– Саламатсызбы, Нурланбек мырза? Сиздин буга чейинки журналистика тармагындагы жетекчилик тажрыйбаңыз мол. Жаңы телеканал ачууңуздарга эмне түрткү болду?
– Саламатчылык. Жаңы телеканал ачуубуздун негизги себеби, өлкөбүздөгү телеканалдардын экиге бөлүнүп калгандыгы. Биринчиси оппозициялык маанайда болсо, экинчиси бийликчил көз карашта. Тактап айтканда, бир тараптуулук өкүм сүрүп, ар тараптуу көз караш жоголду. Бул маалымат каражаттары бийликти мактайт же бийликти жамандайт. Ал эми эл болсо кимисине ишенерин билбей калды. Мындан улам менин мурда телеканал башкарганымды билген адамдар мага "жаңы телеканал ачсаңар болбойбу? Элге чындыкты айткан. Болгонун болгондой көрсөткөн" деп көп кайрылышчу болду. Биз да бул идеянын үстүндө ойлонуп жүргөнбүз. Кийин мекенчил жаш ишкер жигиттер байланышып, жаңы телеканал бар экенин, бирок толук форматта эфирге берилбей жатканын айтып калышты. Мен да бул ойду ойлоп жүргөнүмдү, эгер артыңарда саясатчылар жок болсо, телеканалды бирге ачып, иштетели деген сунуш киргиздим. Алар эч кандай саясий күчтөр жок экенин айтышты. Ошентип көз караштар туура келип, бир нече ирет жолугушуу өткөрүп, иштеше баштадык.
– Учурда өлкөдө ар кандай телеканалдар бар. Бирок көпчүлүгү атаандаштыкка туруштук бере албай көрүүчүлөрүн жоготууга дуушар болуп келишет. Сиз башкарган телеканал бул сыноого туруштук бере алабы?
– Албетте, медалдын бул бетин да эске алганбыз. Телеканалыбыздын атын эл аралык деңгээлге чыгаруу максатыбыз болгондуктан, латын тамгалары менен жазууну туура көрдүк. Кыскартылып NTV ал эми толук аталышы "New Television" болот. Буюрса, май айынын башынан биринчи эфирибизди берип баштайбыз. Учурда бардык акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык жабдыктарыбыз даяр. Эмгек жамаатыбыздын саны 50гө жакын болуп, жарымы жаш, жаңыча ой жүгүрткөн кадрлар. Ал эми жарымы такшалган адистерден куралган. Жакынкы келечекте Кыргыз өлкөсүнөн сырткары Орусиянын Москва жана Екатеринбург шаарларында, Түркия, Казакстан жана Түштүк Кореяга өкүлчүлүктөрүбүздү ачабыз. Бул аймактарда кыргызстандык мигранттар көп болгондуктан, мындай кадамга барууну туура көрдүк. Бирок бул иштер алдыда жасалчу пландардан. Андан сырткары телеканалдын сайты кошо ачылып, спутникке чыгуу иштери жүрүүдө. Берүүлөрдүн 70 пайызы кыргыз тилинде болуп, 30 пайызы орус тилинде чыгат. Мен өзүм ЭЛТРди жетектеп турганда чет өлкөлүк телеканалдар менен байланыш түзгөн элем. Буюрса, азыр да түркиялык каналдар жана BBC компаниясы менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Алгач суткасына 17 сааттык берүүлөр менен телеканалдын иши башталат. Анын ичинде жаңылыктар күнүгө 5-6 жолудан көрүүчүлөргө тартууланат.
– Жаңы телеканалдын негизги көзгө басар өзгөчөлүгү эмнеде болот?
– Биздин телеканалыбыздын негизги өзгөчөлүгү – нейтралдуулукту сактап, коомдо болуп жаткан окуяларды ыкчам, так элге жеткирүү. Берүүлөрүбүздүн негизги бөлүгүн саясат эмес, маданият, тарых, табият жана акыркы жаңылыктар ээлейт. Саясий темалар жаңылыктардын ичинде гана берилип, андан сырткаркы саясий көрсөтүүлөр дээрлик жок болот. Учурда элибиз саясаттан тажады. Биздин милдет – коомубузда агартуучулук милдетти да кошо аркалоо. Жалаң эле коомдогу терс көрүнүштөрдү көрсөтө бербей, оң жактарыбызды да көбүрөөк көрсөтүүгө аракеттенебиз. Анткени коңшу өлкөлөр да биздин жакшы жактарыбызды көрүшү керек да. Антпесе биздин көпчүлүк ЖМКлар өлкөнүн маалымат коопсуздугуна жана аброюна олуттуу маани бербей келишет.
– Бардык эле жаңы ачылган жалпыга маалымдоо каражаттары "биз нейтралдуу болобуз" деген ниет менен ишке киришет. Бирок көп өтпөй бир тараптуу маалыматтар чыга баштайт. NTV телеканалын да ушундай тагдыр күтүп калбайбы?
– Ооба, аябай туура айттың. Баштапкы принцибинен тайып кеткендердин көпчүлүгүнүн түзүүчүлөрү саясатчылар болушат. Ал эми биздин телеканалды жеке ишкерлер, саясаттан алыс адамдар түптөп жатат. Бул маселени биз да көп ойлондук жана нейтралдуулук дайым сакталат деп сүйлөштүк.
– Маегиңиз үчүн рахмат! Жаңы ачылган телеканал коомубузга көп пайда алып келсин!
– Рахмат! Силердин жамаатыңыздарга да ыраазычылык билдирем!
Бектур Токтоноев
Алишер Алиев
star@super.kg