Ырчы Темир Назаров эми билек түрө ишкерликке киришти. Бул тууралуу ырчы мырза мындай дейт:
– Азыр бир гана ырчылык менен жан багуу кыйын. Ошондуктан башка ырчылар сыяктуу мен дагы ишкерлик менен алектенүүнү көптөн бери ойлонуп жүргөм. Эми ошол максаттарым ишке ашып отурат. Тагыраак айтканда, Кант шаарында Нурлан аттуу мырза экөөбүз балмуздак чыгарган цех ачтык. Учурда 30га жакын адам иш менен камсыз болуп, күнүнө 30 миң даана балмуздак чыгууда. Мен болсо балмуздакты элге жеткирүү менен алекмин.