти. Баш-аягы 7 тамада конокторду тейлеп, аттуу-баштуу агалар, таланттуу жаштар биринен-бири өтүп, тамашалап айтсам, атаандашкандай сынак уюштурушуп, өзүнүн өнөрлөрүн көрсөткөнгө аракет кылышты.
Алия Асаналиева: – Тойдогу кыялданган нерселерим аткарылды. Өзүмө жаккан эң сонун үлпөт көйнөгүн кийдим. Мындай тойду мурда көрө элек болчумун. Өзүбүз дагы аябай эс алып, көңүлдүү отурдук.

– Бакыт мырза, кайын журтка кандай күйөө бала болуп жатасыз?
Б.:
– Кайын журтка барганда күндө 1ден тойдогудай сынактарды кылып жатам "күйөө бала келди, эми сынак!" деп. Тамаша. Күйөө бала кандай болмок эле? Отун жарасың, самоорго чай кайнатасың, эт бышырасың дегендей... Бирок буларды тамаша иретинде айтканым менен, эч нерсесин кылбайм. Анткени Көлдө күйөө баланы аябай жакшы сыйлашат. Куда сыяктуу эле төрдө жыргап, улууну урматтап, кичүүнү сыйлап мотурайып эле отурам.

– Атактуу адамдын жубайы болуу кандай экен?
А.:
– Чынын айтсам, оорураак. Анткени шоу-бизнеске мурда аралашкан деле эмесмин. Элдин көзүнө көрүнүп турасың, алар сени сындайт, сен жөнүндө кеп кылышат. Канча адам болсо ошончо ой болот, кээде биз тууралуу жакшы айтышат, кээде кемчиликтерибизди издеп турушат. Ошондо бир аз капаланам. Бирок жалпы жонунан жакшы экен.

– Жубайыңыз кайсы сапаттары менен көңүлүңүздү арбап алды?
Б.:
– Биринчи сулуулугу менен арбап алды. Татынакай, акылдуу, тартиптүү, жумуштун баарын кылат, жашы 19да болсо да токтоо. Кыскасы, бардык сапаты жагат.
А.: – Бакыт байкенин мүнөзүн сүйлөшүп жүргөндө эле байкап, турган турпаты менен жактыргам. Өзгөчө жөнөкөйлүгү, түшүнүктүүлүгү, ар ким менен тил табыша билгендиги жагат.

– Айымдар жакшы сөздөрдү, жагымдуу белектерди жактырат эмеспи. Жолдошуңуз белек берип сизди кубантып турса керек?
А.:
– Ой, белектери абдан көп (жылмайып). Айрымдарын санай кетсем, алгачкы чоң белеги былтыр сатып берген Toyota RAV4 үлгүсүндөгү унаа болду. Жарым жыл өтпөй Porsche Cayenne үлгүсүндөгү экинчи унааны белек кылды. Кайра 3 айдан кийин Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа белек кылды. Анан алгачкы белек кылган унаасын сатып, азыр кийинки белекке алган 2 унааны алмак-салмак айдап жүрөм.
Б.: – Унаа сатат экен деп ойлобогула, болгону ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр чыгып калды.
А.: – Акыркы чоң белеги менин кыялымдагы белек болду. Менин кесибим эсепчи болгону менен, сулуулук салонунда визажист болуп иштечүмүн. Үлпөт тоюбуздун урматына жолдошум 2 сулуулук салонун ачып берди.

– Чыгармачыл адамдар күн-түн иштеп, алыскы сапарга көп чыгышат эмеспи. Ортодо кызганычтар жаралбайбы?
Б.:
– Ачыгын айтсам, алыс жакка барсам деле учак менен кайра келип калганга шарт бар. Өтө алыска кетсем ашып кетсе 1 жума командировкада жүрүшүм мүмкүн. Андайда, Кудайга шүгүр, өнүккөн заманда жашап жатабыз, телефон менен сүйлөшөсүң. Бир аз сагыныч эле болбосо, кызганыч мен тараптан болбойт, анткени мен жубайыма толугу менен ишенем, жубайым да мага ишенет. Экөөбүз тең башкалардан кызгануу дегенди билбейбиз, издешпей табышканбыз. Башында Алия мени менен тойлордо 3-4 ай чогуу жүрдү. Кыздар күлүп-жайнап келип "сүрөткө түшүп алалычы" дешет. Бир ирет бул "тажаган жоксуңарбы?" деп сурады. "Сүрөткө түшкөндөн кантип тажамак элем?" деп тамашалап койгом.
Күйөрмандардын катарында турган адамдарда эч кандай айып жок. Мага деле, мисалы, Женнифер Лопес, Жессика Альба, Анжелина Жоли жагат. Алар жөн эле жагат. Ал эми сүйгөн адамым бир гана жубайым болуп жатпайбы. Алияга деле Брэд Питт, ыраматылык Майкл Жексон жагат. Чынын айтайын, Жастин Бибер дегенде "просто" чалкасынан жыгылып калат.

– Жастин Бибер сыналгыда ырдап жатса башка каналга которуп салбайсызбы?
Б.:
– Жок, ай. Сөздүн ачыгы, андан кызганганда эмне?!
А.: – Мен дагы толугу менен Бакыт байкеге ишенем. Кызганычтын дагы чеги болот деп ойлойм. Жолдошум алыста жүргөндө телефон чалып "Каяктасыз?" деп абалын сурап турам, антпесең да болбойт. Ал эч кандай кызганууга жатпайт. Жолдошум колунан келишинче бош убактысын биз менен өткөргөнгө аракет кылат.

– Жолдошуңуз той башкаргандай эле үй жумуштарына да тың бекен?
А.:
– Үй жумуштарынын бардыгын өзүм бүтүрүп коём. Колумдан келбесе да жасаганга аракет кылам. Жолдошум жумуштан чарчап келсе "муну кыл, тигини кыл" деп айткым келбейт. Ал үйгө жумуш кылганы эмес, эс алганы келишин каалайм.
Б.: – Электрик жарыкты өчүрүп кетсе, ошону дагы өзү жасап коёт.

– Сизде дагы чыгармачылык "чымындар" барбы?
Б.:
– Мында талант көп. Өзү айтып берсин, болбосо мен айтып берем!
А.: – Талантым деле жок.
Б.: – Кантип жок? Алия, айт бол!
А.: – Кичинекей кезимде клиптерге тартылган өтө жакчу. 14-15 жашымда Арман, Автандил деген ырчылардын клиптерине тартылгам. Кийин "Мисс Дива-2014" сулуулук сынагына катышып, "Сыйкырдуу сулуу" наамын алгам. Анан ата-энем "бул жөн гана хобби, окуу болсо келечекте керек, оку" дешкенинен бул иштерди таштагам.
Б.: – Бул ырдайт, бийлейт, актрисалык жөндөмү, сулуулугу бар көп кырдуу талант. Башкача айтканда, жубайым иштетиле элек алмаз да. Муну жакшылап иштетсең сонун бриллиант келип чыгат. Азыр кайсы кырын тазалап, кайсы тармагын өнүктүрөрүмдү билбей жатам. Бирок өзү актрисалыкка кызыгат. Мен жубайыма колумдан келген жардамымды берем. Элдей кылып бала бактырып үйдө отургузуп койбойм. Бала бакса 1-2 жыл багат, андан кийин өзүнө жаккан иш менен алектениш керек да.

– Бири-бириңиздин кемчилигиңиздерди байкадыңыздарбы?
Б.:
– Биз кыз-жигит кезибизде эле бири-бирибиздин сырыбызды, мүнөзүбүздү билчүбүз. Анан үйлөнүп, кыздуу болдук. Үйдө өйдө-төмөн болот, урушасың-талашасың, ошентсе да бүгүнкү күндө бири-бирибизге "точно" керек экенибизди билип, түшүнүп калдык.

– Уруш-талаш көбүнчө эмненин айынан чыгат?
Б.:
– Урушат-талашат десе согушат, үйдө "Counter-Strike" болот деп ойлобогула (күлүп). Эркелешүү үчүн эле майда-чүйдө нерселерден талаш чыгат. Канал талашуу же болбосо "таштандыны сен төк", "дүкөндөн нанды сен алып кел" деген сыяктуу талаштар болот. Ошол нерселерди чечиш үчүн мелдешебиз. Ким утулса, ошол кылат. Кээде тамак ичип болгондон кийин "морской закон" деп чуркап кетем. Алия менден биринчи туруп чуркап кетсе, айла жок акыркы калганым үчүн идишти мен жууп коё берем.

– Кызыңыздардын кылыгы чыгып калса керек? Аны көргөндөр кимге окшоштурушат?
А.:
– Айчолпондун кебетесинин 50 пайызы мага, 50 пайызы атасына, ал эми кылыктары 100 пайыз атасына окшош. Жадакалса жытына чейин, тердегенине чейин атасына окшош.
Б.: – Кызымдын моюнунан өйдө меники, моюнунан ылдый апасыныкы да. Калганынын баары Жаратканыбыздан.

– Кызыктуу маек куруп бергениңиздер үчүн ыраазычылык! Үй-бүлөлүк бакыт каалайм!

"Кызыбыз Айчолпондун кылыктары чыгып калды".


Асхат Субанбеков
Жаныбек Султанбеков
star@super.kg


Байсариев: "Балдарым Алияны эже дешет, мени жумушка кетти деп ойлошот"

Автор: Таттыбүбү Садырбекова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(165)
26.04.2017. 15:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
101
Катталган:
14-04-2014
Соӊку аракети:
23-08-2018 23:29
Жынысы:
Белгисиз
+11
bakyt baikenin kozun mai basyp kalgan okshoit jakshy ish kylvady tuboluk bakyt kaalaim birok kozum jetpei jatat. jashoo bashtalbaivjatyp idishti aila jok juusa kiiin aila jok baaryn kylat
26.04.2017. 20:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
200
Катталган:
19-04-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 14:45
Жынысы:
Белгисиз
+21
Кандай эле ушу артисттердин аялдары "таанычу эмесмин"дей беришет.Мага Омар жагат.Тааныбайм сени деп барып,таанышсам окшойт)))
26.04.2017. 21:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
13-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:47
Жынысы:
Белгисиз
+25
Сулуулук деле коро алгвн жокмун
Жыланга окшош аялы ьар экее. Аа бакыт озу жузунон кетиптир. Козумо жаман корунду экоо тен. Наргиза акылдуу аял экен инстаграмдан туз байланышка чыкканда жакшы акылдуу суйлойт. Мен убакытка койдум баарын убакыт корсотот деп койду буларды.экоонун келечеги коргон жокмун.аялы машинасын санап бутпой койду.ушунтуп башка гезиттен эле окугам машина апепди деп санап чыкканын.уят деле жок го.кыздын озу ата энеси барбы же машина берсе кызын берип койдубу.
28.04.2017. 13:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
215
Катталган:
10-06-2015
Соӊку аракети:
15-06-2018 17:25
Жынысы:
Белгисиз
+7
love.me.again,ооба сур жылаанга окшош экен.Экинчисин ото эле мактап коюптур,мактаган кызы тойдо ХХХ болбосо болду.Негизи жашоо Байсариевге окшогон адамдардын созун жокко чыгарып,тенирден тескери нукка буруп коет го.Наргиза тогорогу топ келген жакшы аял,сулуу десен сулуу,акылдуу ,куйумдуу,бой которбогон токтоо жан.Алия болсо тескерисинче Байсариевдин акчасына,,шоу дуйносундогу жашоосуна кызыккан.Кесиби эсепчи экен,алдын ала пландалган расчёт менен Байсариевди озуно баш ийдирип алган.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-28 14:03:54
30.04.2017. 00:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
144
Катталган:
06-02-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 00:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
убактылуу жашоодо!!!
+2
Drongo,суур жылан ден .......
04.05.2017. 19:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
29-04-2017
Соӊку аракети:
31-07-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
-1
love.me.again, напишите Инстаграм его первой жены
26.04.2017. 22:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
12-03-2013
Соӊку аракети:
05-09-2018 02:35
Жынысы:
Белгисиз
-1
Омеей комент окусам тим эле укмуш гоо)))эмне кереги бар бирөөлөрдү сындап,жамандап.Негизгиси бактылуу болушса болду да.Эртеңки күнү биздин да башыбызга эмне келет,кандай болуп кетет бир Аллах билет.Ошондуктан азыркы заманда бирөөлөрдү сындап,сөз айтуудан деле алыс эле болгонубуз жакшы го дейм.
26.04.2017. 22:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бир жарым жыл бойдок журдум деп калп айтыптыр, байма бай супер инфодон тушпой тушоо той дагы тойлоду берип бактылуумун деп журду эле го калп айтпасам мурунку аялы менен чынынды айтсан жакшы болмок уят
Super TV
26.04.2017. 23:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
22-09-2016
Соӊку аракети:
18-05-2017 23:39
Жынысы:
Белгисиз
+14
Балдары тууралуу айтып баштаганда, журогум ооруп, ыйлагым келип кетти. Ата эне ажырашса аларга эч нерсе болбой, бат эле уйлонуп, турмушка чыгып кетет. Бул баягы эле шору бар, куноосу жок балдар кыйналат!!! урматтуу жаштар, турмуш курарда жакшылап ойлонуп, анан уйлонгулочу, кайран балдарды ЖЕТИМ кылбайлычы...
27.04.2017. 05:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
29-11-2007
Соӊку аракети:
24-09-2018 05:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
France
+9
tan kalyshtuu, kantip ele Bakyt Baisarievdi bul kyz taanybady eken deim daa, XXX kyz okshoit dep oilop kaldym, misaly men 17jyldan beeri Fransiyada jashap tursam dagy Bakyt Baisariev kim ekenin jakshy bilem.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-27 09:28:30
27.04.2017. 06:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
29-11-2007
Соӊку аракети:
24-09-2018 05:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
France
+7
menin oiumcha Bakyt maktaanchaak, bul jash kyzdy bailygy menen azgyryp aldy go deim, Aliya suluu dele emes eken, emmi albette Bakyt uchun suluu okshoit, kirpikteri kashtary but jasalma go, murdagy ele aiyaly suluu go dep oilop kaldym.
27.04.2017. 06:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
123
Катталган:
29-11-2007
Соӊку аракети:
24-09-2018 05:21
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
France
+5
bardyk ishterdi kylat dep atpaiby, birok musor chygarmai, nan alyp kelish uchun provlemma bolso anda ishenish jok .
Super TV
27.04.2017. 06:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
30-09-2015
Соӊку аракети:
26-06-2018 17:59
Жынысы:
Белгисиз
-10
Эн эле биринчи бакыт каалайм баары жазылган жазылгандай болуп жатат.
Туура эл билип билбей суйлой берет сын тагып жатат болбосо озунун эжеси эринен ажырап уйдо отурат ал менен иши жок. Карындашы четте журот коргоосуз ал менен иши жок.
Аялынын сулуулугу силерге эмне кереги бар. Озуно жакса болдуда. Жашын айтып жатасынар 12 жаш Деп коркунучтуу эч нерсе жок
Бакыт каалайм улгулуу уй Було болуп журо бергиле
Элдер сын тага берет. Конул бурбагыла оздорунун жашоосун билип бил
27.04.2017. 11:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
22
Катталган:
11-08-2014
Соӊку аракети:
06-09-2018 14:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кадамжай (азыркы учурда масквада жашайт)
0
ха ха ха хъа ха
Super TV
27.04.2017. 13:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
18-04-2018 14:35
Жынысы:
Белгисиз
+7
Өзү да атасыз өскөн экен эле. Ата мээрими жетишпегендик эмне экенин билбесе да бир жөн. Байкуш балдары. Аялына жалко. Фундаментин түзүп, баарын бүтүрүп, ордуна койгон соң, даяр орунга жаш кызды коюп койгонун кара мунусунун. 2 жыл мурун сүйсө анда семьясы бар туруп сүйгөн экен да. Ортодо болсо бир жактуу гана сүйүү. Бакыт эле сүйөт жаш кызды. А анысы байлыкка азгырылган бир}
Super TV
27.04.2017. 13:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
08-02-2016
Соӊку аракети:
18-04-2018 14:35
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бирөөнүн көз жашынын үстүнө бакыт куралбайсың дешет. Кайтар дүнүйө. Уялбай дагы Алияга каттуу тийип атат дейт. Биринчи аялына, балдарына оңой көрөт окшойт бул шоумен болмуш. Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат. Байлыгы болбосо жаш неме тиймек турсун, карамак да эмес. ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-27 14:51:02
27.04.2017. 16:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
29-03-2017
Соӊку аракети:
31-10-2017 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биринчисин таштап кеткен эркек эртен экинчисин таштабайт деп ким кепилдик берет?Буга окшогондор ертен бул аялы кичине картайса мындан жаш сулуусун издеп баштайт!
27.04.2017. 18:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
27-01-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакыт, ХХХ экенсин!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-28 09:46:52
28.04.2017. 09:53 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
+1
Karaan, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
27.04.2017. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
120
Катталган:
22-09-2015
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:14
Жынысы:
Белгисиз
+2
Болду эми Бакытты тойлорго чакыргандан баш тартышат
27.04.2017. 22:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
22-06-2013
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+4
Соз жоок аябай эле мактанышыптыр ошол хансарай уйду машиналарды салондорду биринчи аялы Наргизанында мээнетти чоон болуш керек кызы менен баласына жаман болду балдарын тируулой жетим кылып аябай окунучтуу чымчыктында уясы бузулбасын
27.04.2017. 22:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
55
Катталган:
01-02-2017
Соӊку аракети:
19-09-2017 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жумуштун баарын озум кылып койом дегени эмне? Нанды сен алып кел мен алып кел дегени эмне? Аялы кыйын экен. Бакыт байке баарыбир аны сезбейтда эми. Жаш кызга алданып
28.04.2017. 08:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
328
Катталган:
29-06-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 01:08
Жынысы:
Белгисиз
+4
Моюнунан ылдый апасына окшош деп суйлоор созун билбеген ХХХ экен го,эшегине жараша тушоосу деп бекер айтылган эмес да. Бироо эшиктен кирип келип аялын сен айбансын деп ачууланып кыйкырса,анда аялы ооба айбан экенимди билем сени менен акылдуу адам жашабайт деген экен. Бакыттын биринчи аялы акылдуу учун мунун тени эмес экендигине ынанып ажырашууну эп корсо керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-04-28 09:37:50
30.04.2017. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
10-11-2016
Соӊку аракети:
07-05-2017 21:51
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977,
28.04.2017. 14:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
13-05-2013
Соӊку аракети:
04-09-2018 15:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+5
атасы менен кызындай корунот экенсинер. девочка конечно симпотичная, но Бакыт айткандай мисс эмес). негедир кыжырым келди экооно.Наргиза эже бактысын тапсын.
28.04.2017. 14:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-02-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 02:43
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+3
Бакыт байке дейби...Экоонун ортосунан "суйуу" коро албадым негедир,мактанчаактыкты кордум.Албетте,бактылуу болушсун бирок,баарибир биринчиге жетпейт.Б.Байсариевдин биринчи аялын ото жакшы тушунуп турам.Аллах сабыр берсе баарын женет.
Менин да жолдошум экинчи аял алып бир жыл жашабай кайра экообуз жарашканбыз Аллага шугур.
28.04.2017. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 10:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
aku91,Baktyluu bolunuz, sabyrduular baaryn jenet
28.04.2017. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
139
Катталган:
13-02-2017
Соӊку аракети:
21-09-2018 10:56
Жынысы:
Белгисиз
+4
adam kunoonu kop jasasa betinen nuru kete bashtait. Kommentterdin kobundo ushul nerseni dalildep jazyshyptyr.
28.04.2017. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
53
Катталган:
13-11-2013
Соӊку аракети:
06-08-2018 08:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биринчи аялына жасагандай жорукту экинчи аялына жасай албайсын себеби ал биринчи аялындай кечиримдуу боло албайт.Кондурса кайра эле биринчи аэродромго эле коносун журуп журуп буюрса бирок...
29.04.2017. 01:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
15-07-2013
Соӊку аракети:
03-09-2018 02:54
Жынысы:
Белгисиз
29.04.2017. 11:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
213
Катталган:
04-06-2009
Соӊку аракети:
13-05-2018 12:25
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эл суйлой берет эч качан ирээнжибениздер,эл оозунда элек жокда.Билбейт алар сиздин откон турмушунузду.Мындан ары эн бактылуу болуп жашаныздар!Только вперёд!Эмне сиз эле бекенсиз бул дуйнодо ажырашкан!Чокпогуло только башты бийик которуп журо бериниз!
30.04.2017. 13:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
10-11-2016
Соӊку аракети:
07-05-2017 21:51
Жынысы:
Белгисиз
+6
Первая Жена-ОТ БОГА!!!! А вторая от черта... дечу беле....
30.04.2017. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
28
Катталган:
02-02-2012
Соӊку аракети:
01-12-2017 09:13
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи аялынын аты жонун айтып коесуздарбы.
01.05.2017. 02:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
17-10-2016
Соӊку аракети:
26-07-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
0
19 жаш дейби??? Бакыт байкеси канчада болду экен?
11.05.2017. 02:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
175
Катталган:
12-12-2014
Соӊку аракети:
17-08-2018 21:34
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта бет деле жок. Аман болсун 1 катыны менен эле ХХХ жашай берсе болмок. Кыздардын жашоосун бузбай. Озунун ХХХ жетпеген кишида. Аман более.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-05-11 10:37:13
11.05.2017. 10:46 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4715
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 19:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
ZHaziko, этика нормаларын сактаңыз.
Медиа-портал
27.08.2017. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
10-03-2018 15:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Улуу кыргыз доолоту
0
Бактылуу болушсун деп жазгым келди эле бирок кайрадан негедир колум барбай койду. Здесь что то не то конулумо толгон жок создору, жасалма эптеп-септеп ортодо гармония жок. Кыз жаш а Бакыт кын этпей баш ийген аялга озуно комфортно болуш учун уйлонгон окшойт. Биринчи аялы кыйын корунгон тыпылдып кээ бирки эркектерге аялы озунон кыйын болуп турган жакпайт да
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21193;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: