Кеңсебизге Дамир Токтосунов кайрылып, көпчүлүктүн көңүлүнө жаккан Кудайберген Кутуев ырдап жүрчү "Туулган күн" аттуу ырдын автору экенин билдирди. Өз кезегинде биз ал ырдын тарыхы тууралуу кеп козгоп, чын-бышыгын аныктадык.
– Дамир мырза, Кудайберген Кутуев ырдап жүрчү "Туулган күн" ырынын авторумун деп жатасыз. Бул ырды кандайча жазып калгансыз? Обону да сиздикиби?
– Мен өзүм Жалал-Абаддын Майлы-Суу шаарынан болом. Агаларым ырдап, тамадалык кылып жүрүшөт. Мен да аларды ээрчип жүрүп, 3-4-классымда аккордеон ойногонду үйрөнүп алдым. 1996-жылдан тарта анча-мынча обон чыгарып баштадым.
1998-жылы достор менен туулган күнгө баратканбыз. Эсимде, дал ушундай жаз келип жаткан учур болчу. Көңүл көтөрүлүп турган учурда капыстан "бүгүн майрам, бүгүн той деп, ушул жаздын күнүндө" деген кайрыктар келип калды. Кыңылдап ырдай бердим. Анан бир жуманын ичинде ырдын обонун, сөзүн да толук чыгарып бүттүм.
– Бул ырды өзүңүздүн аткарууңузда элге жайылткан жоксузбу?
– Ал кезде Кубик Калыков Кыргыз өлкөсүн кыдырып концерт коюп жүргөн. Аны менен жакындан тааныш болуп калганбыз. "Туулган күн" аттуу ырды биринчи Жалал-Абаддын "Нур" телеканалы аркылуу элге ырдап бердим. Аз өтпөй Бишкекке келдим да, Кубик Калыковго аранжировка жасатып, мамлекеттик телеканалдын "Алтын микрофон" аттуу телеберүүсүндө ырдап чыктым. Ошол учурда "Ош базардын" жанында үн жаздыруучу студиялар бар эле. Элге жайыла берсин деп ырды ошол студияларга таштап, Майлы-Сууга кетип калдым.
– Кудайберген Кутуев бул ырды кандайча ырдап калган?
– Чынын айтсам, кандайча ырдап калганын билбейм. Анын ырдап жатканын деле билген эмесмин. Майлы-Сууга концерт коюп келген ырчылар, ошол эле Кубик Калыков, Бек Борбиев "сенин ырыңды ырдап жатат" деп айтышты. Элес деле алган эмесмин. "Ырдаса ырдай берсин" деп койгом. Эми гана жубайым "өзүңүздүн ырларыңызды ырдап чыгыңыз. Автору сиз экениңизди эл билсин" дегенден кийин чындыкты ачыкка чыгарып коюуну эп көрдүм. Мурда көңүл да бөлбөптүрмүн.
– Кудайберген Кутуев менен жолугуп, такташып алганга мүмкүнчүлүк болгон жокпу?
– Мен анын атын эле укпасам, жакындан тааныбайм деле. Бир да жолу жолугуп сүйлөшкөн жокпуз. "Менин ырым" деп ырдап жүрчү экен. Автордун атын атап эле ырдап койсо жакшы болмок. Эми ал кез өттү-кетти. Азыр да көбү бул ырды Кудайберген Кутуевдин ыры деп билишет. Аваз Акимов ырдап жүрөт. Укканыма караганда, ал деле ырдын автору ким экенин так билбейт.
– Ыр сиздики экенин ким тактап бере алат?
– Ырдын биринчи аранжировкасын жазган Кубик Калыковдон сурасаңар болот.
Кубик Калыков, ырчы, куудул: «ЫРГА КУТУЕВДЕН МУРУН ДАМИР АРАНЖИРОВКА ЖАСАТКАН»– "Туулган күн" аттуу ыр Кудайберген Кутуевдики эмес. Аны даана айта алам. Бул ырды Дамир мага 1998-жылы "аранжировка жасап бериңиз" деп алып келген. Ал кезде мен Сыймык, Бек, Динарага үйдө отуруп аранжировка жасап берчүмүн. Ыр Дамирге таандык болуш керек. Сөздөрүнүн автору ким экенин так билбейт экенмин. Сурабаптырмын. Негизи Дамир жакшы обондорду жаратып калат. Башка да жакшы ырлары бар. "Туулган күн" аттуу ырды Дамир жасатып кеткенден кийин, бир топ жылдан соң Кутуев ырдап чыкты.
Мирлан Өмүралиев
star@super.kg